Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Активистке байланышкан "Азия Моллдогу" окуянын сыры ачылабы?


Бишкектеги "Азия Молл" соода борбору. 11-август, 2022-жыл.
Бишкектеги "Азия Молл" соода борбору. 11-август, 2022-жыл.

Бишкекте "Азия Молл" соода борборунун унаа жуучу жайында "Тойота Камри" автоунаасынын алдынан табылган РГД-5 гранатасынын чыныгы же муляж экени белгисиз. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ага дайындалган экспертизанын жыйынтыгын чыгара элек.

Автоунаанын ээси, жеке ишкер Илгиз Шаменов ички иштер органдарына көрсөтмө берип чыкканын айтып, бул окуяны "Жетим-Тоону иштетүүгө каршы позициясы үчүн аны коркутуу аракети болушу мүмкүн" деген ойдо.

"Экспертиза жыйынтыгы чыга элек"

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы “Азия Молл” соода борборундагы "Тойота Камри" унаасынын астынан жардыруучу зат табылган окуяны териштирүү иши жүрүп жатканын маалымдады. 11-августта түшкү саат 13:55 чамасында милицияга “Азия Молл” соода борборунда токтоп турган машинеде бомба бар экени боюнча кабар түшкөн.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сайкал Садыбакасова автоунаанын алдына зым менен чырмалган абалда табылган болжол менен РГД-5 гранатасына окшош буюмга криминалистикалык экспертиза дайындалып, бирок жыйынтыгы чыга электигин белгиледи.

"Азия Молл" соода борборунун жер төлөсүндө "Тойота Камри" маркасындагы автоунаасынын алдынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгени аныкталган. Аталган факт Ленин РИИБдин эсепке алуу журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Андан сырткары зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө”.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы табылган РГД-5 үлгүсүндөгү гранатанын аскердик кол граната же болбосо машыгууга ылайыкталган үйрөнчүк граната экенин так аныктап, расмий билдирүүсүн жарыялай элек. Маалымат экспертизанын корутундусуна карап берилери айтылды. Кылмыш иши дагы мына ошого жараша квалификацияланып, козголорун криминалистикага адистешкен юристтер белгилешүүдө.

Шаменов: Кылмыш иши эмнеге козголо элек?

Ошол эле кезде социалдык тармакта айрым колдонуучулар аталган гранатаны "машиненин ээси өзү чырмап, байлап алып, анысын автожуучу жайдан байкап калган болуп, милицияга кабарлап, коомчулукка бүлүк салып жатышы мүмкүн" деген пикирлерин жазууда.

Ишкер Илгиз Шаменов бул боюнча кылмыш ылдам ишин козгоонун ордуна каралоо жүрүп жатканын айтып, жеке коопсуздугуна кабатыр экенин айтты.

Илгиз Шаменов, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты.
Илгиз Шаменов, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты.

"Эмне үчүн эки күндөн бери мага карата кол салуу аракети боюнча кылмыш иши козголо элек? Бул жерде кандай оюн жүрүп жатат? Эмнеге укук коргоо органдары үн катпай отурат? Экспертизанын жыйынтыгын алуу ушунчалык кыйын ишпи? Муну батыраак териштирип, кылмыш ишин козгоонун ордуна азыр социалдык тармакта мага каршы троллдорду жалдап алышып, алары болсо "Илгиз аны өзү коюп койгон, анысы муляж" дегенге чейин барып, мени карандай жерден каралап, терс пикирлерди жаратып жатышат. Мен өзүмдүн машинеме өзүм РГД-5 деген аскердик гранатаны байлап алып, анан салонго үй-бүлөмдү салып алып, ээн-эркин шаар аралап айдап жүрөт белем? Эмне мени жашоодон тойду дейсиңерби? Автоунаамдын астына мына ошол зым менен чырмалган гранатаны көрдүк. Ал бир жаман жолдо асфальттын кырына же ташка тийсе эле, жарылып кетмек экен. Мен жакындарымдын коопсуздугунан коркуп жатам. Бирок эки күндөн бери мага келип, гранатаны ким койгон кишини аныктоого аракет жасаган бирөөнү көргөн жокмун".


Табылган кол гранатанын сыртынан карап, экспертизанын корутундусун күтпөй эле, анын негизги сырткы белгилери боюнча советтик аскер өндүрүшүнөн чыккан РГД-5 үлгүсүндөгү граната деп алдын ала жыйынтык чыгаргандар да бар.

Гранатанын каяктан алынганын аныктоо маанилүү

Азыр журналист, мурдагы милиция кызматкери Семетей Аманбеков "Тойота Камри" автоунаасынын астына коюлган гранатанын каяктан алынганы абдан маанилүү экенин белгиледи.

"Негизи мына ошол аскердик граната каяктан алынды деген маселе бар. Аны каалаган жерден, каалагандай өлчөмдө сатып алууга же болбосо баратып эле бир жерден таап алууга такыр мүмкүн эмес. Бул эски советтик үлгүдөгү гранаталар азыркы аскер бөлүктөрүндө колдонуудан эбак чыгарылган. Бирок белгилүү болгондой мына ушул үлгүдөгү гранаталар мындан 5-6 жыл мурун Сирияда абдан көп колдонулганын окуган жайым бар. Мына ошол жагын ойлонуш керек. Бул гранаталар Сириядан келгендерден же ал жакка бараткандардан табылышы мүмкүн. Мунун тобокелчиги аябай жогору. Андагы жардыруучу заттын салмагы 110гр тротил зарядды түзөт. Албетте, бизде деле аскер кампаларында сакталып турушу мүмкүн. Мурда мушкер Руслан Абасовдун жолтандабасынын астына дагы мына ушундай үлгүдөгү гранатаны коюп, жарылып, каза тапканы белгилүү".

Фейсбукта бул окуя кызуу талкууга түшүп, аны "коомдук-саясий абалга таасир этүү үчүн атайын даярдалган чагым" дегендер да болду.

Анткени буга чейин Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы билдирүүлөрү менен коомчулукка белгилүү ишкер Илгиз Шаменов бул окуяны анын өмүрүнө коркунуч катары кабыл алып, себептерин минтип түшүндүрдү.

"Мен азыр муну жалгыз эле Жетим-Тоого байланыштырам. Мага буга чейин кысым болуп, кандайдыр бир илинчек издеп, эч нерсе таба алышпай, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу канчалаган видео кайрылууларыма эч кандай жооп бере алышпай жүрүшкөн. Эми мынтип муну ким уюштурса дагы, аныкталып, мыйзам астында жооп берүүгө тийиш. Мен өзүм гранатаны байлап алып, 6 жаштагы кызымды салып алып, ушинтип жүрөт беле? "

Илгиз Шаменов “Азия Молл” соода борборундагы автожуучу жайга токтоткон машинесинин астынан табылган РГД-5 үлгүсүндөгү аскердик кол граната жарылса, анда анын ичиндегилер эле эмес, андан 30-40-метрге чейин аралыкта турган башка адамдар дагы жабыркашы мүмкүн экенин айтып, Фейсбукка тасма жүктөгөн.

"Гранатанын кандай экени кылмыш иштин мазмунун аныктайт"

"Альфа-антитеррор" коомдук бирикмесинин төрагасы, атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков кол гранатанын чыныгылыгы же үйрөнчүктүгү бул иштин мүнөзүн аныктай турганын белгиледи:

Артур Медетбеков, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары.
Артур Медетбеков, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары.

"Биринчиден, бул граната Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы сүйлөп жүргөн оппозициялык маанайдагы жигиттин машинесине коюлуп жатпайбы. Экинчиден, гранатанын аскердик же үйрөнчүк экенин экспертиза аныктап, ачыгын айтыша элек. Ошол корутунду кандай чыкканына байланыштуу болот. Аскердик граната экени анык болсо, анда аны атайылап байлап, чекасын чыгарып зым менен тарттырып койгону анык болсо, анда бул нерсе бир эле мына ошол машиненин ээсине эмес, анда иштеп жаткан бир нече адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен пландалган террордук иш-аракет десек болот. Ал эми граната үйрөнчүк боло турган болсо, анда бул нерсе кандайдыр бир максатты көздөп, кимдир-бирөөлөргө эскертүү катары колдонулган көрүнүш болушу ыктмал".

Адистер экспертизанын жыйынтыгына карап, кылмыш иши козголорун белгилешти.

Илгиз Шаменов "Социал-демократтар" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG