Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

"Бир сутка зордук көрүптүр". Дагы бир кыздын ата-энеси коомго кайрылды


Кыргызстан. Балдарга жана аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган акция. Бишкек, 8-июль, 2022-жыл
Кыргызстан. Балдарга жана аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган акция. Бишкек, 8-июль, 2022-жыл

Бишкектин четиндеги “Алтын казына” ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. 8-августта "ресторанда администратор болуп иштеген жигиттер жашы жете элек официантты зордуктады" деген маалымат социалдык тармактарга тараган.

Зомбулукка кабылганы айтылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Социалдык тармактарда тараган тасмада кыздын атасы кадр сыртында окуя болгон жатакананы көрсөтүп жатат:

"Менин 16 жаштагы кызымды ушул жерде зордукташкан. Бир сутка "Алтын казына" ресторандын администраторлору зордукташыптыр. Мына, кийимдери турат. Камералардын баарын өчүрүп коюшуптур".

Милиция тараткан маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков кылмышка шектүүлөрдүн бири камакка алынганын "Азаттыкка" билдирди.

"Окуянын жагдайы боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынып көрсөтмө беришкен. Тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган. Анын негизинде кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Кылмыш кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат".

"Алтын Казына" Чүйдүн Лебединовка айылында жайгашкан чоң ресторан. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Махабат Мавлянова окуя тууралуу буларды билдирди.

Махабат Мавлянова
Махабат Мавлянова

"Биздин кызматкерлерибиз коопсуздук жана ушул өңдүү маселелер боюнча алдын ала окутуулардан өткөн. Биз үчүн да бул жагымсыз окуя. Азыр тергөө жүрүп жатканда башка пикир билдире албайбыз. Биз да окуя акыйкат иликтенишин талап кылып жатабыз".

Жабырлануучу ушул тапта Балдардын укугун коргоо лигасынын көзөмөлүндө турат. Лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, 16 жаштагы кыз менен психологдор иштеп жатат:

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

"Кыздын психологиялык абалы оор. Бизге анын энеси жардам сурап кайрылган. Эки күндөн бери кайра-кайра экспертизалардан өттү. Ушундан улам тергөөчүгө да нааразычылык пайда болду. Азыр кыздын жакындарына басым болуп жатат. Биз жактоочу жалдап, бул иш тыкыр иликтенсин деген талап коюп жатабыз".

Шектүү тарап окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и кыскарганы белгиленген. Ошол эле кезде, бул окуя кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагында иштеген кыз-келиндер ыдык көрсөтүүгө кабыларын дагы бир ирет ачыктады.

Буга чейин жумуштагы ыдык тууралуу изилдөө чыккан.
Буга чейин жумуштагы ыдык тууралуу изилдөө чыккан.

«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн изилдөө өлкөдө ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көрсөткөн.

Сурамжылоого катышкандардын 69% ыдыкка кабыларын айткан. Алардын баары эле харассментке дуушар болгонун ачык айтпаганын белгилей кетүү керек.

Өзүн Айжамал деп тааныштырган студент Бишкектеги кафелердин биринде официант болуп иштейт. Ал иш учурунда кардарлар тараптан ыдыкка кабылган учурлар болгону менен, андайда кызга эч ким колдоо көрсөтпөйт деген ою менен бөлүштү:

"Бишкектеги белгилүү ресторандардын биринде иштейм. Ар кандай кардарлар келет. Бир жолу бирөөлөр мас болуп, отурган жеринде уктап калышты. Мен бейкапар кир идиштерди чогултуп жүргөм. Анан эле килтейген кол белимден ылдый сылап жиберди. Башыма муздак суу куйгандай болуп, чочуп кеттим. Колумдагы идиш жерге түшүп, сынды. Мага эч ким болушкан да жок. Тескерисинче, сынган идиштин акчасын эки эсе кылып төлөп бердим. Мындай учурларга кардар менен иштеген кыздар аябай көп кабылабыз. Андайда сага эч ким жардам бербейт, үн катпайт экен".

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгесинин гендердик адиси Адинай Жапаралиева кыргыз коомчулугу ыдык көргөн кыздардын өздөрүн күнөөлөгөн адаттан арыла элек деген пикирде:

Адинай Жапаралиева
Адинай Жапаралиева

"Коом тарабынан сынга кабылышат. Ошондуктан, алар арыз жазып же башкаларга көйгөйүн айтууну каалашпайт. Андан тышкары Кыргызстанда ыдыктан коргогон мыйзам жок жана ага жаза каралган эмес. Демек, жабык, элге билинбеген мындай учурлар толтура. Кыз-келиндер ишинде кардарлар эле эмес, жетекчиси, кесиптештери тарабынан да ыдыкка кабылышы мүмкүн. Көп учурларда мындай окуялар билинбей эле калып кетет".

Кыргызстанда Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгеси менен социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы жыл башынан бери маалыматтык өнөктүк уюштурулуп келатат.

Ыдык көрсөтүү же харассментке – кимдир бирөөгө карата олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык зомбулук кирет. Аны кайсы бир адамга туугандары, тааныштары же чоочун адамдар жумушта, көчөдө, үйдө, социалдык тармактарда көрсөтүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG