Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Беларуста турган Орусиянын аскерлери Киевди көздөй жөнөдү


Беларуста турган Орусиянын аскерлери.
Беларуста турган Орусиянын аскерлери.

Беларустун чек арасында турган 65 чакырымдык узундукка жайылган орус аскердик техникаларынын колоннасы Украинанын Киев шаарын көздөй жөнөдү. Бул эл аралык Maxar жеке менчик компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрүнөн белгилүү болду.

Колоннанын курамында чопкутталган техника, танк, артиллерия жана жүк ташуучу автоунаалар бар.

Мунун алдында расмий Вашингтон Орусия Украинанын борборуна чабуулдун экинчи толкунун баштай турганын билдирген. Америкалык сенатор Крис Мёрфи Конгресстин мүчөлөрү үчүн жабык брифингден кийин орусиялык аскерлер жакынкы күндөрү Киевди курчап, блокадага алууга даярданып жатканын “Твиттерге” жазды.

Орусиянын аскерлери 10-февралдан бери Беларуста биргелешкен машыгуу өткөрүп жаткан. Украин бийлиги өз аймагына бул жактан да ракета атылып жатканын билдирип келген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG