Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кыргыз жана казак армиясында өмүрү кыйылган жоокерлер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда өткөн аптанын аягында Улуттук гвардиянын эки кызматкери табышмактуу жагдайда каза тапты. Расмий маалыматка караганда, 27 жаштагы жоокер кызмат өтөп жаткан мекемеде, 32деги сержант өз үйүндө асынып алган.

Кыргызстанда да бир айда эки жоокер каза болду. Алар өз жанын кыйган деп айтылганы менен жакындары буга ишенбей турат. Аскер бөлүктөрүндөгү шектүү окуяларды иликтөө эки өлкөдө тең башталды.

Казакстан: аскерде катары менен болгон эки өлүм

Казакстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз кызматы 27 жаштагы катардагы жоокер Орозбайдын сөөгү 29-июлда ал кызмат өтөп жаткан Акмоло облусунун Степногорск шаарындагы аскер бөлүгүндө табылганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал мекеменин автоунаа токтотулган жеринде асынып алган. Орозбай аскерге 2021-жылдын күз айларында чакырылган. Анын жакындары жоокердин өлүмү тууралуу азырынча пикирин билдире элек.

Көп өтпөй 30-июлдун таңында Маңгыстау облусунун Баскудук айылында Улуттук гвардиянын 32 жаштагы сержанты Абылай Мергалиевдин сөөгү өз үйүндө асынып алган жеринен табылды.

“30-июлда таңкы саат 5:15терде аскер бөлүгүнө сержант Абылай Мергалиев асынып алганы тууралуу кабар келген. Териштирүүнүн жүрүшүндө түнкү 3:30дарда жубайы күйөөсүн үйдүн дааратканасында асынып турган абалда тапканы белгилүү болду”, – деп айтылат Улуттук гвардиянын маалыматында.

Абылай Мергалиевдин артында жубайы жана кызы калды. Буга улай эле Акмоло облусунун Щучинск шаарындагы аскердик коллеждин окуучусу түнкү нөөмөттө туруп жараат алганы кабарланды. Бул маалыматты өлкөнүн Коргоо министрлиги ырастап, тергөө иштери башталганын билдирди.

Казакстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт
Казакстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт

Акыркы айларда Казакстандын аскер бөлүктөрүндө бир нече жоокер каза болду. Апрелде милдеттүү аскердик милдетин өтөп жаткан 18 жаштагы Алибек Калбай Жамбыл облусундагы аскердик госпиталда көз жумган. Коргоо министрлиги жоокер “эртең менен катарга тизилүү учурунда эс-учун жоготконун”, ага жардам көрсөтүлгөнү менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирген. Жакындары ага ишенбей турганын айтышкан.

“Дарыгер “денесинде жараат жок” деп айткан. Бирок кийин Алибектин бөйрөгү жабыркап, оң жак кабыргасы сынганы билинди. Ийини, ээги да көгөргөн экен. Кулагы сыйрылып, канаптыр”, - деген тууганы Динара Тилесова.

Июнь айында Чек ара кызматынын Маңгыстау облусундагы аскер бөлүгүндө 19 жаштагы Эдил Тешебаев каза таап, расмий маалыматта ал да асынып алганы маалымдалган. Бирок анын жакындары жоокердин өз жанын кыйганына ишенбей, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден бул ишти иликтөөгө көңүл буруусун суранган.

Ага чейин каза болгон Алибек Калбайдын тажыясында Маңгыстау облусунун тургундары да бийликтен аскердеги шектүү өлүмдөрдү териштирүүнү талап кылышкан.

“Токаев мырза, калыс чечим чыгарбасаңыз ушул жерде турган Маңгыстау эли “артка кайтпайбыз” деп турат. Керек болсо Актау шаарында акимиаттын алдына барып митинг кылууга даярбыз”.

Аскердеги катар-катар өлүмдөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев июнь айында аскер кызматкерлеринин өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түзүүнү тапшырган.

Кыргыз армиясында кыйылган өмүр

Кыргызстанда да июль айында эле эки жоокер каза тапты. 4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон.

Расмий маалыматта ал “куралды этиятсыз колдонгон” деп берилген. Бирок, маркумдун туугандары мындай версияга ишенбей, окуяны иликтөөнү жана тиешелүү адамдардын жоопко тартылышын талап кылышкан.

29-июлда Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясын кайтарган 18 жаштагы жоокер Калыс Абдыкабылов каза болду. Жаза аткаруу кызматы ал өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан мерт болгонун билдирди. Аза күткөн маркумдун туугандары жашоодо жайдары жүргөн уландын өз жанын кыйганына ишенбейт.

“Таңкы саат алтыда көзөмөл мунарасына барат. Жетиде текшерүү болгондо турган экен. Сегизде алмашууга барса, кыймылсыз жатыптыр. Эшикке жөлөнгөн бойдон калып калыптыр. Ок артынан атылып, кара кушка тийип, чекесинен чыгып кеткен экен. Азыр “кокустук менен өзүн-өзү атып алган” деп айтып атышат. Биз ага ишенбей турабыз. Кантип адам өзүн-өзү автомат менен атып алсын? Тапанча болсо бир жөн, кичинекей тапанчаны такап... Ал жерде баштын так ортосуна кара куштан такап, мээленип аткандай. Экспертизага алып бардык, анын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат экен”, - деди бир тууган агасы Кайрат Абдыкабылов.

Акыркы окуялардан кийин Кыргызстанда соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтей турган жумушчу топ түзүлгөн. Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн топ бул жааттагы улуттук, эл аралык мыйзамдарды жана тажрыйбаны иликтеп чыгып, бийликке сунуш-кеңешин даярдайт.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. 2019-жылы кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары армиядагы зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG