Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:40

Кытайдын “Манаска” кызыгуусунун сыры


Үрүмчүдөгү базарда бийлеп жаткан кыздар. Шинжаң, Кытай.

Апта ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалаларга сереп.

Eurasianet 22-июлда Си Цзинпин Шинжаңды “кытайлаштырууга” аракеттенүүдө деген мазмундагы макала чыгарды.

Материалдын автору кытай лидери аймакты “элдик нааразылыктын очогу эмес, соода борбору” кылып көргөзгүсү келгени менен “Кытайдын мусулман азчылыктарын куугунтукташы автономиядагы саясатка көлөкө түшүргөнүн” жазды.

Кашгар шаары, Шинжаң. Иллюстрациялык сүрөт
Кашгар шаары, Шинжаң. Иллюстрациялык сүрөт

Макалада кеп Кытай лидеринин 12-15-июлда болгон Шинжаң сапарынын айланасында жүрөт.

Акыркы жолу Си ал жерге 2014-жылы “Бир жол бир алкак” долбоору шардана болгондон кийин барып кеткен. Маалыматка караганда, ал учурда уйгурлар баштаган чөлкөмдөгү азчылыктар Бээжиндин маданий ассимиляция планына каршы күрөшүп келген.

Автор андан ары мусулмандарды куугунтуктоо чараларына токтолуп, миллиондогон киши “кесипке үйрөтүү борбору” деп аталган жабык жайларга айдалганын баяндайт.

"Бул ирет Шинжаңга барганда", - деп улантат басылма, Си улуттук азчылыктар саясатын “туура жана эффективдүү” деп атады. Анын айрым комментарийлери дин тутуу эркиндиктерин коргогон уюмдарды тынчсыздандырып койду. Эмне дегенде ал динди Коммунисттик партиянын идеологиясына баш ийдирүү аракеттери уланарын кыйытты.

Бул жерде басылма "Синьхуа" мамлекеттик агенттигинин маалыматына таянып, президенттин сөздөрүн мисал келтирет. “Биз исламды кытайлаштыруу ишин улантууга жана динди социалисттик коомго ылайыкташтырууга тийишпиз”, - деген кытай лидери.

Макалада Кытай лидеринин улуттук азчылыктардын маданиятына көңүл буруп, “Манас” эпосуна негизделген оюнду көрүп кеткени белгиленет.

Автор сөзгө тарткан Коргонуу изилдөөлөрү боюнча Падышалык институттун илимий кызматкери Рафаэлло Пантуччинин айтымында, бул иш-чара Бээжин Кытай менен Борбор Азиянын байланыштарын көңүл сыртында калтырбаганын көргөзөт.

Мельбурн университетинде эмгектенген Кытай таануучу Жеймс Либолд “Манаска” кызыгуусун Кытай бийлигинин Шинжаңды уйгурлардын эмес, көп улуттуу аймак кылуу аракеттеринин бири деп чечмеледи.

Андан ары Си негизинен чөлкөмдүн экономикалык потенциалын, жетишкендиктерди даңазалоо үчүн барганы баяндалат жана ички аудиторияга багытталган бул сапар ийгиликтүү болду деген эксперттин пикири мисал келтирилет.

"Ал эми эл аралык сахнада президент Шинжаңдагы репрессияларга байланыштуу мурдагыдай эле кыйынчылыктарга дуушар болууда", - деп эсептейт автор.

Түркмөн президенти төрт айда эмнелерди өзгөрттү?

The Diplomat сайты Түркмөнстанда бийликкке жаңы президент келген төрт айдын ичинде өзгөрүүлөр байкалуудабы деген суроого кызыккан.

Ашхабад. 2022-жыл.
Ашхабад. 2022-жыл.

Автор Мердан Аманов адегенде кандай көрүнүштөр ошол бойдон калганын тизмектеп чыгып, саясий эркиндиктер, адам укуктары, цензура жаатында Сердар Бердымухамедовдун тушунда эч кандай жылыш болбогонун жазды.

"Бийликти атасынан мурастап алган президент өз командасын алып келген жок, кээ бир министрлерди алмаштырганы менен эң жогорку эшелондордогу ошол эле аткаминерлер менен иштеп жатат", - деп белгилеген журналист.

Макалада Түркмөнстандын чет жактардагы элчиликтери дагы деле паспорт бербей же документтерди жаңыртпай жатканына, натыйжада түркмөн жарандары кыйынчылыктарга туш болгонуна өзүнчө көңүл бурулган.

Андан ары Сердардын тушунда биринчи кезекте аялдардын абалы, интернет эркиндиги аябай начарлаганы айтылат. Түркмөн кыз-келиндерине мурдагыдай сулуулук салондоруна барууга, жасалма кирпик, тырмак чаптатууга, ботокс, башка косметикалык процедураларды жасатууга, чачтарын боёго тыюу салынган. Коомдук сектордо иштегендер улуттук кийим-кече кийүүгө милдеттендирилген.

"Эң кызыгы" деп белгилейт автор, андай чектөөлөрдү жазуу түрүндө таба албайсыңар, жөн гана “жогору жактагы көрсөтмөлөр” деп түшүндүрүшөт.

Аманов Сердардын келиши менен кайсы тармактарда оң жылыштар байкалганын талдоого аракет кылган. Анын айтымында, акыркы эки айда инфляциянын деңгээли төмөндөдү. Бийлик инфляциянын статистикасын чыгарбаганы менен маалыматты башка булактардан алса болот.

Мисалы “Палоо индекси” деген көрсөткүчкө караганда, Түркмөнстанда палоо бышырганга керектелчү азыктар быйыл апрелде 14,2 процентке төмөндөсө, июнда 13,4 процентке ылдыйлаган. Андан тышкары Сердар жарандардын тыш жактарга чыгуусуна салынган чектөөнү жарым-жартылай алып салды. 2020-жылдын мартында пандемияга байланыштуу өлкө жабылган.

Макалада айтылгандай, президент атасынын эжеси Гүлнабат Довлетованы Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн жетекчи кызматынан алды. Ал уюмду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганы айтылып жүрөт.

Журналист ушул фактыны жана Сердардын ырдап-бийлеп, китеп жазууну жакшы көргөн атасынын эксцентрикалык жүрүм-турумун туурабоону чечкенин оң көрүнүш деп сыпаттайт.

99 жашында жогорку билим алган аксакал

Италиялык гезиттер Палермо шаарында Жузеппе Патерно деген карыя 99 жашында философия жана тарых боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктап диплом алганын жазышты.

Жузеппе Патерно
Жузеппе Патерно

Алсак, La Repubblica өз кезинде Италиядагы улгайган студент атыккан чоң ата эки жыл мурун ошол эле Палермо университетин эң жогорку балл менен бүтүргөнүн, магистратурадагы окуусуна пандемия, карантин да тоскоолдук болбогонун белгилейт.

1923-жылы туулган Жузеппе Патерно Сицилиядагы шаардын эң кедей кварталында, көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Окууга шыгы болгону менен атасы ал иштеши керек, окубайт, университетке барбайт деп чечкен экен.

Жузеппе адегенде чакан ишканада, кийин темир жолдо эмгектенген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда деңиз флотунда кызмат өтөгөн. 23 жашында үйлөнүп, эки балалуу болгондон кийин акча таап, үй-бүлөсүн багууга туура келген.

Бирок карыя иштен кийин кечки мектепке барып жүрүп, 31 жашында орто мектепти бүтүрдү деген аттестат алган. Дагы 60 жылдан кийин бала кезиндеги кыялын ишке ашырып университетти аяктады.

Андан тышкары чыгарма жазууга кызыгып, китеп басып чыгарууга да үлгүргөн. 1984-жылы ардактуу эс алууга чыккан Жузеппе көп окуп, билим алууга умтулуусун таштаган эмес.

Атасынын диплом алганын уулу Нинни Фейсбукка сыймыктануу менен жазды. Эми Жузеппе Палермодогу жүз жылдык таржымалы жөнүндө роман жазууну көздөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG