Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Болат Назарбаевдин аянычтуу абалы эмнеге ачык көрсөтүлдү?


Болат Назарбаев менен анын кызы Гүлмира Абишева. Видео репортаждан алынган скриншот.
Болат Назарбаев менен анын кызы Гүлмира Абишева. Видео репортаждан алынган скриншот.

Казакстандын бийлигине жакын жалпыга маалымдоо каражаттары биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаевдин абалы оор экенин кабарлап, майыптар арабасында отурган видеосун жарыялады.

Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакындары жана алардын байлыктары тууралуу суроолор көбөйүп жаткан. Айрым талдоочулар ушунун фонунда Болат Назарбаевдин жакындары ага коомчулукта аёо сезимдерин козгоп, жоопкерчиликтен качууга аракет жатканын билдирүүдө.

Дубайдабы же Казакстанга келдиби?

Болат Назарбаевдин саламаттыгы тууралуу биринчи терс маалыматтар казакстандык медиаларда алгач 22-июлда жарыяланды. Анда анын абалы өтө оор экени кабарланган.

Мындан үч-төрт күндөн кийин “Экспресс-К” басылмасынын сайтында “журналисттер биринчи жолу Болат Назарбаевдин үйүндө болгону” жөнүндө репортаж чыкты.

Сайт жазгандай, гезиттин редакциясына анын кызы Гүлмира кайрылган.

“Назарбаевдердин үй-бүлөсү үй-бүлөлүк сырларды жана 69 жаштагы Болат Абишевичтин ишинин чыныгы абалын ачык айтууну чечти”, — деп айтылат маалыматта.

“Экспресс-К” басылмасы Гүлмира деп тааныштырган аял ачык булактарда Болат Назарбаевдин кызы экени, аты-жөнү Гүлмира Абишева деп берилип жүрөт.

47 жаштагы Абишева Алматы шаарынын жана облусунун сотторунда, жалпы эле сот системасында иштеген. Акыркы учурларда Алматы облусунун Карасай районунун административдик сотунун төрайымы болгон.

Басылманын билдиргенине караганда Болат Назарбаев Карасай районундагы өзү туулуп-өскөн айылда жашап жатат. Маалыматта кыштактын аталышы Шамалган деп берилет, бирок азыр ал Ушконыр деп аталат.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары бир нече апта мурда куду ушул жерге барып, Болат Назарбаевге жана анын эжеси Анипа Назарбаевага тиешелүү делген үйлөр бийик дубалдуу коргондордун ичинде экенине күбө болгон. Анда кароолчу эшикти ачкан эмес жана үйдө Болат Назарбаев эмес, анын туугандары жашай турганын айткан.

“Экспресс-К” сайтындагы видео репортажда Болат Назарбаев үйдүн алдында, майыптар арабасында олтурганын көрүүгө болот. Кадрга илинген бийик дубалдар кароолчу “Назарбаев бул жерде жашабайт” деп айткан үйдүн короолоруна окшош.

Январь окуялары курчуп турган маалда, өлкөдөгү негизги аянттарда миңдеген адамдар “Шал, кет! (Старик, уходи!)” деп кыйкырып турганда Нурсултан Назарбаев таасирдүү Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан кеткен.

Кандуу окуядан кийин бийликте дээрлик 30 жылдай отурган мурдагы президенттин жакындары “чет жакка чыгып кеткени” айтылган.

Анын ичинде Болат Назарбаев Дубайга Кыргызстан аркылуу учуп кеткени бейрасмий маалымдалган. Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова 6-январда Дубайдан Кыргызстанга жеке менчик учак келгенин ырастаган.

“Экспресс-К” сайтынынын репортажында, Болат Назарбаевдин кызы атасы 2015-жылдан бери ооруп жүргөнүн, коомчулукка эч кандай маалымат айтпай келишкенин белгилейт.

Гүлмира Абишева атасын бутуна тургузууга аракет кылышканын, чет жакта дарылашканын, бирок жарым жыл мурда ал өзү мекенине кайтып келүүнү чечкенин билдирет.

Гезит жазгандай 2015-жылы Болат Назарбаевге рак же өсмө диагнозу (бөйрөктүн карциномасы) коюлган. “Ошол учурда трансплантация жасалган. Бирок кант диабетинин оор даражасынан улам оору өрчүп кеткен. 2021-жылы дарыгерлер ага дагы бир илдет – кекиртек рагы (рак гортани) диагнозун коюшкан”, - деп айтылат баянда. Өткөн жылы Германияда ага кекиртегине операция жасалганы да кошумчаланат.

“Тилекке каршы, ушул тапта абалы жакшырбай жатат. Бирок акырындап болсо да отура баштады, өзү баса албайт, тамак жей албайт. Дарыларын гана ичет”,-деп келтирет гезит Гүлмира Абишеванын сөзүн.

“Болат Назарбаев сүйлөбөйт, бирок бардык нерсени түшүнөт. Колдору менен жаңсап бирдемелерди көрсөтөт же бир нерселерди жаза алат. Андан ашыкчасына күчү жетпейт. Биз баргандан кийин кыжалат боло баштады жана жаңсоо менен фломастер сурады. Атайын тактайчага бирдемелерди жазып, кызына көрсөтүп жатты”, – деп жазат баяндын автору Назарбаевдин иниси тууралуу.

Репортажда Болат Назарбаевдин кызы андан ары атасы “дагы ооруканага алып кетип калат” чочулап, кыжалат болуп жатканын айтат. “Биздин үйгө журналисттер биринчи жолу келди, аны биринчи жолу ушундай абалда көрүп жатышат”, – дейт ал. Анын сөзүнө караганда, Болат Назарбаев 2021-жылы күзүндө жасалган операциядан кийин комага түшүп, клиникалык өлүмдү баштан кечирген.

Басылма учурда Болат Назарбаевдин жанында анын жакындары, аялы, эжеси жана балдары гана калганын белгилейт. Кайсы аялы жөнүндө кеп болуп жатканы белгисиз. Биринчи жубайы 2020-жылы каза болгон. Маалымат каражаттары ошол учурда Болат Назарбаевдин бир нече аялы бар экенин, баарынан балдары бар экенин жазып чыгышкан.

Репортажда мындан сырткары Казакстандын мурдагы президенти да эскерилет. “15-июнда Нурсултан Назарбаев Шамалганга келип кетти, алар ата-энесинин үйүндө жолугушту. Жакындарынын айтымында, ал инисинин саламаттыгына абдан кабатыр болуп жатат. Ал Болаттын жанында бир сааттан ашык олтуруп, дарыгерлер менен сүйлөшүп, “баары жакшы болот” деп жубатып кеткен”, – деп жазат “Экспресс-К” сайты.

Нурсултан Назарбаев Шамалган айылына келип кеткени тууралуу расмий маалымат чыккан эмес. Ал Январь окуяларынан кийин коомчулуктун алдында бир нече жолу гана чыккан.

Экс-президенттин инисин эмне үчүн көрсөтүштү? Пикирлер

Соңку репортаждан кийин коомчулукта Болат Назарбаевдин жакындары эмне үчүн майыптар арабасында олтурган оорулуу адамды көрсөтүшкөнү чоң талкуу жаратты. Социалдык желелерде айрым колдонуучулар ага боору ооруса, кээлери таасирдүү үй-бүлө “атайылап коомчулуктун аёо сезимин козгогусу” келип жатканын божомолдоп жатышат.

Кай бирлери болсо мурдагы президенттин бир тууганы “акыркы жети жылдан бери өтө катуу оору менен алышып келгени” тууралуу маалыматка өзгөчө басым жасап жатышат.

Журналист Серик Абикенулы Болат Назарбаев бул жылдары активдүү саясий ишмердүүлүгүн эч качан токтотпогонун белгиледи.

“Алматы облусунда канча имарат ачылса да, мейли мечит болсун, эстелик болсун, Болат Назарбаев тасмасын кесип жүрдү. “Ал иштерден алыс болгон, анын иштерин башкалар жүргүзүп жатты” дешкени чындыкка дал келбейт. Ал чоң тойлорго да катышып, өзү да тойлорду уюштуруп жүргөнү жашыруун эмес”, – дейт ал.

Журналист “Азаттыктын” казак кызматына берген комментарийинде Болат Назарбаев коомчулукта жоопкерчиликтен качууга аракет жатат деп эсептей турганын да кошумчалады:

“Эгер оор дартка чалдыкканы чын болсо, андай адамга бирөөнүн жаны ачыганы, ачыбаганы маанилүү эмес. Өмүр үчүн алпурушуп жаткан киши үчүн башка дүйнөнү ойлоого чамасы да келбейт. Балким айланасында жүргөндөр анын оорусунан пайдаланып, аёо сезимдерин жараткысы келип жаткандыр”, – дейт Серик Абикенулы.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык желелерде жарыяланып келген көптөгөн маалыматтар Болат Назарбаев акыркы жылдары активдүүлүгүн токтотпогонун күбөлөндүрүп турат.

Маселен, ал 2016-жылы Нурсултан Назарбаевдин Талды-Коргондогу эстелигинин ачылышына катышкан. Бул эстеликти Январь окуялары учурунда нааразылыкка чыккандар бузуп салышканы менен белгилүү.

Болат Назарбаев ошондой эле 2017-жылы “Туулган жер” программасынын алкагында өзүнүн айылындагы жакыр адамдар үчүн 17 үй куруп берген. Бул басма сөздө эң ири кайрымдуулук акциясы катары чагылдырылган.

2019-жылы күздө Түркестан облусунун Шардара районунда Болат Назарбаевдин уулдарынын сүннөт тою өткөн. Ага ал өзү полициянын коштоосу менен келген.

Талаада көк бөрү уюштурулуп, артисттер ырдашкан. Болат Назарбаев сахнада туруп, доллар таратып жатканы тартылган. YouTube видео хостингине эки жыл мурда жарыяланган видеодо, ал диванда олтуруп бийлеп жатканы тартылган.

Саясатчы Рысбек Сарсенбайдын пикиринде Болат Назарбаевдин ден соолугу тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну Нурсултан Назарбаев өзү чечип, уруксат берген болушу мүмкүн:

“Болат Назарбаевдин тиешеси бар мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалымат чыгып, даттануулар көп болуп атпайбы. Эгер ошонун бирөөсү боюнча эле кылмыш иши козголсо, тергөө ага келип такалат. Буга чейин аны калкалап келген агасы Нурсултан аны куткара алабы, жокпу, маселе ошондо”, – дейт ал.

Казакстандын бийлигин көп жылдан бери сындап келаткан журналист Гүлжан Ергалиева да Болат Назарбаевдин дарты жөнүндө маалыматты коомчулукка чыгарууну ачык эле “аёо, боор ооруу сезимин” жаратуу деп мүнөздөдү.

“Оору - бул интимдик маселе. Аны жарыялаштын эмне кереги бар эле? Жөн эле атайылап коомчулук аясын деп чыгарып жатышат. Эмне үчүн? Анткени Болат Назарбаев өзү же жакындары жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Январь окуяларынан кийин коом азыр ошону талап кылып жатат, адилеттүүлүк болсун деп жатат. Канчалаган адамдар журналисттерге кайрылып, сотторго жазып, Назарбаевдердин үй-бүлөсүнөн жабыр тартканына даттанып жатышат. Назарбаевдерде моралдык жана финансылык жактан өтө чоң карыздары бар. Менимче алар биринчи кезекте мыйзам алдында жоопкерчилик тартышы керек”.

Назарбаевдер жана рейдерлик

“Экспресс-К” сайтынынын кабарчысына Болат Назарбаев үйүн көрсөтүп жаткан кызы Гүлмира Абишева “мына, бизде эч кандай тик учактын аянтчасы жок, гольф-клуб да жок, ар бир бизнесмен кура ала турган эле кадимки үйлөрдүн бири” деп айтып жатат.

Бирок кенже Назарбаев көп бизнесмендердин бири эмес. Анын аракеттеринен жабыр тартканын айткан адамдар Болат Назарбаевди “каалаган ийгиликтүү бизнести тартып алууга кудурети жеткен өтө бай жана таасирдүү адам катары” сүрөттөшкөн. Алар Назарбаевдин иниси отуз жылдай президент болгон агасына таянып, эч качан жазаланбай деп ишенгенин айтышат.

Журналисттерге кээде гана баарлашкан Болат Назарбаев интервьюларынын биринде ийгиликке өз алдынча жеткенин айтканы бар.

“Адамдар мага агам жардам берет деп ойлошот. Ушул убакка чейин мен андан эч качан кызмат сураган эмесмин, кайсы бир жерде иштегим келет деп айткан эмесмин. Эгер адамдын өз башы иштесе, өзүнүн фамилиясы эле жетет. Мен ишти өзүм алып кеттим”, – деген ал.

Башка бир интервьюсунда болсо Болат Назарбаев эч кимге зыян келтирбегенин, эч кимден эч нерсе албаганын, тескерисинче адамдарга, досторуна, маданият кызматкерлерине жардам бергиси келерин белгилеген.

Январь окуяларынан кийин экс-президент Нурсултан Назарбаевдердин таасири азайып, анын үй-бүлө мүчөлөрү биринен сала бири кызматтарынан кетишти. Айрымдары камакка алынды. Мунун фонунда бир нече ишкерлер анын иниси Болат Назарбаевдин рейдерлик аракеттерине туш болгонун даттанып чыгышкан.

6-апрелде Almaty steklo заводунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана башкы директору Азим Абдуллаев Болат Назарбаев анын ишканасынын жарымына ээлик кылып алганын айтып чыкты. Абдуллаевдин айтымында, Болат Назарбаевдин уулу Нурбол аны ай сайын 250-300 миң доллар берүүгө мажбурлап турган.

Андан мурдараак, март айында Казакстандын Финансылык мониторинг башкармалыгы Болат Назарбаев менен аффилирленген (байланышкан) майнинг компаниялар аныкталганын кабарлаган. Ал ишканалардын иши токтотулган. 21-июнда ушул эле башкармалык Болат Назарбаевдин “рейдерлик аракети” боюнча иштер иликтене турганын тактаган.

"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Асылхан Мамашулы макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Которгон: Эрнист Нурматов

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG