Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Кытайдын башкы дипломаты Бишкекке расмий сапар менен келди


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.

Бүгүн 29-июлда Бишкекке расмий сапар менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, коңшу өлкөнүн башкы дипломаты кыргыз тараптын чакыруусу боюнча келди, Бишкекте анын катышуусу менен бир катар иш-чаралар, жолугушуулар өтөт.

Ван И Борбор Азияга сапарынын алкагында бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

Быйыл январда Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөн. Ага президент Садыр Жапаров катышып, эки мамлекет достуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде кызматташа берерин билдирген.

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт, ал такталып бүткөн. Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG