Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Токаев “Нур Отан” партиясын “Аманат” деп өзгөртүүгө макул болду


“Нур Отан” партиясынын Алматыдагы кеңсеси соңку нааразылыктарда талкаланды.
“Нур Отан” партиясынын Алматыдагы кеңсеси соңку нааразылыктарда талкаланды.

1-мартта Казакстандын парламентинин мажлисинин төрагасы Ерлан Кошанов өлкөнүн башкаруучу “Нур Отан” партиясынын аталышын “Аманат” деп өзгөртүүнү сунуштады. Ал мындай сунушун партиянын курултайында айтып, анын себебин аталыш биринчи президенттин ысымы менен ассоциация болуп жатканы менен түшүндүрдү. Курултайга журналисттер киргизилген жок.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев партиянын атын өзгөртүү сунушун колдоду. Ал бул боюнча талкууларга өзү да катышканын жашырбай, бир нече сунуштар каралганын моюнуна алды.

“Жыйынтыгында “Аманат” деген аталышка токтолдук. Маанисин ата-бабалардын аманаты, табериги, кийинки муундарга осуяты катары кабылдасак болот. Аманат – бул мааниси терең, маданий жана тарыхый жактан символикасы бар түшүнүк”,- деди ал.

Токаев ошондой эле “биринчи президент Нурсултан Назарбаев түзгөн партия мамлекетти курууда маанилүү роль ойногонун” билдирди. Ошентсе да “партия жаңы чакырыктарга ылайык өзгөрбөсө, анын кесепети оор болорун” айтты. Сунуш партиянын курултайында жактырылды.

Башкаруучу партия 1999-жылы, ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен “Отан” деп түзүлгөн. 2006-жылы “Нур Отан” деп өзгөртүлгөн. Бул казакча “Отандын нуру”, кыргызча “Ата Мекендин нуру” дегенди түшүндүрөрү айтылганы менен оппозициялык күчтөр ал Назарбаевдин атына жалгашып өзгөргөнүн айтып келишет.

“Нур Отанды” СССР учурундагы Коммунисттик партия менен окшоштуруп келишкен. Оппозиция аны “бир адамдын керт башына сыйынган жана авторитардык партия” катары сыпаттайт.

2022-жылдын башына чейин Нурсултан Назарбаев өзү партиянын төрагасы болуп келген. Январдагы окуялардан кийин ал башка ыйгарым укуктары менен чогуу бул кызматты президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG