Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

"Кумтөрдү" Кыргызстанга өткөрүү жараяны аяктады


Кумтөр кени. 2021-жыл.
Кумтөр кени. 2021-жыл.

Кыргызстандын президентинин администрациясы "Кумтөрдү" өткөрүп берүү жараяны биротоло аяктаганын билдирди. Анда Кыргызстандын Британиядагы элчилигинде 29-июлда документтерди алмашуу болгонун, бардык финансылык төлөмдөр расмий Бишкектин пайдасына жүргүзүлгөнү айтылат.

Айрым байкоочулар болсо кен менен кошо экологиялык бир катар маселелер кошо өткөнүн, эми ачык-айкындуулукка көңүл бурулушу зарылдыгын белгилеп жатышат.

Кумтөрдү өткөрүп алуу жараяны аяктаганы тууралуу Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов президент Садыр Жапаровго маалымат берди. Анда “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын бардык акциялары "Кыргызалтын" ишканасына берилгенин ырастаган документтер, ишеним кат жана күбөлүктөр тапшырылганын айтты.

"Бүгүн "Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын 100% акцияларынын Кыргызстандын наамына каттоо жана ээлигине толук өткөрүүнү камсыздап турчу бардык юридикалык документтер мага тапшырылып берилди. Кумтөр кенинин тегерегиндеги жагдай эл аралык коопмчулуктун көңүл чордонунда болуп келди. Биздин дарегибизге көптөгөн сын айтылды. Мына бүгүн сиздин жетекчилигиңизде ийгиликтүү натыйжа менен Кыргызстан өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшкөнүн жалпы дүйнөгө көрсөтө алды. Биздин мамлекеттин эл аралык инвестициялык аброю тастыкталды жана бизге болгон ишеним бекемделди".

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы менен болгон мурда жарыяланган макулдашуу толук аяктаганын ырастап, өзү Кумтөр кенинен толук чыгып кеткенин жана Бишкектин “Центеррадагы” укугун токтотконун маалымдады.

Президенттин администрациясы тараткан мааалыматка ылайык, Садыр Жапаров өкмөткө Кумтөр кенин "Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн улуттук мыйзамдардын (экологиялык, салыктык, корпоративдик, эмгектик ж.б.) жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен натыйжалуу иштетилишин камсыздоого ыкчам тапшырмаларды берди", - деп айтылат.

"Бүгүн, 29-июлда эле "келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлдү. Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт: “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары төмөнкүдөй милдеттенмелер аныкталган:

  • “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт;
  • "Центерра" кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөйт;
  • Кумтөр кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
  • «Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына бул күндү "тарыхый күн" катары сыпаттады.

"Күткөн күн келди, элибиздин үмүтү акталды. “Кумтөр” кенинин кийинки тагдырына, ага ээлик кылуу боюнча талаш-тартыштарга байланыштуу акыркы жаңылыкты эки ооз сөз менен ушунтип айтат элем. Болгондо да кубанычтуу жаңылык экенин баса белгилеп кетким келет. “Кумтөрдүн” Кыргыз Республикасынын менчигине өтүшү менен тарыхый адилеттүүлүк орноду десем аша чапкан болбос. Мында Садыр Нургожоевичтин ролун бардыгы эле түшүнүп турат. Президенттин эрки, убагында элине берген убадасынын өтөөсүнө чыкмайын санаасы тынчыбаган өжөрлүгү чоң роль ойноду",-деп жазды.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Кыргызстан былтыр жазында Кумтөргө сырттан башкаруучу киргизгенден тартып маалымат берүүдө ачык-айкындуулук болбой келгенине токтолду. Ошондой эле буга чейинки тажрыйбаларадан улам мамлекетти мыкты башкаруучу, менежер катары атоого болбой турганын айтты.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Азыр таратылган маалыматтан улам кенге байланыштуу деталдарды, кендин азыркы абалы жана келечеги тууралуу айтуу кыйын. Кен эми Кыргызстанга өткөндөн кийин кен байлыкты казуу, пайдалануу, негизи эле бардык процесстер боюнча былтыр май айынан бери ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги чоң суроо туудуруп келген. Кыргыз өкмөтү башкарган буга чейинки ири ишканалардан улам биздин мамлекет мыкты башкаруучу катары жөндөмүн көрсөтүп бере элек. Ошондуктан бул ишкананы буга чейинкиден жакшыраак кылып башкарып кетет деп айтууга ынанымдуу далил керек болот. Дароо эле баарын канадалыктардан дагы мыкты башкарып кете алат деген ишенимди алдын алуу берүү кыйын".

Дагы бир талдоочу Нурсултан Акылбек Кумтөр менен кошо анын бир катар көйгөйлөрү дагы өткөнүн, аларды чечүү жагдайлары күмөн санатарын белгиледи.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

"Мисалы, азыр "Центерра" дивиденд катары 11 миллион доллар, андан сырткары 50 миллион доллар бир жолку төлөм берет деп жатпайбы. Бирок мурдагыдай эле тобокелчиликтер калды да. Мисалы, бизге Кумтөр менен кошо чоң экологиялык көйгөй калат. Кыргызстандын соту жөндөн жөн эле эки миллиард доллар айып койгон эмес. Чоң маселелерди эми өзүбүз жабышыбыз керек. Андан сырткары "Кумтөрдө канча акча калды" деген суроо бар. "Центерра" бизге 60 миллион доллардан ашык акчаны берип жатат, бирок биз "Центерранын" башка жактагы активдеринен баш тартканбыз. Ошол боюнча аудит өткөрүлгөн жок".

Былтыр апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо-арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Жыл башында Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2021-жыл үчүн отчёту бекитилгени жөнүндө тараткан билдирүүсүндө кенде өткөн жылы 14 миң 561 килограмм алтын казып алынганы, алтынды сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. долларды түзгөнүн билдирген. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк май айынын ортосунда “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирген. Ал жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.

“Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз”, – деген анда Бөлтүрүк.

Садыр Жапаров өзү мурдараак Кумтөрдүн ишине аудит дайындалганын, жалпы маалыматтар ошонун жыйынтыгында берилерин билдирген. Мамлекет башчы да, Министрлер кабинетинин төрагасы да, Тенгиз Бөлтүрүк өзү да “Центерра” менен ажырашуу жараяны толук аяктагандан кийин бардык маалыматтар ачык жарыялана турганын убада кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG