Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:25

"Центерранын" акционерлери Кумтөр келишимин колдоду


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясынын акционерлери Кыргызстандын бийлиги менен кабыл алынган келишимди жактырды. Апрелде кол коюлган документке ылайык, Кумтөр кени жана аны иштеткен "Кумтөр Голд Компани" толугу менен кыргыз өкмөтүнө өткөн.

Анын ордуна расмий Бишкек "Центеррадагы" акцияларынан жана ал компанияга койгон экологиялык доолорунан баш тарткан. Ири кендин тагдырынын мындай жол менен чечилишине коомчулукта пикирлер бир кылка эмес.

"Центерранын" соңку чечими

Кумтөр кени боюнча Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишим "Центерра Голд" компаниясынын акционерлеринин 25-июль, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дөгү кезексиз жыйынында каралды.

Анда келишимди кабыл алуу резолюциясы жана аны ишке ашыруунун мындан аркы планы добуш берүүгө коюлду. Келишим акционерлерге таанышуу үчүн алдын ала берилген. Жыйын көпкө созулбады.

Юсуф Рехман
Юсуф Рехман

"Центерра Голд" компаниясынын вице-президенти Юсуф Рехман (Yousef Rehman) добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырып жатып, келишим кабыл алынганын билдирди:

“Рахмат. Добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде мен резолюция каралганын жана жактырылганын жарыялайм”,- деди Рехман акционерлердин онлайн кеңешмеси учурунда.

"Центерра" добуш берүүдөн кийин тараткан расмий маалыматка ылайык, резолюцияны компаниянын акционерлеринин 96,8% колдоду, 3,17% каршы болду. Адатта акционерлердин үчтөн экиси колдоп добуш берген чечим “өттү” деп эсептелет. “Кыргызалтын” компаниясы акционер катары добуш берүүгө катышкан жок.

Бул документ "Центерра" менен кыргыз тараптын ортосундагы жазында кол коюлган келишим күчүнө кириши үчүн талап кылынган шарттардын бири болчу.

Канадалык компаниянын маалыматына ылайык, келишим күчүнө кириши үчүн Онтарионун Жогорку Сотунун да акыркы чечими керек. "Центерра" тиешелүү документтер бул сотко 28-июлда жөнөтүлүшү мүмкүндүгүн маалымдады.

Кыргызстандын өкмөтү бул жараян боюнча жакын арада түшүндүрмө берерин билдирүүдө. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк да өкмөттүн комментарийин күтүшүбүздү сунуштады.

“Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге 4-апрелде кол коюлган. Президент Садыр Жапаров бул жөнүндө ошол эле күнкү түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялаган. Ал муну өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп сыпаттаган:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык”, - деген анда Садыр Жапаров.

Ал "Центерра" өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болгонун, анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөрүн билдирген. Мындан сырткары Кыргызстан тарапка рекультивациялоо фондунун 53 млн. доллар келерин тактаган.

Садыр Жапаров мындан тышкары “Центерра” АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болгонун белгилеген.

“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастаган. Компаниянын маалыматына ылайык, "Кыргызалтын" "Центеррадагы" 26% акциясын өткөрүп берери, алар "Центерранын" колуна тийгенден кийин жоюлары айтылган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Соттук териштирүүлөр ушул убакка чейин уланып келген.

Акция, соттук иштер жана экологиялык доолор

Кыргызстандын өкмөтүнүн “Центерра” менен келишими коомчулукта көбүнчө колдоого да алынып жатат. Ошол эле маалда андагы бир топ маселелерден күмөн санап, макулдашууну сынга алгандар да бар. Анын ичинде акцияларга жана соттук доолорго байланыштуу дооматтар көп.

Эгер Кыргызстандын “Центерра Голд" компаниясын 26,4% үлүшүн сан жагынан алганда 77 401 766 акциясы бар. Алтын кымбаттаган кезде мунун баасы 1 млрд. доллардан ашкан учурлары болгон.

Быйыл апрелде, келишимге кол коюлган кезде анын наркы 850-860 миллион доллар турчу. Yahoo Finance финансылык маалымат провайдериндеги баа менен чаксак, азыр анын орточо баасы 460-470 млн. долларга тете болот.

Коомдук ишмер жана экс-депутат Ишенбай Кадырбеков буларга токтолду:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

“Келишимдин редакциясын толук окуп чыккан жокмун. Бирок бийлик кабарлаган шарттардан улам кабары бардай болуп жатпайбызбы. Менимче, анын шарттары Кыргызстан буга айласыздан барганын көрсөтүп турат. Анткени улутташтыргандын ордуна жөн эле бирөөнүн оокатын тартып алганга окшоп калды да. Анан алар сотко берди, соттон биз уттуруп коймокпуз. Эгер биз улутташтырып алганыбызда алар сотко да бере алмак эмес, “Центеррадагы” 26% акциябызга да ээ болуп кала бермекпиз. Аларда Кумтөрдүн эсебинен алынган дагы 10 кен бар дүйнөдө, ошонун баарынан ажырап калбадыкпы. Анын үстүнө кен бизде калды дегенибиз менен экология маселелеринин баары өзүбүздүн башыбызда калды. Айтор, эмне үчүн ушул шарттарга көнүштү, мен үчүн түшүнүксүз. Баары жашыруун болуп калгандай, көпчүлүк эл келишимди билбей калдык”.

Азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылган мамлекеттик комиссия былтыр жазда "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

Андан сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту канадалык компанияны Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок быйыл 24-майда Бишкек шаардык сотунда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айып кайрадан жокко чыгарылган. Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер бул чечимди кескин сындап чыккан.

Иш жүзүндө Кыргызстандын бийлиги ушул эки доодон тең кол жууп калып жатат. Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабековдун комментарийин кыстара кетели:

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

“Экология боюнча өтө чоң доомат коюлган. Демек, биз ошол миллиарддаган акчадан баш тартып жатабызбы? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановалар бүт далилибиз бар деп келатып эле, аягында жөн эле утулгандай болуп калып жатабызбы дейм да. Анда болжол менен эле миллиарддарды эсептебей, конкреттүү сандарды койсок болмок. Экология боюнча чоң маселе бар экени чын да. Эки чоң мөңгүдөн айрылдык, таштандылардын башаламан көмүлгөнү, калдык сактоочу жайлардагы башаламандык, ушулардын баары бар. Канча авария болду. 1998-жылы цианид төгүлгөндөн башка, селитра куюлганы, тик учак кулаганы жана башка нерселер бар. Биз эми баарын алып кетип, жөн гана аңгек менен эле калып атпайбызбы. Мен деле тынчтык жол менен чечүүгө кызыкдармын, бирок Кыргызстандын пайдасына чечилсе, макул элем. Ушул шарт менен алсак, Кыргызстан утулган болуп саналат. Баарын алып атабыз дешкени менен “баатырдыкты” аягына чейин жасап салышса болмок”.

Бирок аз күн мурун, тагыраагы 19-июлда атайын брифингде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова “Кумтөргө” келтирилген экологиялык зыян боюнча маселеге чекит коюла электигин айткан эле.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кутманова соттук териштирүү уланып жатканын, ар бир инвестор иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын, анын ичинде жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарды сактоого тийиш экенин белгилеген.

Динара Кутманова
Динара Кутманова

“Мыйзам бузуулар бар экенин үч комиссия аныктаган. Бул жерде менин позицияма карата эч кандай бурмалоо, ошондой эле түрдүү чечмелөө болушу мүмкүн эмес: факт бар жана аны эч ким жокко чыгара элек. Соттук териштирүү уланууда, маселеге акыркы чекит коюла элек”, – деген анда Кутманова.

Баса, ушул эле соттук чечимдер Кыргызстан “Центерра Голд” менен тирешип турган маалда оң жагына чыгарылып, өкмөт алар менен келишкенден кийин кайра терс жагына ооп калганы да кезинде чоң талкуу жараткан.

Айрым саясатчылар муну менен сот системасы ачык эле бийликтин “кол жоолугу” экенин көрсөттү деп билдиришкен. Кандай болгон чакта да соңку келишимден кийин Кыргызстан канадалык компаниядан дээрлик эч кандай доо өндүрө албай калары түшүнүктүү болуп калды.

Колго тийген Кумтөр жана ачык-айкындуулук

Башка жагынан алганда, анча-мынча ынандырбаган жагдайлары менен болсо да Кумтөр кени Кыргызстандын бийлигине өткөнүн кубаттагандар ошол эле маалда анын мындан аркы тагдырына да кызыгып турушат. Ошондон улам да анын киреше-чыгашасы жана бюджетке салымы тууралуу талкуулар улам-улам чыга калып жатат.

Анын үстүнө Министрлер кабинети Кыргызстан Кумтөр кенин колуна алгандан бери парламентке жана коомчулукка толук кандуу расмий отчет тапшырып, суроолорго жооп бере элек. Маалыматтар үзүл-кесил, өз-өзүнчө таратылып келди.

Жалпы киреше тууралуу бирде президент Садыр Жапаров, бирде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүңүнөн маалымат берип жатты. Анда сандар үстүртөн келтирилүүдө. Маселен, кенден былтыр өкмөт жалпы 329 млн. доллар киреше көргөнү, быйыл 500 млн. доллардай киреше табары айтылган.

14-июлда жылдын алгачкы жарымын жыйынтыктаган өкмөттүк кеңешмеде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен тармагындагы абалына да кайрылып, анда Кумтөрдөн түшүп жаткан салыктар кескин көбөйгөнүнө токтолгон:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү. Ал эми 2021-жылы 22,9 миллиард сом гана киреше алганбыз. Биз бир жылда чогулткан салыкты жарым жылда эле алдык. Мунун 75% ашыгын Кумтөр берди. Бул Кумтөрдү алганыбыздын биринчи жыйынтыктары. Бул биздин кирешебиз үчүн эң чоң булак болду. Калганын башка кендер берди. Мындан башка кендер дагы салмактуу киреше бере баштаганын көрүүгө болот”,- деген анда Акылбек Жапаров.

Жыл башында Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2021-жыл үчүн отчёту бекитилгени жөнүндө тараткан билдирүүсүндө кенде өткөн жылы 14 миң 561 килограмм алтын казып алынганы, алтынды сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. долларды түздү деп айтылган. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше – 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк май айынын ортосунда “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде, быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирген. Ал жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.

Тенгиз Бөлтүрүк
Тенгиз Бөлтүрүк

“Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз”, – деген анда Бөлтүрүк.

Ошентсе да коомчулук өндүрүштүн жалпы көрсөткүчтөрү, ишкананын киреше-чыгашасы, кызматкерлердин маянасы тууралуу маалыматтарды толук талап кылып келет. Анын жетишсиздигинен улам түрдүү маселелер чыгып жатат.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 15-июнда парламент отурумунда ("Ата Журт Кыргызстан") Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын сындап чыккан. Ал компания муну үчүн айына 120 миң доллар же 10 миллион сомдой акча төлөп жатканын, мамлекеттик мекеме үчүн бул ысырапкорчулук экенин айткан.

"Улуу көчмөндөр мурасынын" басма сөз катчысы Назира Ахмедова компанияга жалпы аянты 5 миң чарчы метр "А" классындагы кеңсени ижарага алуу келишими былтыр жыл аягында түзүлгөнүн айтып, мурдагы кеңсеге алардын кызматкерлери батпай калганын жүйө келтирген. Ахмедова ошондой эле эски кеңседе “эл аралык инвесторлорду кабыл алганга мүмкүнчүлүк болбой” жатканын тактаган.

Бирок кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк “Учкундан” башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашпаганын билдирип, бул үчүн ага эскертүү берилгенин кабарлаган.

Кайрадан экс-депутат Ишенбай Кадырбековдун сөзүнө орун берели:

“Биз канчалык жаман көрбөйлү, “Центерранын” бир өзгөчөлүгү бар болчу, коомдук компания катары 300 барактуу отчётторун жарыялап турчу. Ай сайын, квартал сайын, жыл сайын толук маалыматтарды чыгарып турчу. Англисче, орусча, жергиликтүү маалыматтарды кыргызча да койчу. Канчалык максаттуу иштетип жатканы башка маселе, бирок ар бир тыйынына чейин, эмне алышканына чейин баарын айтышчу. Кыргызстан дагы өз колуна алгандан кийин элге так маалыматты берип турушу керек. Канча таап жатышат, канчасы бюджетке, канчасы маянага кетүүдө, эмне сатып алып жатышат, ушунун баарын ачык айтып турушса болмок. Себеби бул өкмөттүн байлыгы эмес, бул - элдин байлыгы. Мындан сырткары экология маселелерин кантип чечкени жатышат, кооптуу жагдайлар дагы эле уланып жатабы, же токтотулдубу, баарын айтыш керек эле. Тилекке каршы маалымат жок болуп жатат. Жашырылган нерсе андан бетер күмөн ойлорду туудура берет”.

Президент Садыр Жапаров өзү мурдараак Кумтөрдүн ишине аудит дайындалганын, жалпы маалыматтар ошонун жыйынтыгында берилерин билдирген. Мамлекет башчы да, Министрлер кабинетинин төрагасы да, Тенгиз Бөлтүрүк өзү да “Центерра” менен ажырашуу жараяны толук аяктагандан кийин бардык маалыматтар ачык жарыялана турганын убада кылышкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG