Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Нэнси Пелосинин Тайванга сапары. Кыргызстандагы реакция


Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барды.

Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык, америкалык жогорку аткаминердин учагы 2-августта Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан учкан.

Учак Индонезиянын, Филиппиндин аба мейкиндигинен өтүп, Тайвандын борбору Тайбэй шаарына конгон. Мунун алдында аталган сайт бир нече убакытка иштебей калган.

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси буга чейин Азия чөлкөмүндөгү Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея жана Жапонияга бара турганын жарыялаган. Тизмеде Тайван көрсөтүлгөн эмес.

Президент жана вице-президенттен кийинки маанилүү үчүнчү кызматта турган америкалык саясатчы Кытай өзүнүн бир бөлүгү деп эсептеген Тайванга барышы мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар бир аз мурдараак тараган. Бул Бээжиндин расмий өкүлдөрүнүн сынына кабылган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал визитин мамлекеттин суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Кытай аскерлери алардын карамагында көптөгөн кыргын салуучу учактар (истребитель) бар экенин эске салып, аралды кайтарууга алышарын маалымдаган.

2-августта Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай Тайванга иш сапар менен барган Нэнси Пелоси эртеси күнү, 3-августта Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолукту. Ал анда Кытайдын Тайванды өзүнүн аймагы катары көрөрүнө карабай Вашингтон аралдын өз алдынчалуулугун колдой турганын айтты.

“Дүйнө бүгүн демократия менен автократиянын ортосунда тандоодо турат. Ушундай шартта Американын 23 миллиондук тайвандыктар менен тилектештиги өтө маанилүү. АКШ Тайванда жана дүйнөдө демократияны сактап калуу чечкиндүүлүгүнөн кайтпайт”,-деди Пелоси аралдын президенти менен жолугушуу учурунда.

Президент Цай Инвэнь спикерге Тайванды көп жылдан бери колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, атайын орден менен сыйлады.

“Аскердик коркутууларга туш болсо да Тайван артка кайтпайт. Биз өз өлкөбүздүн суверенитетин бекем сактайбыз жана демократияны коргоону уланта беребиз”, – деди Цай Инвэнь.

Нэнси ушул эле күнү жергиликтүү парламент депутаттары менен да кездешти.


Ал тапта Бээжин аскерлерин чек арасына топтоп, Тайвандын аба мейкиндигинин айланасында аскердик машыгуу өткөрүүдө.

28-июлда АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын айланасындагы маселелерди телефондон эки саат талкуулашкан.


Маалыматта айтылгандай, Байден Тайван боюнча расмий Вашингтондун позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, Кошмо Штаттары "аралдын азыркы абалын өзгөртүүгө же анын тынчтыгы менен бейпилдигин бузууга чечкиндүү каршы турарын" кошумчалаган. Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай Тайванды өз аймагынын ажырагыс бөлүгү катары карай турганын белгилеген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “ким от менен ойносо ал күйөт. Кошмо Штаттары буга сергек мамиле жасайт деген үмүт бар" деп айтылган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминьдан" партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Нэнси Пэлосинин Тайванга сапары Кыргызстанда да кызуу талкууланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG