Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

"Улут лидери" мыйзамы Назарбаевдерди коргой алабы?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Казак бийлиги экс-президент Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалдынын камакка алынганы "Улут лидери" жөнүндөгү мыйзамга каршы келбей турганын билдирди. Анткени туңгуч президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кол тийбестик укугуна ээ жана алардын мүлкү мыйзам менен корголот.

Кайрат Сатыбалды "Элбашы жөнүндө мыйзам" менен корголобу?

Казакстандын Юстиция министри Канат Мусин дүйшөмбүдө "Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, Назарбаевдин маркум инисинин уулу, Улуттук коопсуздук комитетинде ар кандай кызматтарды ээлеген Кайрат Сатыбалдынын камакка алынышы "Элбашы жөнүндө мыйзамга" каршы келбестигин билдирди.

"Биринчиден, бул мыйзам үй-бүлө мүчөлөрүн аныктайт. Ал жерде бир туугандарынын балдары тууралуу сөз жок. Экинчиден, туңгуч президент жөнүндөгү мыйзамда алгач президент жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, жаңылышпасам алар кылмыш жоопкерчилигине тартыла албайт деп жазылган. Айып да тагылбайт. Ал эми аларга суроо берүүгө жана жооп алууга эч кандай тыюу жок”.

Кайрат Сатыбалдыны Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кармаган учур. Сүрөт kozachkov offside Телеграм каналынан алынган.
Кайрат Сатыбалдыны Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кармаган учур. Сүрөт kozachkov offside Телеграм каналынан алынган.

Министр Мусин туңгуч президент жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Юстиция министрлигинин планы жок экенин кошумчалады. 2010-жылы коңшу өлкөдө Нурсултан Назарбаевге “Элбашы” деген макам берилген. Атайын мыйзамга ылайык, Элбашынын өмүрүнө коркунуч келтирүү - Казакстанда террористтик кылмышка барабар деп саналат. Кол тийбестик биринчи президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө да жайылтылат.

Расмий маалыматта айтылгандай, январда 227 кишинин каны төгүлгөн окуядан кийин Акордодогу бийлик тиреши ачыкка чыкты. Токаев менен Назарбаев саясий тирешти четке какканы менен экс-президенттин жакындары жогорку кызматтарынан кол жууду.

13-мартта Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалды кармалган. Ага "Казахтелеком" акционердик коомунан уурдалган каражатка байланыштуу кылмыш иши козголгон. Үч күндөн кийин казак бийлиги Кайраттын жубайы Гүлмираны "иш ордун мыйзамсыз басып алган" деген шек менен кармаганы маалым болгон.

51 жаштагы Кайрат буга чейин бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Башкалаа Нур-Султандын акиминин орун басары, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларынын жетекчиси болгон. 2010-2015-жылы Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.

"Азаттыктын" казак кызматы Кайраттын Алматынын жогору жагындагы жер тилкеси менен ак сарайын таап чыккан. Ошол эле жердеги ондогон гектар жерге салынган баасы асман чапчыган ак сарайларга Назарбаев кыздары менен ээлик кылары аныкталган.

Кызматтан алынган кудалар

17-мартта Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы бизнесмен Кайрат Боранбаев камакка алынды. Ага “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоо” беренеси менен айып тагылды.

Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевге күйөөгө чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо маңзатка ууланып каза болгонун британ басылмалары жазып чыккан.

Жогорку кызматтан кол жууган Назарбаевдин дагы бир кудасы - Берик Имашев. 25-январда президент Касым-Жомарт Токаев Имашевди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан алган. Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиев Имашевдин кызы Аидага үйлөнгөн.

Дарига Назарбаева 25-февралда парламенттин төмөнкү палатасынын депутатынын мандатынан баш тартканын жарыялаган. Мурдагы спикер, 57 жаштагы айым мындан ары коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштери менен алектенерин айткан.

Нурсултан Назарбаев үй-бүлөсү менен. 1992-жыл.
Нурсултан Назарбаев үй-бүлөсү менен. 1992-жыл.

Назарбаеванын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев "QazaqGaz" улуттук компаниясынын жетекчисинин кызматынан 15-январда алынды. Былтыр сентябрь айында "Азаттыктын" казак кызматы анын өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бирине кантип айланганын иликтеп чыккан.

Январь окуяларынан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовдун орун басарларынын бири, Назарбаевдин маркум иниси Сатыбалдынын дагы бир уулу Самат Абиш да кызматынан кол жууган. Ар кандай маалымат айтылганы менен ага эч кандай айып тагылган эмес.

Кызматтан кол жууган эрке күйөө балдар

Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү, миллиардер Тимур Кулибаев дa "Ата-Мекен" улуттук ишкерлер палатасынын төрагалыгынан кеткенин жарыялады. Ал “Kazenergy” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы катары “Газпромдун” директорлор кеңешине кирген.

Динара Назарбаева жана Тимур Кулибаев.
Динара Назарбаева жана Тимур Кулибаев.

"Азаттыктын" казак кызматы буга чейин Кулибаевдердин Британия, Германия, Испания, Швейцария жана Чехиядагы кымбат баалуу үй мүлкүн иликтеп чыккан. Америкалык "Форбс" басылмасы Кулибаевдердин байлыгын 5,6 миллиард долларга баалаган.

Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири бул байлыкты кайдан, кантип тапканы тууралуу үн катпай келет.

Элбашынын кичүү кызы Алиянын күйөөсү Димаш Досанов да "КазТрансОйл" мунай компаниясынын башкы директорунун кызматынан кетти. 40 жаштагы Димаш Алия Назарбаевага үйлөнгөндөн көп өтпөй, 2016-жылы жогорудагы кызматка дайындалган.

Димаш Досанов.
Димаш Досанов.

Президент Касым-Жомарт Токаев 11-январда Мажилистеги сөзүндө биринчи жолу Назарбаевди сындап, "элбашынын аркасы менен өлкөдө өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлден алып караганда да ашынган байлардын катмары пайда болгонун" айткан.

Ал эми Нурсултан Назарбаев Январь окуясынан бери эки ирет гана кайрылуу менен чыгып, өзүн "ыйгарым укуктарынын баарын тапшырып берген пенсионермин" деп атаган.

Казакстанды 30 жылдай башкарган Нурсултан Назарбаевдин бийлиги тушунда анын жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлктөрүн “күмөндүү каражаттарга” сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылышкан. Бирок, Казакстанда эң бай үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимиси суракка алынган эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG