Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 08:05

Кытайдын карыз кайтарып алуудагы "жөнөкөй ыкмасы”


Кытайлык инженер Пакистанга өтүү үчүн курулуп жаткан көпүрөнү карап турат.
  • "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиштин макаласы

Кытайдын “Бир алкак – бир жол” (БАБЖ же BRI) демилгеси экономикасы начар, кудуретсиз деп табылгыдай абалда турган бир катар өлкөлөрдүн шартына ылайыкташууга аргасыз. Бээжиндин бул жагдайга болгон мамилеси эмнеге алып келет?

Шри-Ланкадагы улам күчөп, акыры президентинин качып кетишине жеткирген каршылыктын чыгышынан бир нече апта мурун кыргыздын жогорку даражалуу кызмат адамы Кыргызстан үчүн да оор күндөр келип калышы мүмкүн деген болчу. (Каршылык экономикадагы карыздардын айынан кудуретсиздик (дефолт) абалы түзүлгөндүгүнө байланыштуу чыккан эле).

“Биз мамлекеттик карызды төлөө зарылдыгын дайыма көңүлдө тутуубуз керек”, – деп айткан эле Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров июндун аягында Жогорку Кеңештин жыйынында.

Шри-Ланка сыяктуу эле Кыргызстандын мамлекеттик карызы тынымсыз өсүүдө. Соңку он жылда бул өлкө кытай лидери Си Цзиньпин “кылым долбоору” деп атап, демилгеленген “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында бир катар инфратүзүм пландарын жүзөгө ашыруу үчүн Кытайдын Экспорт-импорт банкынан көп миллиондогон өлчөмдө карыз алды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы кезде Кыргызстандын карызы 5,1 миллиард доллардан ашып кеткен. Мунун 42 пайызы Бээжинден алынган. Бишкек улам начарлап бараткан экономикасын жөндөп кетүү үчүн бар күчүн жумшап жатса да, Кытайдан алынган эбегейсиз өлчөмдөгү карыздардын эсебинен жүргүзүлгөн долбоорлордон азыркыга чейин пайда ала элек. Ошондуктан Кыргызстан карыздарынан кутула албайт, атүгүл пайызын да төлөшү кыйын деген кооптонуу жаралды.

Каржылык кысым күчөй берген шартта Кыргызстан өзүнүн милдеттенмелерин аткара албай калса, кирешелүү активдерин өткөрүп беришке аргасыз болушу ыктымал деген чочулоо бар.

“Мен коркутайын деп жаткан жокмун, бирок эгер карыздан кутулбасак, [Кытайдын] Эксимбанкы [долбоорлорду] башкарууну өз колуна алып, өзүнүн компанияларын киргизиши мүмкүн. Мындай фактылар Пакистанда, Шри-Ланкада жана башка өлкөлөрдө болгон, – деди Жапаров. – Кудай сактасын деп кол куушуруп отура бергенге болбойт, эгемендигибизди сактап калуу үчүн баарыбыз биригишибиз керек”.

Эгемен карыз каатчылыгы БАБЖ бойлой жайгашкан бир нече өлкөгө жайыла баштап, Кытайдын чет өлкөлөрдөгү аласасына байланышкан каатчылыкты жаратты.

“Кытайдын Каржы министрлиги жана Борбордук банкы өздөрүнүн алет тактасына тигиле карап турганында шек жок, алардын кызыл жарыгы дал ушул чакта өчөт”, – дейт “Европа-Азаттык/Азаттык” радиосуна Виржиниядагы Уильям жана Мария коллежинин AidData Lab лабораториясынын аткаруучу деректири Брэдли Паркс.

Кытайдын 2013-жылы бир өлкөнүн күчү менен жүзөгө ашырылуучу эң ири инфратүзүмдүк программа катары башталган планетардык масштабдагы жол куруу демилгеси дүйнө жүзүндө карызга баткан өлкөлөрдүн тизмесин узартты. Бул катарда Кытайдын кеңири берген насыясына кызыгып, Дүйнөлүк банк эскерткендей, 1980-жылдардан бери боло элек кудуретсиздик (дефолт) толкунуна туш келген Аргентина, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Венесуэла, Замбия жана Иран бар.

Кытай үчүн бул он жыл бою БАБЖ жол куруу демилгесине шылтоолоп тынымсыз берип келген насыядан кийинки чукул бурулуш болушу мүмкүн дешет талдоочулар. Бул жагдайды Украинадагы согушка жана COVID-19дун кесепеттерине байланыштуу инфляциянын өсүшү, энергия кубатынын кымбатташы жана дүйнө жүзүндөгү каржылоо шарттарынын катаалдашуусу ого бетер оорлотуп жиберди. Мындай шартта Бээжин өзүнүн демилгесин иретке салып, чегин чактоого аракет кылышы ыктымал.

КЭР төрагасы Си Цзиньпин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери алака-катыштардын 30 жылдыгына арналган виртуалдуу саммитте инвестициялык долбоорлорду талкуулашууда.
КЭР төрагасы Си Цзиньпин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери алака-катыштардын 30 жылдыгына арналган виртуалдуу саммитте инвестициялык долбоорлорду талкуулашууда.

“Кытай аласасын ала албай калуудан барган сайын көбүрөөк коркуп калды, ошондуктан насыя берүүнү кыскартып жатат, – деди “Европа-Азаттык/Азаттык” радиосуна Natixis инвестиция банкынын Азия-Тынч океан аймагы боюнча башкы экономисти Алисия Гарсия-Эрреро. – Кытай азыр өзүнүн экономикасындагы ички кысымга кабылып, тобокелдүү өлкөлөргө карыз берүүдөн этияттана баштады. [Бул] БАБЖдын жаңы этабынын [ачылышы] болуп калды”.

Карызга белчеден малынганда...

Шанхайдагы Фудань университетинин Жашыл каржы жана өнүгүү борбору топтогон маалыматтарга ылайык, БАБЖ Кыйтайга дүйднөдөгү эң ири кош тараптуу насыя берүүчү болууга мүмкүндүк бериптир. Сегиз жыл мурун долбоор башталгандан бери ал жалпысынан 932 миллиард доллар карыз берген.
Бирок азыркы карыз каатчылыгына чейин деле БАБЖ көптөгөн тоскоолдуктарга кабылып келген болчу.

Соңку жылдарда берилген карыздар укмуштуудай тездикте ишеничсиз боло баштады: Нью-Йорктогу Rhodium Group кеп-кеңеш берүүчү компания жүргүзгөн иликтөө көрсөткөндөй, Кытайдын сүйлөшүлөр аркылуу башы ачылууга тийиш болгон насыяларынын наркы 2020 жана 2021-жылдары 5 миллиард долларга чаап барды. Бул ага чейинки эки жылга салыштырмалуу үч эсе чоң.

Кытайдын өнүктүрүү багытындагы каржылоосу боюнча эң толук эсеп-чоту бар Mary’s AidData Lab лабораториясынын маалыматтары да азыркы карыз каатчылыгынын канчалык оор экенин көрсөтүп турат. Иликтөө көрсөткөндөй, кытай насыяларынын 60 пайызы (2010-жылы BRI башталганга чейин беш гана пайыз болчу) айласыз абалга тушуккан өлкөлөргө берилүүдө. Лабораториянын башка иликтөөсү аныктагандай, BRI долбоорлорунун 35 пайызы азыркы кезде ишке ашырууга келгенде олуттуу кыйынчылыктарга кабылып жатат.

Мындай кысымга тушуккан соң дефолтко жеткирбөө максатында Бээжин “куткаруучу” деп аталган насыяларды бере баштады. Ошол эле учурда AidData берген маалыматтар көрсөткөндөй, Кытайдын мамлекеттик мекемелери Пакистан, Беларус, Египет, Монголия, Түркия жана Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөргө кудуретсиз абалга түшүп калбай карызынан кутулуу жагынан көмөктөшүү үчүн ондогон миллиард долларлык насыяларды берип жатат.

“Биз азыр чукул бурулушка келип калдык. Карыз берүүнүн ушундай чоң өлчөмү – Кытай мурун эч качан туш келбеген жагдай. Ошондуктан ал БАБЖды шашылыш түрдө кайра ойлонуштурууга аргасыз болууда”, – деди “Азаттыктын” кабарчысына Rhodium Group компаниясынын улук талдоочусу Мэтью Минги.

Жашыл каржы жана өнүгүү борборунун июлдагы отчёту көрсөткөндөй, BRI долбоору барган сайын тобокелди азайтууга ыктай баштады. Бир кезде Орусияга жумшалып турган, демилгенин өзөгүн түзгөн жаңы инвестициялар 2022-жылы нөлгө чейин кыскарды, ал эми долбоордун Пакистандагы катышуусу ошол эле мезгилдегиге салыштырмалуу 56 пайызга азайды.

Кытай улам барган сайын мунай менен газга көбүрөөк инвестиция жумшап жатат. 2022-жылы бул багытка чет өлкөлүк энергетика инвестицияларынын 80 пайызы жана курулуш келишимдеринин 66 пайызы туура келди. Болгондо да негизги карыз алуучу – Сауд Аравиясы.

Адамдар Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” демилгесинин медиаборборунда орнотулган, Кытайдын курулуш долбоорлорун көрсөтүүчү жарыя тактанын тушунан өтүп баратышат.
Адамдар Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” демилгесинин медиаборборунда орнотулган, Кытайдын курулуш долбоорлорун көрсөтүүчү жарыя тактанын тушунан өтүп баратышат.

Баяндаманы даярдаган борбордун деректири Кристоф Недопил Ванг “Азаттыктын” кабарчысына Бээжин барган сайын табигый байлыктар менен камсыздалуучу инвестицияларга көбүрөөк маани берип жатат, анткени бул кытай мекемелери үчүн ири масштабдуу долбоорлорго салыштырмалуу карызды кайтарып алуунун ”кыйла жөнөкөй ыкмасы” болуп саналат деди.

Мингдин айтканына караганда, карыз каатчылыгынын оорлошу дүйнөдөгү өсүштүн акырындашы менен коштолуп жатканда Бээжиндин кыйла сак болуп калганы Кытайдын өзү туш келген маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун издешине түрткү берүүдө. Куткаруучу насыялар – бул убакытты созуу айласы, бирок алар Шри-Ланка кудуретсиздикти кенемтелей албай калды го.

Ал Бээжин БАБЖ долбооруна кирген өлкөлөрдүн карыздарын жөнгө салуу программаларындагы көп тараптуу институттар менен бирге канчалык катышары белгисиз деди.

“Мурда жагдай жөнөкөй болчу: насыя мөөнөтүн жылдырып, түзүмүн өзгөртүп, карыз алуучуга маселелерди чечүү үчүн убакыт жана жай берилчү, – дейт Минги. – Бирок Кытай кайра каржылоого анча көнбөй турат. Демек, кептин баары Кытайдын азыр кандай ыкмаларды колдонорунда”.

Бишкек менен Исламабаддын мүмкүнчүлүгү

Кытай инвестициялары карыз каатчылыгынын же дефолттордун бирден бир себепкери эмес. Шри-Ланканын тышкы карызы 50 миллиард доллардан ашып кеткен, мунун ичинен Кытайдан алынганы беш миллиардга жакын эле акча.

Бирок Түштүк Азия өлкөлөрүнө Бээжин берип жаткан насыя көп талаштарды жаратты. Сындагандар долбоорго багытталган насыялар өтө чоң пайыз менен берилген, ал эми чет өлкө насыясынын каражаттары коррупциянын айынан туура эмес максаттарда сарпталган дешет.

Кыргызстан жана Пакистанда БАЖБ колдогон долбоорлор боюнча да ушундай айыптоолор айтылып келди.

Калкынын саны 220 миллионду түзгөн Пакистан дүйнөдө BRI каржылоосунан эң көп насыя алган өлкө болуп саналат. Анын Кытай-Пакистан экономикалык коридору (СРЕС) деген аталыш менен таанылган 62 миллиард долларлык инфратүзүм долбоорлору бар.

Сакчылар Пакистан өкмөтү Кытай корпорацияларына ижара берген Гвадар портундагы кеменин жанында турушат.

Шри-Ланкадай эле, Пакистандын айрым долбоорлорунун жарамдуулугу шек туудуруп келген. Мисалы, БАЖБ үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген, стратегиялык маанидеги Ормуз кысыгынын оозундагы Гвадар портун куруу долбоору жөнүндө ушундай сөздөр айтылып келет.

Бирок BRI долбоорлорун жүзөгө ашырууга байланыштуу нааразылык Бээжин менен Исламабаддын ортосундагы мамилени начарлатты. Ошентсе да, Бээжин дефолттун алдын алууга багытталган бир катар насыяларды берди: июндун аягында Кытайдын мамлекеттик банктар консорциуму Пакистанга 2,3 миллиард доллар карыз берди.

Кабарларда айтылгандай, Бээжин Исламабадды Эл аралык валюта фонду (ЭВФ)менен кайра байланышып, 2019-жылы макулдашылган насыя программасын кайра ишке киргизүүгө чакырды. Бул программа боюнча фонд азыркыга чейин айтылган сумманын жарымына жакын гана бөлүгүн – алты миллиард долларды берген.

Пакистандын каржы министри Мифтах Исмаил 1-августта Bloomberg агенттигине дефолттун алдын алуучу насыя боюнча өсүшкө жетиштик деп билдирди. Бирок талдоочулар Исламабаддын каржы жагынан абалы оңолуп кете элек дешет. Минги болсо карыз каатчылыгынын жана дефолт коркунучунун айынан Пакистан дагы эле Шри-Ланкадан кийинки “доминонун кулай турган ташы” бойдон кала берүүдө дейт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (солдо) Кытайдын лидери Си Цзиньпи менен жолугушууда. 2022-жыл, 6-февраль
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (солдо) Кытайдын лидери Си Цзиньпи менен жолугушууда. 2022-жыл, 6-февраль

Кыргыз “чоңдору” Кытайдан алынган карыздардын шашылыш экендигин айтып, чет өлкөлүк насыя берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткарууга даярбыз дешет. Президент Садыр Жапаров тышкы карыздын төлөнүшүн “бир саатка” да кечиктирбейбиз деп убада берди.

Жапаров 2021-жылы Кытайга болгон карыз убагында төлөнбөсө эмне болорун эскертип айткан. Ошондо талашты чечүү жолдорунун бири катары Жетим-Тоо темир кенин кытай фирмаларына өткөрүп берүү жөнүндө талкуу болгон эле. Кийин Жапаров кен өз ордунда эле иштетилет, бирок башка долбоорлор сыяктуу эле муну да Кытайга алдырып коюу коркунучу бар деди. Мисалы, эгер Кыргызстан карыздарын убагында төлөбөй калса, Бишкектеги ЖЭБге окшогон мүлктөр сырткы башкарууга өткөрүлүшү мүмкүн.

Каатчылыктан – кургуйга

Талдоочулардын айтымында, азыркы пайызы жогорулатылып жаткан насыя каатчылыгынын өзгөчө жактарынын бири – бул Кытайдын мындай маселелерди чечүү жагынан тажрыйбасы аздыгы жана буга артыкчылык бербей жаткандыгы.
60 жылдан ашуун мезгилден бери эгемен карыздарды жоюу иштерин негизинен Батышка тиешелүү насыя берүүчү 22 өлкөнүн бейформал бирикмеси болгон Париж клубу жөнгө салып келет. 1956-жылы түзүлгөн бул уюм көбүнчө ЭВФ менен кызматташып, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр менен жүздөгөн келишимдерге кол коюп келген.

Кытай Париж клубуна мүчө эмес, ал соңку жыйырма жыл аралыгында эле БАБЖдын деми менен насыя берүүчү өлкө болуп, алдыңкы насыячы катары макамын көтөрүп алды.

AidData лабораториясында иштеген Паркс каатчылык күчөп бараткан кезде Бээжиндин бул ролду кандай аркалай турганы белгисиз дейт. Анын айтканына караганда, мурда Кытай көбүнчө насыя берүүчүлөргө да, алуучуларга да оор тие турган карыз жоюуга багытталган аракеттерди бир канча жолу колдобой койгон эле, эми алар аласасын кайтарып ала элек башка эл аралык насыя берүүчүлөр менен иштешүүсү керек.

“Эгемен карызды жоюу боюнча ар бир ийгиликке бир дагы насыя алуучу өтө оор кыйынчылыкка кабылбашы үчүн насыя берүүчүлөр карызын жеңилдетүүгө макул болгондо жетишилип келген, – деди Паркс. – Биз Кытайдан карыздарды жоюу боюнча өрнөктүү кадамдарды күтөбүз”.

Кытай маселени дал ушундайча чечиши мүмкүн деген кыйытууну Кытай жана Дүйнөлүк банк, ЭВФ сыяктуу башка насыя берүүчүлөр алдындагы карызын жоюуга аракеттенген Шри-Ланка, Замбия, Лаос, Камбоджа жана Эфиопияда эмне кылып жатканынан көрүүгө болот.

30-июлда Кытай Замбиянын карыздарын кечерин жарыя айтты. Бул кадам ЭВФтин жардамы менен келечекте каржылык көмөк берүү мүмкүнчүлүгүн жаратып, Бээжиндин 2020-жылдын аягында G20 менен макулдашылган Карыз маселелерин жөнгө салуу боюнча жалпы алкактуу программанын нугунда башка насыя алуучулар менен кандай иш жүргүзөрүн көрсөтөт.

“БАБЖ баштапкы мерчемделгендей өзүн камсыздай албайт, бирок биз кытайлардын колунан көп нерсе келерин унутпашыбыз керек, – деди Паркс. – Алар үйрөнүү жана өздөрүнүн мурдагы каталарын түзөтүү жагынан кыйла күчтүү”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG