Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Милиция көл жээгиндеги мыйзамсыз бууканалар боюнча рейд өткөрдү


Рейд учурунда тартылган сүрөт.
Рейд учурунда тартылган сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы көл жээгинде суу үстүнө буукана орнотуп алган үч пансионат боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын 29-июлда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери атайын рейд жүргүзүп, Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Ямайка» пансионаты көл жээгине буукана орнотконун аныкташкан.

Көлдүн үстүнө орнотулган ушундай эле бууканалар “Costa-Brava” жана “Радуга” пансионаттарынан да аныкталган.

“Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБдин электрондук маалымат журналына катталып, учурда тергөө кызматы мыйзамдардын негизинде чечим кабыл алуу үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Өкмөттүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, жээктеги пляждык зонанын аймагында сууда буукана тургузууга тыюу салынат” деп айтылды мекеменин маалыматында.

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты, "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдөгү эс алуусу боюнча видео талкууга түшкөн. 25-июлда социалдык түйүндөргө жарыяланган видео тууралуу комментарий жазгандардын айрымдары көл жээгинде мончо-саунага тыюу салынганына карабастан депутат ошол жердеги мончого түшүп чыкканын айыптап, ал мыйзам бузганын айтышкан. Чөнтөк телефонго тартылган видеодон Түлөбаев суунун үстүндөгү пирсте жыгачтан жасалган жайдан чыгып келатканын көрүүгө болот. 26-июлда ал өзү Фейсбук аркылуу түшүндүрмө берип, фракциялаштары менен чогуу “Costa-Brava” пансионатына барышканын, ошол жерден "эл менен чогуу көлгө түшкөнүн" билдирген жана “Ичине кирип… Кичине жылытып коюптур. Жылынып, кайра чыгып…” деп айткан.

Ысык-Көл жайкысын эс алуучу эң көп каттаган жер. Соңку жылдары анын экологиялык абалы боюнча маселе көтөрүлүүдө. Бир кыз көлдө башын самындап жууп жаткан, бир аял велосипед менен сууга секирген, бирөөлөр итин сууга түшүрүп жаткан видеолор да азыр кызуу талкууланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG