Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Украина соту өмүр бою кесилген орусиялык аскердин жазасын 15 жылга алмаштырды


Вадим Шишимарин.
Вадим Шишимарин.

Киевдин коллегиялык соту өмүр бою эркинен ажыратылган орусиялык аскер Вадим Шишимариндин өкүмүн өзгөртүп, аны 15 жыл камак менен алмаштырды. Бул тууралуу жергиликтүү "Грати" басылмасы кабарлады.

Жайкын тургунду өлтүрдү деп айыпталган 21 жаштагы Шишимаринди Киевдин соту 23-майда өмүр бою абакка кескен. Бул Орусия Украинага кол салгандан бери согуш кылмыштарына байланыштуу сот өкүмү чыккан биринчи иш болуп калган. Сот орус аскерин "Уруштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан.

Расмий маалыматта соттук териштирүүдө Шишимарин күнөөсүн моюнуна алып, маркумдун жакындарынан кечирим сураганы айтылат. Ал жайкын тургунду атууга ага буйрук беришкенин айткан. Орусиялык аскердин жакындары июнда апелляциялык арыз берген. Адвокаттар ал күнөөсүн мойнуна алып, өз эрки менен туткунга түшүп бергенин жеңилдетүүчү жагдай катары жүйө келтиришүүдө.

Расмий Киев Орусия басып киргенден бери Украинада 10 миңден ашуун болжолдуу согуш кылмыштарын аныктаганын, орусиялык аскерлер үрөй учурган киши өлтүрүү фактыларына күнөөлүү экенин билдирип келет. Орусия жайкын тургундарга ок атканын четке кагып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG