Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

"Байкем мени коргоду". Токмоктук келин бийликке кайрылды


Токмоктогу окуя: милицияга ишеним, аялдардын укугу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Токмоктогу окуя: милицияга ишеним, аялдардын укугу

Токмок шаарында “карындашын коргоп, адам өлтүргөн” деп шек саналган Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Карындашы бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранды.

Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен шек саналып жаткан Сухраб Жумакулов 3-июлда Чүй райондук сотунун чечими менен Бишкектин №1 тергөө абагына эки айга камалды. Шектүүнүн адвокаты Эркин Ирискулбеков ал коргоп жаткан адамга карата тандалган камакка алуу бөгөт чарасына каршы экенин жана Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берилерин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Сухраб Жумакуловдун бөгөт чарасын аныктоонун 48 сааттык процессуалдык мөөнөтү өтүп кеткен. Башкача айтканда, тергөөчүлөр шектүү кармалгандан тартып 48 сааттын ичинде аны сотко алып барышы керек болчу. Бирок бул талап сакталбай, убактысынан кечиккен. Жактоочу Токмок шаарында болгон окуянын чоо-жайы тууралуу буларды билдирди.

Эркин Ирискулбеков.
Эркин Ирискулбеков.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары Сухраб Жумакулов маркумду атайын эле атып өлтүргөндөй жазып жатышат. Шектүүнүн өзүнүн айтымында окуяны ал анча жакшы эстей албайт. Ошол маалда оор абалда болгон жана адам өлтүрөйүн деген ою да болгон эмес. Тергөөдө бир күбө көрсөтмө берди. Анын сөзү боюнча, Сухраб Жумакулов окуя болгон жерге келип анын карындашын сабап жаткан кишини ажыраткан. Каза болуп калган адам жулкунуп жибергенде ок атылып кеткен экен”.

Коомчулукта резонанс жараткан окуя 1-июлда эртең менен Бишкек—Торугарт автожолунда, Токмок шаарынын аймагында болгон.

Милицияга берилген маалымат боюнча, Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машинелердин бирине отурган. Машиненин айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка автоунаага түшүп кеткен. Бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Шектүү Сухраб Жумакулов.
Шектүү Сухраб Жумакулов.

Андан аялдын артынан кууп барган машиненин айдоочусу, 47 жаштагы киши “Тез жардам” барганга чейин каза болгон. Бул факты Токмок шаардык милициясына Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, тергөө жүрүп жатат.

Ыдык көрүп, айдоочудан токмок жеди делген Асел Жумакулова ушул тапта Токмокто ооруканада жатат. Ал 4-июлда социалдык тармактагы баракчасынан бийликке кайрылды.

Асел Жумакулова.
Асел Жумакулова.

“Садыр Жапаровдон, Камчыбек Ташиевден суранат элем. Байкемди үй камагына коё бериңиздер. Мага окшоп дагы канча аял кор болушу керек? Мындай иштерди токтотолу”.

Асел Жумакулова үч баласы бар экенин билдирди. Адам өлтүрүүгө шек саналып кармалган анын агасы Сухраб Жумакуловдун беш баласы бар.

Акыйкатчы институту бул ишке мониторинг жүрүзүп жатат. Омбудсмен Атыр Абдрахматова ок чыгарган адамды психологиялык экспертизадан өткөрүүнү Ички иштер министрлигине сунуштады. Ал ушуга окшогон айрым иштер саналуу күн гана уу-дуу болуп талкууланып жыйынтык чыкпай калып атканын билдирди.

“Биз – коомчулук окуя болору менен ызы-чуу түшүп маселени көтөрөбүз. Бирок коом да, журналисттер да ишти аягына чейин чыгарышы керек. Аялдарга, балдарга карата зомбулук кылган иштерди акырына чейин чыгарбасак мындай окуялар кайталана берет. Коомдо аялга, балага зордук-зомбулук кылууга болбойт деген түшүнүк калыптанышы керек”.

Шектүү Сухраб Жумакулов ок чыгарган тапанча.
Шектүү Сухраб Жумакулов ок чыгарган тапанча.

Асел Жумакулова ушул тапта социалдык тармактарга окуя тууралуу билдирүү жазып, видео жарыялап Интернетте талкууланып жатат. Ошол эле кезде айдоочуну өзү жазалып, аны атып өлтүрүүгө шек саналган Сухраб Жумакуловду да сындагандар бар.

Эксперт Руслан Акматбек адамдарда укук коргоо органдарына болгон ишенимдин жоктугунан маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылгандар көбөйгөнүн, бул опурталдуу экенин эскертти.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

“Токмоктогу окуя Кыргызстандагы зордук-зомбулуктун жеткен чегин, өлкөдөгү криминогендик абалды көрсөттү. Байкасаңар, зулумдукка кабылган кыз дароо милицияга чалган эмес. Ал качып барып түшкөн машиненин айдоочусу, жанындагы жүргүнчү да милицияга кабарлаган эмес. Ал кыз байкесине гана ишенип, "ал коргоп калат" деп байланышкан. Бул биз дагы деле милиция менен дарыгерден Кудай сактасын деп жашап атканыбыздын белгиси. Биз жаныбызды аманат кыла турган милиция менен дарыгерлерге дагы деле ишенбейбиз. Бул жакшы эмес. Сот, укук коргоо органдарынын акыркы иштери ушуга алып келди. Себеби, сот, коопсуздукту камсыз кыла турган органдар 30 жылдан бери бийликтин гана таламын талашып, ошолордун кызыкчылыгын коргойт. Алар ушуга адистешип калып, жөнөкөй адамдардын укугун коргой албай калышты”.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Сухраб Жумакуловдун адвокаты ишке көзөмөл кылуу үчүн Акыйкатчы институтуна да арыз берди.

Ал эми каза болгон кишинин жакындары азырынча үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG