Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстан Кытай менен мурдагыдай соода жүргүзгүсү келет


Кыргызстанга 30-июлда Кытайдын ТИМ башчысы Ван И келди. Бул КЭР өкүлдөрүнүн пандемия башталгандан берки алгачкы сапары. Бишкек бул кездешүүдө чечилиши эң зарыл маселелерди тизмектеп койгон.

Баарынан да ал Кытай менен болгон мурдагы соода агымын калыбына келтирүүнү каалайт, анткени республиканын башка ири өнөктөштөрүнө салыштырмалуу бул багыттагы мамиле эң чоң зыянга учураган эле.

“Ошол мүмкүнчүлүктү кайра ала албайбыз”

Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлеген Кытай 2020-жылы Орусия менен Казакстандан кийинки сапка түшүп калган. 2021-жылы экономикалык мамилелер кайра кызыганда товар жеткирүү көлөмү эки өскөн, бирок ошондо деле Орусиядан кыйла артта калды.

Кыргызстандын Кытай менен жалпы соодасынын көлөмү (96%) – бул кошуна мамлекеттен келүүчү импорт. Кыргызстан Кытайга анча-мынча минералдык чийки зат чыгарат да, ордуна күнүмдүк турмушка керектүү жана өнөр жай товарларынын бардык түрүн сатып алат. Соода бир жактуу жүрүп жатса да, Бишкек кытай импортун көбөйтүүгө ынтызар экенин көрсөтүүдө. Сооданын солгундашына да ал өзүн күнөөлүү сезет.

“Мурдагы бийлик туура эмес саясат жүргүзгөн. Кызматташууну биздин тарап гана токтоткон. Анткени биздикилер жүктү адегенде Кытайдан, анан экинчи ирет бул жактан дезинфекциялоону талап кылган эле. Кытай тарап бир күндө канча жүк машинени дезинфекциялоого мүмкүн экенин эсептеп көрүп, бир бажыкана аркылуу 32 гана машине өткөрүлөт деп бекиткен. Азыр биз мунун баарын жокко чыгарып, Кытай менен макулдашып жатабыз”, - деген жазында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Ван Инин иш сапарынын алкагында кош тараптуу мамилелердин бардык өңүттөрү талкууланары кабарланды. Атап айтканда, саясий, инвестициялык жана маданий кызматташуу, мамлекеттик карызды төлөө маселелери каралат. “Бирок мындан да орчундуу темалар бар – бул соода агымы”, - деп белгиледи Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.

Анын сөзүнө караганда, бул жааттагы алаканы кайра чыңдоо үчүн бар күчтү жумшоо зарыл.

“Биз пандемияга чейинки мүмкүнчүлүктөрдү кайра алууга эч жетише албай келебиз. Мунун айынан биздин ишкерлер жабыркап, соода көлөмү азайып кетти. Ушул багытты биз тереңдете талкуулайбыз”, - деп айтты ал журналисттерге жогорку даражалуу меймандын келишин утурлай.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайды. Чек арадан өтүүчү жүк машинелердин саны 10 эсе кыскарды.

Кытайда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандагы базардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп турат, ошондуктан кытай импортунун азайып кетиши инфляциянын тездешине (9,7 % чейин) таасир этти. Бажы алымдарынын кыскарышы өз кезегинде бюджеттеги тартыштыктын 20 млрд. сомго жетишине алып келди.

Бишкек 2020-жылы күзүнөн тартып “Эркечтам” жана “Торугарт” бажыканаларынан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүнү жана эки өлкө ортосундагы авиа катнашты кайра ачууну Бээжинден өтүнө баштады. Бул маселе Садыр Жапаров Бээжинге 2022-жылы февралда барганда талкууланган болчу.

Садыр Жапаров жана СИ Цзинпин. Бээжин. 2022-жыл.
Садыр Жапаров жана СИ Цзинпин. Бээжин. 2022-жыл.


Март айында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун элдик башкармасынын төрагасы Лю Суше товар жүгүртүү көлөмү пандемияга чейинки мезгилдин деңгээлине жеткенин билдирди. Кыргызстандын Улуттук статкомунун маалыматына ылайык, 2022-жылы Кытай менен болуп жаткан соода чын эле мурдагы күүсүнө келип калды. Беш ай ичинде кошуна өлкөдөн келе турган импорт 1,3 млрд. долларга жетти. Бул былтыркы ушул мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөн 3,5 эсе жогору. Бирок Бишкек бул көлөмгө деле канааттанбай турат, ошондуктан сооданы дагы да кызытуу КЭР тышкы саясат мекемесинин башчысы менен жүргүзүлө турган сүйлөшүүдө башкы тема болот.

“Утурумдук маселелер”

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги дагы бир орчундуу тема – бул “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу. Мурда Бишкек менен Ташкент 30 жылдан бери кагазда калып келген долбоор ушул эле жылы жүзөгө ашырыла баштайт деп билдирген.

Бул магистралдын Бишкек үчүн мааниси канчалык чоң экенин айтпаса да түшүнүктүү. Деңизге чыгар жолу жок бул өлкө эми дээрлик бүткүл Азияны (Кытай жээктеринен тартып Перс булуңуна чейин) туташтыруучу континенталдык жолдун тоомунда болуп калат. “Бул бизге аба менен суудай эле зарыл”, - деп кыска-нуска айтты президент Садыр Жапаров.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу маселеси дайыма экономикалык эмес, геосаясий өӊүттөн көбүрөөк каралып келген. Эксперттик чөйрөдө Москва Бишкектин транспорттук туңгуюктан чыгуучу альтернативдүү жолду табышына мүмкүндүк бербейт деген пикир басымдуулук кылчу. Кремлдин уруксаты жөнүндө айтуу менен Садыр Жапаров өзү да “Орусиянын таасири” жөнүндөгү божомолду тастыктады.

“Буга чейин ушул жолдун бизге аба менен суудай зарыл экенин орусиялык тарапка эч ким түшүндүрө албай келген. ЖККУ саммитинде мен Владимир Владимирович [Путин] менен ушул тема боюнча эки саат сүйлөштүм. Жыйынтыгында ал ынанды да, каршы эместигин айтты, эгер керек болсо, кура бергиле деди. Долбоор үч тараптан даярдалууда”, - деген президент "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде.

Бирок экономист Илимбек Абдиев кыргыз тарап Бээжин менен жакындашууга аракеттенгенде өзгөчө жөндөмдүү экенин көрсөтө элек деп эсептейт. Анын оюнча, айтылган сөздөрдүн баары – күнүмдүк эле жумуш.

“Сүйлөшүүдө сөзгө алганда мамлекеттер аралык экономика, геосаясат жана саясат жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк берет дегидей бул маселелер жаңы эмес. Соода-экономикалык алакалардын солгундашы карым-катыштын коронавирустан кийин үзүлүшү, өнөр жай товарларына болгон суроо-талаптын дүйнө жүзүндө төмөндөп кетиши, дүйнөдөгү жалпы эле баалардын арзандашы, Орусиянын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстандын валютасынын өзгөрүлмөлүгү, кайсы бир деңгээлде Орусияга каршы киргизилген санкциялар, кыргыз-казак чек арасындагы товар ташып өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан.

Дүйнөлүк сооданын чордону Түштүк-Чыгыш Азияга жана Кытайга ооду. Андыктан бул экономикалык жана соода алакаларына өтө чоң таасир этери бышык. Кыргызстандын алдына сырткы карызды төлөө жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу маселеси турат. Мунун баарын талкуулоо зарыл, бул өзү борборлордун бирине ыктоодой көрүнбөшү керек. Булар учурдагы орчундуу маселелер”, - деп түшүндүрдү адис.

“Бир дарбазага тепкен оюн”

Кытайдын Кыргызстанга тийгизген таасири эгемендик жылдары кайсы бир даражада кооптуу мүнөзгө ээ болууда. Бээжин Кыргызстандын дээрлик бардык олуттуу долбоорлорун каржылап, Бишкектин башкы насыячысы болуп калды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытайга карыз төлөнбөй калса, кошуна өлкө Бишкек ЖЭБи, “Датка-Кемин” электр берүү чубалгысы жана Түндүк – Түштүк жаңы автожолу сыяктуу стратегиялык объекттерди өзүнүн башкаруу компаниясына өткөрүп аларын билдирген. Жакынкы жылдары Каржы министрлиги бюджеттин үчтөн бирине чейинки бөлүгүн мамлекеттик карызды төлөөгө жумшайт.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Быйыл биз сырткы карыздын 23 млрд. сомдой бөлүгүн жабышыбыз керек. Келерки жылы – 25 млрд. Ошентип, 10 жыл ичинде биз 30 жылга деп алган карызыбыздан кутулушубуз керек. Тилекке каршы, карызды төлөө милдети менин милдетим болуп калды. Бул карыздардын баары 30 жыл бою алынып келген. Анын теӊ жарымы уурдалып же туура эмес сарпталып кеткен”, - деп кейиген президент Садыр Жапаров.

2018-жылдан бери өкмөт бир насыячыдан алынуучу сырткы карыз жалпы сырткы карыздын суммасынын 50% ашпоого тийиш деп чектөө киргизген. Бул чекке Кытай гана жакындаган – сырткы карыздардын 42,8% ушул өлкөдөн алынган. 2022-жылы бул чек 45% чейин жетти.

Азыркы кезде Кыргызстан Кытайга дээрлик 1,8 млрд. доллар карыз.

Бул эки өлкөнүн алкасындагы саясаттын катышы тынымсыз өсүүдө деп эсептейт экономист Марат Мусуралиев. Анын оюнча, Бээжин дээрлик бардык позициялар боюнча Бишкекти утуп алууга жетишкен.

“Биринчиден, тышкы соода түзүмү: товар жүгүртүүнүн 97 % бөлүгү – бул Кытай импорту. Кыргызстандан Кытайга негизинен чийки зат гана жиберилип турат, ал эми Кытайдан биз жакка даяр өнүмдөр келет, болгондо да анын кыйласы биздин чийки заттан даярдалган. Мунун айынан бир катар экономисттер биздин Кытай менен болгон соодабызды колониалдык мүнөздө дешет”, - деп белгиледи эксперт.

Мусуралиев Кытай менен болгон кызматташууну бир дарбазага топ тебүүгө салыштырат. Мында утулуп жаткан ак толугу менен азыркы жагдайга баш ийип берген, атүгүл өзүнүн мүдөөсүн жактоого аракет да кылбай жатат.

“Мунун себеби жөнөкөй: Кытайдын стратегиясы бар, бизде жок. Сооданы кызыталы деген эле каалоо бар. Кытайлар кошуналарына карата мамилесин ушундай чебер түзүп алган өз өкмөтү менен сыймыктанса болот”, - деп ой жүгүртөт экономист.

Январь айында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонуна байланыштуу президент Садыр Жапаровго жолдогон куттуктоо катында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эки өлкөнүн кош тараптуу алакасы стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлүп, “дүйнө коомдоштугу үчүн мамлекеттер аралык мамилелерди жүргүзүүнүн үлгүсү” болуп калды деп билдирди.

Ал кытай-кыргыз мамилелердин өнүгүүсү эки тарапка эле пайда келтирбестен, Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого да салым кошот деди.
Кыргызстан Кытай менен дипломатиялык алакасын 1992-жылы 5-январда түзгөн. 2013-жылы эки өлкө стратегиялык өнөктөш мамиле курууга өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG