Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Назарбаевдердин арааны: жайлоодогу хан сарайлар


Жайлоодогу резиденция: Жекеге өткөн Үч-Коңур
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:12 0:00

Жайлоодогу резиденция: Жекеге өткөн Үч-Коңур

Ордо калаадагы мурдагы мамлекеттик резиденциялар жана Ала-Тоодогу Үч-Коңур жайлоосундагы миңдеген гектар жайыт Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин менчигине өткөн.

Нур-Султандагы жасалма аралда тургузулган айрым “хан сарайлар” экс-президенттин уулдарына, башкалары кыздары менен күйөө балдарына таандык. “Азаттыктын” казак кызматынын жаңы иликтөөсүндө экс-президенттин ээлигиндеги миллиондук дагы башка мүлктөр көрсөтүлөт.

Мамлекеттик үгүтчүлөр “Нурсултан Назарбаев — Казакстандын ордо калаасынын башкы архитектору” дешет. Мурдагы президенттин ысымын алган бул шаарда соңку 20 жылда жүздөгөн имараттар пайда болуп, көпчүлүгү мамлекеттин эсебинен тургузулган.

Ошол эле кезде Есил дарыясын бойлото өтө көп кымбат баалуу үйлөр, ал дарыядагы жасалма аралда “хан сарайлар” пайда болду. Мунун баары Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык, бекем коргоого алынган.

Казакстандын борборун аралап өткөн Есил дарыясындагы жасалма арал
Казакстандын борборун аралап өткөн Есил дарыясындагы жасалма арал

“НАЗАРБАЕВДИН УУЛДАРЫНЫН” ҮЙЛӨРҮ

2004-жылы Ак ордо курулуп бүткөндөн кийин Есил дарыясында жасалма арал пайда болду. Расмий түрдө "Жашыл арал" деп аталат. Аны, Ак ордону жана Назарбаевдин кеңсесин атайын жол бириктирип турат. Көрүп-билгендер бул район курула баштаган кезден бери эле катуу кайтарууда экенин айтышты. Жагдай азыр деле өзгөрө элек.

Беш келкиге бөлүнгөн аралдын аймагы кадастр маалыматтар коруна киргизилген. Жалпы аянты 118 341 чарчы метр, б.а. 12 гектарга жакын. Аралдагы эң чоң жер тилкеси бар “хан сарай” президент Нурсултан Назарбаевге 2007-жылы тартууланган.

Аларда теннис корту, тик учак конуучу аянтча жана чарбалык курулма бар. Бирок азыр анда мурдагы президент жашап жатабы же жокпу, белгисиз.

2022-жылы 18-январда, Январь окуяларынан кийин, Нурсултан Назарбаев “Казакстандын борбор шаарында ардактуу эс алуудамын, эч кайда кеткен жокмун” деген эле. Документтерди карасак, ошондон эки күн кийин Назарбаев ак сарайлардын бирин 17 жаштагы Тауман Нурсултандын атына жаздырганын көрөбүз.

2000-жылдардын аягында көз карандысыз басылмалар Нурсултан Назарбаев менен анын “үчүнчү аялы” Асел Курманбаеванын “Тауман жана Байкен аттуу эки уулу бар” деп жазышкан эле. Ошондон бери экс-президент бул маалыматтарды ырастай элек, бирок төгүндөгөн да эмес.

Аралдагы үч гектардан ашуун жер президенттин иш башкармалыгына берилген. Маалымат Нур-Султан шаарынын жер катыштарын тескөө башкармалыгынын геопорталында көрсөтүлгөн. Бул жер базада резиденция деп аталган, аны куруучу деп президенттин иш башкармалыгы белгиленген, бирок анда курулуш иштери жүргүзүлбөй келет. Тосмосу да жок. “Азаттыктын” расмий суроо-талабына башкармалык "жасалма аралга эч кандай тиешебиз жок, андагы үйлөрдү курууга акча бөлгөн эмеспиз" деп жооп берди.

Мурда резиденция “Нура” деп аталып, анда Казакстандын президенти турчу. Азыр Назарбаевдердин жеке менчиги болуп калды.
Мурда резиденция “Нура” деп аталып, анда Казакстандын президенти турчу. Азыр Назарбаевдердин жеке менчиги болуп калды.

Аралдагы Тауман Нурсултанга таандык бөлүгүнөн башка жерлердин баары экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин менчиги болуп саналат. Январь окуяларынан кийин ал дагы чоң жер тилкесин уулу Нурбол менен кызы Кундузга өткөрүп берди.

"Жашыл арал" жасалып жаткан кезде эле ага жанаша тилкеде заңгыраган ак сарай курушту, анын тегерегиндеги аймакты жакшы көрктөндүрүштү. Жети жыл мурдагы расмий документтер боюнча бул район Казакстандын президентинин “Нура” резиденциясы деп аталчу. Б.а. мамлекеттин менчиги эле. Азыр бул резиденция да Назарбаевдин менчиги болуп саналат.

Сарай экс-президентке “Кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча дирекция” аркылуу берилген. Аталган компания “Эл башы фондуна” таандык. Фонддун негиздөөчүсү – Нурсултан Назарбаев.

Саал кичине экинчи үй да “Эл башы фондуна” караштуу. Үч гектарлык жер тилкеси жана андагы үй Байкен Нурсултандын атына жазылган. Бул мүлк 2017-жылы анын наамына катталган. Үч үйдүн аймагы бир дубал менен курчалган. Үчөөнө тиешелүү тик учак аянтчасы бар.

АРАЛДЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ САРАЙЛАР

Бул жактагы курулуш 2010-жылы кызуу башталып, байманалуу үйлөрдөн тизилген VIP-шаарча пайда болду. Алардын катарында экс-президенттин жээни Кайрат Сатыбалдынын азыр камакка алынган сарайы бар. Мындагы жер тилкесинин аянты да аз эмес — 31 691 чарчы метр.

Документтер боюнча үйдүн ээси – Кайрат Сатыбалдынын уулу Исмаил
Документтер боюнча үйдүн ээси – Кайрат Сатыбалдынын уулу Исмаил

“Азаттыктын” кабарчылары бул объект былтыр Кайрат Сатыбалдынын уулу Исмаилдин атына жазылганын аныктады.

Нур-Султандагы бул кыймылсыз мүлк Нурсултан Назарбаевдин келини Светлана Назарбаевага таандык. 2022-жыл, 14-июнь
Нур-Султандагы бул кыймылсыз мүлк Нурсултан Назарбаевдин келини Светлана Назарбаевага таандык. 2022-жыл, 14-июнь

Мунун бет маңдайында дагы бир сарай турат, ал Исмаилдин чоң энеси, Кайрат Сатыбалдынын апасы Светлана Назарбаеванын атына катталган. Ага караштуу аянт 30 251 чарчы метр жер мамлекеттен ижарага алынган. Артындагы бир кабаттуу чоң үй 2020-жылы курулган.

Жалпысынан, бир чолок көчөдө үч үй жайгашкан: экөө Кайрат Сатыбалдынын уулу менен апасына таандык, үчүнчүсү Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия менен анын күйөөсү Димаш Досановдун атына жазылган.

Аянты 22 324 чарчы метрди түзгөн аймакта эки коттеж турат. Спутниктен тартылган сүрөттөргө карасак, курулуш беш жыл мурун аяктаган экен.

Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев ушул үйгө “Кипрос” компаниясы аркылуу ээлик кылат. Нур-Султан, 2022-жыл, 13-июнь
Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев ушул үйгө “Кипрос” компаниясы аркылуу ээлик кылат. Нур-Султан, 2022-жыл, 13-июнь

Жашыл аралдын аркы жагындагы жер – бул Есил дарыясынын оӊ жээги, борбор шаардын Алматы районуна карайт. Мында да чоң сарай бар. Мурда бул жерде дачалар бар эле, азыр алардын ордуна үчүнчү “хан сарай” курулууда. Бул үч сарай жана 20 гектардай жер экс-президенттин ортончу күйөө баласы Тимур Кулибаевге таандык. Ал ушул мүлккө “Кипрос” компаниясы аркылуу ээлик кылат.

Казакстандын мурдагы баш прокурору Рашид Тусипбеков – Нурсултан Назарбаевдин кошунасы
Казакстандын мурдагы баш прокурору Рашид Тусипбеков – Нурсултан Назарбаевдин кошунасы

Аралдын тегерегиндеги аянт дээрлик бүт бойдон Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык. Мартабалуу кошуналарынын арасында көп жылдар бою баш прокурор болуп иштеген Рашид Тусипбеков, түрмөгө отуруп чыккан мурдагы премьер-министр Серик Ахметов жана президенттикке талапкерлигин койгон эл арасында "тактеке" деген атка конгон Абилгазы Кусаинов бар. Мүлктөрдүн бир бөлүгү алардын аялдары менен балдарынын атына катталган.

2015-жылы борбор шаардын акимиаты арал менен Назарбаевдин башка резиденцияларын туташтыруучу атайын жолдордун долбоорун иштеп чыккан. Долбоор “Нура” резиденциясынан “Арай” резиденциясына чейинки жол" деп аталчу. Бирок ал аягына чыкпай калды. Ошентсе да документте экинчи резиденциянын координаттары көрсөтүлгөн. Бул Назарбаевге таандык дача. Нур-Султан кан жолун бойлото созулган 149 гектар жер – Караганды, мурда ал мамлекеттин карамагында эле, эми жеке менчик. Жер кадастрынан жашырылган. Бул жактагы экинчи имарат базада дагы эле турат. Анын ээси деп Байкен Нурсултан жазылган. Тушундагы гольф-клубга Назарбаевдин күйөө баласы Кулибаев баягы эле “Кипрос” компаниясы аркылуу ээлик кылат.

Ошентип, борбор шаарда Нурсултан Назарбаев жана анын туугандары ондогон өтө чоң үйлөргө жана жалпысынан 200 гектарлык жерге ээлик кылат. Биринчи президент жөнүндөгү мыйзам боюнча ага кызматтык батир жана дача берилиши керек. Бирок мамлекеттик мүлктүн бир кыйла бөлүгү экс-президенттин үй-бүлөсүнө 2019-жылдын 19-мартына чейин эле өткөрүп берилген болчу.

ҮЧ-КОҢУР ЖАЙЛООСУ КАНТИП ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КАРАШТУУ БОЛУП КАЛГАН?

Иле Ала-Тоо улуттук паркына чектеш Үч-Коңур жайлоосу Назарбаевдин туулган айылы Шамалгандан 16 километр аралыкта жайгашкан. Ал жакка кеткен жол бир кезде Алжан апа деп аталып жүргөн көчөдөн башталат. (Экс-президенттин энесинин аты Алжан). Жолдун эки жагында Болат Назарбаев менен Анипа Назарбаеванын “хан сарайлары” жайгашкан. Кароолчу алар бул жакта январдан бери жашабайт деди.

Үч-Коңурда Нурсултан Назарбаевдин дагы бир резиденциясы бар. Ага барчу жол тегиз, газ түтүгү, электр чубалгысы тартылган. Жайлоодо шаар турмушуна бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Бирок бул жол аркылуу резиденцияга чыгып баруу мүмкүн эмес – ал аймакты шлагбаум тосуп турат.

Бул тосмонун ары жагындагы миӊдеген гектар жер Назарбаевдерге өткөн. Алматы облусундагы Үч-Коӊур жайлоосу. 2022-жыл, 21-июнь
Бул тосмонун ары жагындагы миӊдеген гектар жер Назарбаевдерге өткөн. Алматы облусундагы Үч-Коӊур жайлоосу. 2022-жыл, 21-июнь

“Азаттыктын” кабарчылары президенттин резиденциясына башка жагынан жакындап барышты, бул үчүн капчыгай аркылуу эки саат жол жүрүштү.

Үч-Коңурдагы резиденция, ал Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын атына жазылган.
Үч-Коңурдагы резиденция, ал Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын атына жазылган.

Бир кабаттуу, бирок көлөмү өтө чоң үйдүн короосунда ак өргөө тигилген. Кайрат Сатыбалдынын Алматыдагы үйүнүн алдында дагы ушундай боз үйдү көрүүгө болот. Бул жерде бир эмес эки тик учак конуучу аянтча бар. Үйдүн жанындагы жер иштетилип жатканын байкадык. Сарайдан мурун курулган имарат Google картада былтыркыга чейин “медресе” деп көрсөтүлүп келген.

Резиденциянын каршы тарабында дагы бир курулуш жүрүп жатат. Азырынча имараттын темир сөөгү эле турат. Байкоо камералары орнотулган. Сарай жана башка үйлөр өзүнчө тосмо менен тосулган, тик учак аянтчасы менен авто койгуч да өзүнчө темир тосмо менен тосулган.

Үч-Коңурдагы резиденциянын көрүнүшү.
Үч-Коңурдагы резиденциянын көрүнүшү.

Үйдөн төрт километр аралыкта анча чоң эмес көл бар. Көлдүн жээгинде кум жээк кылып жасалган.

Үч-Коңурдагы миңдеген гектар жерди Назарбаевдин жакындары кантип менчикке алган?

Кайрат Сатыбалдынын Үч-Коӊурагы резиденциясынын жанындагы курулуш
Кайрат Сатыбалдынын Үч-Коӊурагы резиденциясынын жанындагы курулуш

“Жарандар үчүн өкмөт” мамлекеттик корпорациясынын маалыматтарына ылайык, эки сарай жайгашкан тилкенин жана тосмо менен тосулган дагы бир тилкенин ээси - Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды.

Резиденция курулуп бүткөндө тартуулоо жолу менен анын менчигине өткөрүлдү. Мурда “медресе” жайгашкан имарат анын аялы Асел Бахтияр кызынын менчигинде турат.

Курулуш жүрүп жаткан жер тилкеси Steppe AgroMeat компаниясына таандык. Бул шериктештик Болат Назарбаевге Prime Capital RE Karasay жана Prime Capital Holding компаниялары аркылуу карайт.

Мындан тышкары, Болат Назарбаев Prime Capital Holding компаниясынын бутактары болуп саналган Breeding company, QazAgro Centre, Steppe AgroMeat аркылуу чоӊ жер тилкелерине да ээлик кылат. Үч-Коңурдагы Назарбаевдин жакындарына караштуу жерлердин жалпы аянты 9147 гектардан кем эмес. Ошондой эле алар убактылуу пайдаланууга 1500 гектардай жер алган. Расмий документте көрсөтүлгөндөй, жер тилкелеринин бири акысыз пайдалануу укугу менен алынган.

Үч-Коңур жайлоосу.
Үч-Коңур жайлоосу.

Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Кайрат Сатыбалдыга таандык кыймылсыз мүлккө чек койду. Бул чектөө Болат Назарбаевге таандык мүлккө да тиешелүү. Агенттиктегилер ага каршы иштин козголушу жана Сатыбалдынын ишине тиешеси жөнүндөгү расмий суроо-талапка так жооп берген жок.

Бул иликтөөнү жүргүзүп жатып, “Азаттыктын” кабарчылары борбор шаардагы мамлекеттик жана башка резиденциялар, ошондой эле Үч-Коңурдагы аймак булардын менчигине кандайча өтүп кеткенин аныктоо үчүн Нурсултан Назарбаевдин кеңсесине, Болат Назарбаевдин фондуна расмий суроо-талап менен кайрылды. Формалдуу түрдө берген жоопто конкреттүү суроолордун жообу камтылбаган. Назарбаевдин кеңсесинен “бул суроолор биздин компетенцияга кирбейт” дешти. Ал эми “Саликалы урпак” фондунан Болат Назарбаев негиздөөчү экендигин тастыкташты, бирок кайрымдуулук иш-чараларын тизмектеп коюу менен эле чектелишти.

Мурда “Азаттыктын” кабарчылары Назарбаевдин Алматыдагы сарайларын иликтеген эле. ошондо экс-президенттин үй-бүлөсүнө Аль-Фараби даңгыр жолунан өйдө барган туштагы Бостандык районунда жайгашкан 135 гектар жер таандык экендиги аныкталган болчу.

Айрым маалыматтарды издөө жагынан “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчыларына жактоочу Гүлнара Жуаспаева жардам берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG