Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Кумтөр: коруктун аймагынан алтын казылабы?


Кумтөрдөгү алтын кендери жаткан мөңгүлөр.
Кумтөрдөгү алтын кендери жаткан мөңгүлөр.

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги өндүрүш көлөмүн көбөйтүү үчүн Кумтөрдүн жанындагы Коёнду жана Борду тилкелери ишке киргизилерин билдирди. Бирок экологдор аталган тилкелерди иштетүүгө тиешелүү мыйзамдар жол бербей турганын, анткени алар экологиялык өзгөчө корголуучу аймактар экенин белгилеп жатышат.

Коёнду - Ак-Шыйрак тоосунун түштүк-чыгыш капталында жанаша жаткан үч мөңгү (Коёнду, Сол жана Оң Коёнду) болуп саналат. Ал эми Борду-Төр мөңгүсү - Көөлүү кырка тоосунун түндүк капталында орун алган. Мөңгүдөн Борду суусу агып чыгып, Көөлү суусуна куят.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова сөз болуп жаткан тилкени иштетүү үчүн кошумча лицензия берилбегенин айтып жатат. Тоголок алтын кенин иштетүүгө берилген өтүнмө четке кагылганын маалымдады.

"Жаңы аянттарды бургулоо керек"

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк 29-июнда парламентте отчет берип жатып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү үчүн Кумтөр алтын кенине жакын жаңы кендерди өздөштүрүү милдети турганын билдирген.

Бирок ал жаңы алтын кендерин казуу үчүн кошумча электр кубаттуулугу жетпей, үч ГЭС долбоорун ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи:

Тенгиз Бөлтүрүк, "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси.
Тенгиз Бөлтүрүк, "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси.

"Жаңы аянттар бар деп жатпайбызбы, Кумтөрдүн түштүк жагында Коёнду деген жер бар. Аянтты бургулайлы деп жатабыз. Анан Кумтөрдүн ары жагында эле Борду деген дагы бир алтын кени бар. Ошол жерди дагы бургулаш керек. Корун (ред.: кендин) көбөйтүү керек болуп жатат. Бирок бизде азыр электр кубаттуулугу жетпей жатат. Ошондуктан биз азыр үч ГЭС куруу долбоорун алганбыз. Чоң Кемин, Орто-Токой жана Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу зарыл. Ошол иштерди уюштурууга өз акчабызды киргизип, азыр тендер бүтүп калды. Ирандын инженердик компаниясы бирөөнү курганы турат. Экинчи долбоорду Орусиянын, Канаданын жана Кыргызстандын компанияларынан турган консорциум ишке ашырат. Сары-Жаз ГЭСин дагы ошол экөөнүн бирөө курат".


Тенгиз Бөлтүрүк айтып жаткан Кумтөрдүн жанындагы Коёнду жана Борду тилкелери андагы Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун буфердик зонасына карай турганы 2013-жылдагы анын чегин бекиткен картада көрсөтүлгөн.

Экологдор 2010-жылдан 2013-жылга чейин коруктун өзөктүк зонасындагы жана андан тышкары жайгашкан Үч-Кошкон, Сары-Булак, Жангарттагы Тоголок жана Сарысай тилкелеринде кен иштетүүгө каршы чыгып, кен казуучу компаниялар жана Мамлекеттик геология агенттиги менен талашып келген.

Илбирстер менен кайберендер жердеген алтын жылга

Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Кубанычбек Жумабаев Коёнду тилкеси жапайы жаныбарлардын миграциялык агымы өтүп, туут мезгилинде түнөк кылган жайы экенин белгиледи.

"Коёнду деген корголуучу аймактарга кирет. Жапайы жаныбарлардын түнөгү. Кайберендер менен илбирстер ушул жерге байырлап, анан андан ары-бери ашып өтүп турушат. Эгер Коёндуну жаап салса, анда жапайы жаныбарлардын жолун - дарбазасын жаап салганга барабар болот. 2011-жылдары "Кумтөр Голд" компаниясы аны иштетүүгө лицензия алып, ал жерге кирип келип, кенди каза баштаганда, ызы-чуу чыгып, берилген уруксаты жокко чыгарылган. Ошол жер дал Коёнду болчу. Бордудан экөө бар. Бири коруктун ичине кирет. Экинчиси сырткары жакта жайгашкан. Бул жерде кайсынысы тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз. Жангарт деген корукка карабайт. Анын ичинде Тоголок алтын кени бар. Анын лицензиясын Кытай компаниясы алып, бирок жылда эле улам биринен экинчисине өтүп, алмашып жүрөт. Жангарт суусу Сары-Жазга куят. Жангарттын эң төрүндөгү мөңгүлөрдөн суу башталган жерде Тоголок алтын кени жайгашкан".

Буга чейин дагы кенчилер менен айлана-чөйрөнү коргоочулардын ортосунда бул тилкелер үчүн байма-бай күрөш жүрүп турган. Бул тууралуу 2019-жылы "Кыргыз токой аңчылык түзүмү" мамлекеттик мекемесинин директору Сабырбек Чукумбаев коруктун чегин тактоодо алтын жылгаларды "Кумтөргө" кен казууга бердирбей, сактап калышканын айтып берген жайы бар.

“2010-жылы коруктун тилкелерин “өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагына киргизебиз" деп документтерин даярдап жаткан учурда Геология жана жер казынасы агенттиги менен катуу талаш-тартыштар болгон. Башында аталган тармактын жетекчилери Эсенаманов анан Чунуев катуу каршы чыгышкан. Алар жаңыдан өздөштүрүлө турган Кумтөрдөгү алтын кендерди жана аларга бара турган жолдорду жаап калат деген негизде биздин аракеттерге каршы турушкан. Баш-аягы төрт жолу ошондой каршылык болгон. Аягында Чунуев тажаганынан макулдук берди окшойт. Анткени экологдор, жарандык активисттер бардыгы биригип, коруктун аймагындагы жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү жок болуп кетет деп коңгуроо кагып туруп алышкан. Ошондо Чунуев кол коюп берген”.

"Мөңгүлөрдү бузууга жол берилбейт". Ак-Шыйрак тутуму.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова "Кумтөр Голд" компаниясы азыркы учурда буга чейин берилген концессиялык аянттын чегинде гана иштеп жатканын айтып, ага геологиялык чалгындооого жана кен казууга төрт лицензия берилгенин, башка дагы 12 чакты өтүнмө кароодо экенин белгиледи.

Динара Кутманова Бөлтүрүктүн айтканын иш-аракет эмес, ниет катары гана баалап, өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарына туура келген тилкелерден кен казууга уруксат жок экенин эскертти.

Динара Кутманова - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; - 13.10 21
Динара Кутманова - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; - 13.10 21

"Кумтөр Голд" компаниясына андан башка лицензия берилген эмес. "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги Андаш, Талды-Булак, "Куттуу-Сай 2" жана Күрмөнтү кендерин иштетүүгө гана лицензия алган. Ал Тоголок алтын кенин (ред. Кумтөрдүн жанындагы кен) иштетүүгө өтүнүч берген. Бирок Коёндуга эмес. Тоголок алтын кени мөңгүлөр тутумунда жайгашкандыктан жана Суу кодексинде чектөө болгондуктан биз ага уруксат берүүдөн баш тартканбыз. Мыйзам боюнча чектөө коюлган аймактарга кен иштетүүгө лицензия берилбейт".

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова Кумтөрдүн айланасындагы жаңы кендерди иштетүүгө даярдык жүрүп жатканын, бирок толук маалымат кийинчерек берилерин айтуу менен чектелди.

“Кенди иштетүү үчүн лицензиялык аянттардын координаттарын тактап жатабыз. Биз азыр бардык укуктук жана башка иштер менен алекпиз. Тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал иштер бүтөрү менен толук маалымат беребиз. Анткени убакыт күтүп турбайт. Бизге азыр белгиленген иштерди батыраак баштоо керек. Мамлекет бир эле мугалимдердин айлыгын көтөрбөстөн, аскер адамдары, дарыгерлер сыяктуу башка бюджеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатуу үчүн толук кубаттуулукта иштеп, өлкө экономикасына дагы көп салым кошушубуз абзел. Албетте, ар кандай тоскоолдуктар чыгат. Бирок биз ага карабай, сүйлөшүү жүргүзүп, биздин мамлекет, өкмөт сыяктуу эле биздин холдинг дагы бул долбоорлорду кыска убакты ишке киргизүүгө кызыкдар”.

Адистердин айтымында, Кумтөргө жанаша жайгашкан Коёнду, Борду, Үч-Кошкон, Сары-Булак, Тоголок, Сарысай жана Жангарт тилкелеринин айрымдары Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун өзөктүк же буфердик зонасына кирип кетсе, кээ бирлери Нарын менен Сары-Жаз дарыяларынын башаты болгон Ак-Шыйрак мөңгүлөр тутумунда турат.

Ал эми 2016-жылы бекитилген Суу кодексине ылайык, кен казуу үчүн буга чейин кыйрагандарынан башка жаңы мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салынат.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдындагы Геоэкологиялык байкоо жүргүзүү боюнча лабораториянын башчысы Исакбек Торгоев ошондуктан ачык жол менен алтын казууга жол берилбей турганын айтты:

"Коёндуда, Бордуда жана берки тескей жактагы Карасай мөңгүсүндө алтын кору бар экени анык. Бирок алардын бардыгы Ак-Шыйрак мөңгүлөр тутуму турган жерде жайгашкан. Ак-Шыйрактан Нарын дарыясы башталат. Сары-Жаз дарыясы дагы Ак-Шыйрактан башталат. Дарыяларга суу берген мөңгүлөрдү сактоо үчүн аларды ачык казууга жол берилбейт. Жалгыз гана жер астынан карьердик жол менен казууга болот. Бирок кендерди жер астынан казуунун чыгымы жогору болгондуктан өзүн актабайт. Ал кендердин техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда пайданы гана эмес, экологиялык чыгымды дагы эсептеш керек".

Абылгазиевдин иши. Бир жыл мурдагы тергөөдөн дайын жок

Ал тапта былтыр кылмыш иши козголгон экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин “Жалпы мамлекеттик маанидеги кен тилкелеринин тизмесин” бекиткен токтомунан өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагына кирип кеткен жана Ак-Шыйрак мөңгүлөр тутумундагы кендер чыгарылбаганы белгилүү болду.

2020-жылы күзүндө толкундоолордон кийин башкарууга келген жаңы бийлик 2021-жылы жазында Кумтөр алтын кенин мамлекетке өткөрүп алуу демилгесин баштаган. Анын алдында УКМК "Кумтөр" ишканасына байланыштуу төрт кылмыш ишин ачканы белгилүү.

УКМК былтыр 22-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарына 2019-жылы “Кумтөр Голдго” кен иштетүүгө мыйзамсыз жер тилкелерин берүү боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жогорку Кеңеш былтыр 17-майда мамлекеттик комиссиянын отчетун уккан учурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш боюнча дагы бир топ жогорку кызмат адамдары жоопко тартыларын билдирген.

“Өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары “Кумтөр Голд” компаниясынын пайдасына жаратылыш ресурстарын жана жер тилкелерин берген коррупция фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Абылгазиевге кылмыш иши ачылды. 2018-жылдын 18-августунда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясында №184 менен катталган буйрукка ылайык, “Кумтөр Голд компани” жабык акционердик коомунун пайдалануусуна жалпы аянты 24 178,2 гектарды түзгөн жер тилкеси, андан 10 070 гектар өндүрүштүк жер катары, ал эми 14 108 гектар запас катары өткөрүлүп берилген. 2019-жылдын 20-февралында Жети-Өгүз районундагы Мамлекеттик кадастрдын филиалы тарабынан жалпы аянты 26 400 гектар жерди убактылуу колдонууга күбөлүк берилген. Анын ичинен 10 070 гектар өндүрүштүк жер катары, ал эми 14 108 гектар запас катары көрсөтүлгөн. Айыл чарбалык жоготуулардын жана алынбай калган пайданын алдын ала суммасы 390 977 566 сомду түздү. Бул жерде да коррупциялык элементтер бар. Мамлекеттик администрациянын мындай чечимин кабыл алууга өлкө башында турган жетекчилерге чейин аралашкан. Алар качан, кимдерге чалып, эмне дешкени, эмнени сүйлөшкөнү, мындай чечимди кабыл алууга ким кантип мажбурлаганын билебиз, бардыгы бар”.


Ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы 27-августта “Центерра Голд” менен 2017-жылы бекитилген Стратегиялык келишимди күчүнө киргизүү алдында, ага мурда иштетүү мөөнөтү өтүп кеткен 10 070 гектарга кошумча, 14 178 гектар жерди кен иштетүүгө берүүгө шек саналып жатканы кабарланган.

"Жер тилкелери боюнча айып тагылган эмес"

Бирок Абылгазиевдин адвокаты Марат Эшперов ага Кумтөргө жер берүү боюнча айып тагылбаганын айтып, ал кол койгон токтомдо кылмыштуу эч нерсе жок экенин айтты:

"Кумтөрдөгү жер тилкелери боюнча айып тагылган эмес. Ага "мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кумтөр боюнча жалпы иш бар. Аны чакырып, күбө катары сурак кылган. Болду. Ал жерде бул боюнча эч кандай айып угузулган эмес. Аталган токтомдо "Кумтөр Голд" компаниясына жер бөлүнүп берилсин" деген жери жок. Аны карап, окуп чыксаңар. Анда кендер тууралуу мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу жалпы кендердин мурдагы тизмесин эле кайра бекиткен токтом болчу. Өкмөт мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу мурдагы тизмени жаңылап, кендердин турган жерин - координаттарын көргөзүп, бекитип берген".


Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2019-жылы 3-июлдагы токтому менен "Жалпы мамлекеттик маанидеги кен тилкелеринин тизмеси" бекитилген. Анда Кумтөгө жакын Үч-Кошкон, Сары-Булак, Тоголок, Сарысай жана Жангарт тилкелериндеги алтын жана калай кендери да көрсөтүлгөн. Бир жылдан ашуун тергелип жаткан кылмыш ишинин сотко өткөнү белгисиз.

Бул иш тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы адвокаттын айтканын төгүндөгөн да, четке каккан да жок.

Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камолиддинов тергөө ишинин мөөнөттөрүн сактоого УКМКнын тергөө кызматы жооптуу экенин айтуу менен чектелди.

"Бул иш боюнча тергөөнү УКМК жүргүзгөн. Ал иш бизде жок. Ошол жакка кайрылышыңыз керек. Бизде жалпы көзөмөл болгону менен ишти тергеген УКМК. Ишти сотко өткөрүү боюнча ушул тарап өзү гана жооп берет. Мыйзамда белгиленген мөөнөттөр бар. Ишти токтотууга негиздер болсо, аны токтотуп коюу боюнча ыйгарым укуктары бар. Ошондуктан бул иштин жыйынтыгы эмне болгонун бир гана УКМКдан сурайсыздар".

13 жыл мурдагы чечимдин уландысы

"Кумтөр" компаниясына кен казуу үчүн кошумча жер тилкелерин берүүнүн таржымалы 2009-жылдагы концессиялык келишимге барып такалат.

Анын ичинде Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун буфердик зонасына кирип кеткен жылгалар да бар экени аныкталган. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын 2021-жылы 17-майда жарыяланган корутундусунда белгиленген.

“Кумтөрдү” иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 2012-жылы 16 330 гектар жердин бир бөлүгү Жети-Өгүздөгү Сары-Чат - Ээр-Таш коругунан "Кумтөр" компаниясына берилип кеткенин иликтеп чыккан. Ал кездеги Бабановдун өкмөтү экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун 2010-жылы 25-февралдагы токтомун жокко чыгарып, бирок 2009-жылы 5-июндагы Чудиновдун өкмөтүнүн кен казуу үчүн коруктун чек арасын өзгөрткөн токтомун күчүндө калтырып койгон.

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев коруктан кен казууга уруксат бербөө керек экенин белгиледи:

Эмилбек Каптагаев, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору.
Эмилбек Каптагаев, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору.

“1994-жылдагы башкы макулдашууда, андан кийин 2003-жылы келишим өзгөргөндө деле Кумтөрдөгү кен каза турган жер аянты 10 070 гектар деп эле көрсөтүлгөн. 2009-жылы жаңы шарттарды камтыган макулдашуу бекитилген учурда 16 330 гектар жерди расмийлештирип берүүнү макулдашкан. Бул жердин бир топ бөлүгү “Кумтөргө” чектеш жайгашкан Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна караштуу. Чудинов менен Үсөновдун өкмөттөрүнүн токтомдору ошон үчүн чыккан. Кыргызстандын алтын кен долбоорундагы үлүшү да кошумча жер тилкелерин коруктун эсебинен расмийлештирип берүүнүн эсебинен жогору көтөрүлгөн. Бирок “Кумтөр Голд” кийин мыйзам негизинде өткөрүлүп бериле турган 16 миң гектардан ашуун жер аянтына мурда эле кирип алып, ал жакта ар кандай геологиялык чалгындоолорду жүргүзүп келген. Мыйзам боюнча ал жакта мындай иштерди жүргүзүүгө тыюу салынган".

2021-жылы Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 2009-жылкы концессиялык макулдашуунун шарттарын сөзсүз аткарууну негиздеп, иш жүзүндө мурдагы премьер Данияр Үсөновдун токтомун калыбына келтиргени көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик комиссиянын отчетунда 2019-жылы 3-июлда Мухаммедкалый Абылгазиев токтом менен бекиткен "Жалпы мамлекеттик маанидеги кен тилкелеринин тизмесине Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна караштуу Үч-Кошкон жана Сары-Булак тилкелери кирип кеткен. Ал эми Стратегиялык макулдашуу ошол эле жылы 27-августта күчүнө кирген. Анда 2009-жылы бекитилген макулдашуунун шарттарын сактоого кепилдик берилип, кыргыз тарап экологиялык доодон баш тарткан.

Бирок бул боюнча кылмыш иши козголгонуна карабай, Абылгазиевдин токтому менен бекитилген кендер тизмесинен Кумтөргө жакын жайгашкан Үч-Кошкон, Сары-Булак, Тоголок, Сарысай жана Жангарт тилкелери чыгарылган эмес.

Анын ичинен канчасы өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарына киргени боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG