Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Табарсыгы жарылгыча сабалган жоокер. Кылмыш иши токтоду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскердик бөлүктүн жоокери Бекзат Эсенбеков.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу (ӨКМ) Чүйдүн Беловодск айылындагы аскердик бөлүктөгү жоокердин катуу сабалышына байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Сот муну тараптардын элдешип алганы менен түшүндүрдү.

"Ата-энеси жалдыраганынан ушундай чечимге бардык"

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 8-августтагы чечими менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскердик бөлүктөгү Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча ишти токтоткон.

“Кармалган адам өтө оор эмес кылмышка айыпталып жаткан. Андан сырткары сот отурумунда жабырлануучу тарап элдешип алышканына жана материалдык чыгымы өндүрүлүп берилгенине байланыштуу ишти териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүч келтирген. Ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айткан”, - деди Биринчи Май райондук соттун өкүлү Айзада Момунова.

Аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбеков 1-июнда катуу сабалып, табарсыгы жарылып ооруканага түшкөн. Башкы прокуратура бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, 7-июнда жоокердин сабалышына шек саналып келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкери кармалган.

Сабалган жоокердин жакындары интернет аркылуу кайрылуу жолдоп, ишти адилеттүү териштирүү талабы менен өлкө жетекчилерине кайрылган эле. Алар келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганын айтып чыккан. Бул окуя коомдо курч реакцияны жаратып, кыргыз армиясындагы уруп-согуу, үстөмдүк жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла электиги талкууга түшкөн.

Соттун чечими тууралуу пикирин сураганыбызда, жоокердин энеси Алмакан Смаилова кыска гана жооп берип:

"Камалган баланын ата-энеси жалдыраганынан ушундай чечимге бардык. Башкалар эмне деп айтса, жазса жаза берсин",- деди.

Бекзат кызмат өтөгөн Беловодск айылындагы №86123 аскер бөлүгүнүн командири Ырыспек Жолдошбаев сот чечими алардын колуна тие электигин билдирип, ошондуктан шек саналып кармалган кызматкери кайра кызматын улантабы же жокпу дегенге жооп бере албасын айтты.

"Бекзат ушул тапта медициналык кароодон өтүп жатат. Эгер анын саламаттыгы жакшы деген чечим чыкса, кызматын улантат. Биз азырынча соттун чечимин колго ала элекпиз. Ал чечимди юристтерге көрсөтүп, анан прапорщик тууралуу бир чечимге келебиз. Негизи ал кызматтан четтетилген. Кайра кызматка кайтып келүүсү боюнча да атайын эреже бар".

Кыргызстанда өткөн айда эле эки жоокер каза тапты. 4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон.

Мындан эки апта мурун Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясын кайтарган жоокер, 18 жаштагы Калыс Абдыкабылов каза болгон. Жаза аткаруу кызматы "ал өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, өзүн-өзү аткан" деп билдирген.

"Эки тарап келишип алганы туура эмес"

Акыркы окуялардан кийин Кыргызстанда соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтей турган жумушчу топ түзүлгөн. Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн топ бул жааттагы улуттук, эл аралык мыйзамдарды жана тажрыйбаны иликтеп чыгып, бийликке сунуш-кеңешин даярдайт.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов Акыйкатчы институту Бекзаттын окуясы боюнча чечимге нааразы экенин билдирди.

Альберт Колопов
Альберт Колопов

"Бул иш боюнча укуктук баа берилиши керек. Адамдын денесине залака тийгизилген учурлар сөзсүз иликтениши керек. Укук бузуу болгон учурда мындай чечим менен иш кыскарып, эки тарап келишим алганы туура эмес. Бул окуя боюнча биздин позициябыз ушул".

Жоокерлердин укугун коргоп жүргөн "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова мындай жазасыз калган учурлар жалпы укук коргоо ишине залакасын тийгизет деп эсептейт.

Гүлшайыр Абдирасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси
Гүлшайыр Абдирасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси

"Бул ишти аягына чыгаруу мамлекеттин кызыкчылыгы болуш керек эле. Эми башка учурларга да ишенбөөчүлүк пайда болот. Эки тарап элдешип алуу, майда бейбаштык же кырсык учурунда болсо мейли эле, атайы зомбулук кылган учурда акылга сыйгыс нерсе. Тилекке каршы, иштин минтип жыйынтыкталышы укук коргоочулардын зомбулукка каршы күрөшүн алсыратат. Демек, жазасыздыкка башкалар да ишенет, зомбулук кылгандан коркпой калат. Менимче, баланын ата-энеси моралдык чыгымды алып, ошого алданды. Кылмыш иши кыскарабаган кезде деле ал чыгым сот аркылуу төлөтүлмөк".

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. 2019-жылы кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган.

2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары армиядагы зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG