Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Тайванды сүйүнткөн, Бээжинди ызаланткан сапар


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жана Тайвандын президенти Цай Инвень. 3-август, 2022-жыл.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жана Тайвандын президенти Цай Инвень. 3-август, 2022-жыл.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Вашингтон Тайвандагы демократияны колдой турганын билдирди. Расмий Бээжин Пелосинин Тайбэйге сапарына каршылыгын билдирип, арал тарапта аскердик машыгууларды баштарын жарыялады.

Нэнси Пелоси Кытайдын каршылыгына карабай, Вашингтон Тайванды колдоодон баш тартпай турганын билдирди. Спикер бул тууралуу 3-августта Тайвандын президенти Цай Инвень менен жолугуп жатып айтты.

"Бүгүн дүйнө демократия менен автократиянын ортосундагы тандоодо турат. Американын бул жакта, Тайванда жана бүтүндөй дүйнөдө демократияны сактап калуу чечкиндүүлүгү эч кебелбейт".

Тайванды "өз алдынча бөлүнүп кеткен жана керек учурда күч менен аннексиялап алса болот" деген Кытай АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн аралга келишин кескин айыптады.

Пелоси Тайбэйге конору менен Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бээжиндеги элчиси Николас Бернсти чакыртты. Ошондой эле аралдын тегерегинде бир катар аскердик машыгууларды баштаганын жарыялап, Тайван менен соода алаканы жарым-жартылай токтотту.

Спикер Конгресстин эки палатасы тең Тайванды колдой турганын белгиледи. Тайвандын президенти Цай Инвень Пелосиге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, атайын орден менен сыйлады.

“Атайылап жогорулатылган аскердик коркутууларга туш болсо да Тайван артка кайтпайт. Биз өз өлкөбүздүн суверенитетин бекем сактайбыз жана демократияны коргоону уланта беребиз”, – деди Цай Инвэнь.

Спикер 3-августта Тайвандын мыйзам чыгаруучулары менен да жолугушту.

Пелоси АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Ньют Гингричтин 1997-жылкы сапарынан кийин келген экинчи спикер болуп калды. Ал 3-августтун кечинде Түштүк Кореяга барат. Пелоси Азия сапарынын алкагында Сингапур, Малайзия жана Жапонияга бара турганы белгилүү болгон.

АКШ менен Кытайдын алакасын чыңалткан сапар

Пелоси Тайванга барары тууралуу сөздөр чыкканда эле расмий Бээжин бул ыктымал кадамды Кытайдын суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгресс бийликтин Ак үйдөн көз карандысыз бутагы экенин жана бул спикердин чечими болгонун белгилеген.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби Пелосинин Тайванга баруу укугун эске салып, Ак үй Конгресстин көз карандысыздыгын сыйлайт деген.

"Соңку айлардагы жана жумалардагы чыңалууну чындыгында Кытай тарап күчөтүп жатат. Кытайлыктар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, жасалма аралдарды куруп, ал жактарга курал-жабдык орнотуп, Тайванга жакын аймактарда абада жана деңизде чагымчыл аракеттерге барууда. Кошмо Штаттар тараптан эч кандай коркунуч жаралган жок. Биздин "бир Кытай" саясатыбызда эч нерсе өзгөргөн жок", - деди Кирби.

АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жатышат. 15-ноябрь, 2021-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жатышат. 15-ноябрь, 2021-жыл.

28-июлда АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын айланасындагы маселелерди телефон аркылуу эки саат талкуулашкан.

Ак үй тараткан маалыматка караганда Байден Тайван боюнча расмий Вашингтондун позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, Кошмо Штаттар "аралдын азыркы абалын өзгөртүүгө же анын тынчтыгы менен бейпилдигин бузууга чечкиндүү каршы турарын" кошумчалаган.

Си Цзинпин болсо Кытай Тайванды өз аймагынын ажырагыс бир бөлүгү катары карай турганын белгилеген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги “Ким от менен ойносо ал күйөт. Кошмо Штаттары буга сергек мамиле жасайт деген үмүт бар", - деп билдирүү тараткан.

"Кытай жакын арада Тайванга кол салбайт"

Майами университетинин профессору Жун Тофел Драйердин пикиринде, Кытай коркутууларга карабай, жакынкы келечекте Тайванга басып кире албайт.

"Кытайдагы Global Times басылмасы Пелосинин сапары Тайвандын Бээжинге кошулуу жараянын тездете турганын жазып чыкты. Мен муну аннексия деп атайм. Ошентсе да азыркы учурда Кытайдын Тайванга кол салуу ыктымалдуулугу жогору деген ойдон алысмын. Азыр Си Цзинпиндин негизги максаты - партиянын башына кайра шайланып келүү жана ноябрда бийликтеги ордун бекемдөө. Ошол себептен ага азыр реалдуу кризистин кереги жок. Ал мындай катаал билдирүүлөрү менен өз популярдуулугун гана жогорулатып жатат", - деди Драйер "Азаттыктын" орус кызматына берген комментарийинде.

82 жаштагы Нэнси Пелоси - АКШ бийлигиндеги үчүнчү расмий адам. Президент же вице-президент өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда мамлекетти башкаруу Өкүлдөр палатасынын спикерине өтөт.

1991-жылы Бээжиндеги Тяньанмен аянтындагы кандуу окуялардан эки жыл өткөндөн кийин ошол кездеги Конгресстин мүчөсү Ненси Пелоси Кытайдын баш калаасына барган. Ал жергиликтүү бийликтин уруксатысыз аянтка чыгып, "Кытайдагы демократия үчүн курман болгондордун элесине" деген кара кагазды жайып чыккан.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өзүнүн борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG