Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Коронавирус: Кыргызстанга кирүүдө жаңыланган эрежелер иштей баштады


Кыргызстанда 1-марттан тарта өлкөгө кирүүнүн жаңыланган эрежелери иштей баштады.

Коронавирус инфекциясына каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, сырттан келген адамда COVID-19га каршы вакцина алгандыгын тастыктаган документ (кагаз же санарип форматта) болушу керек. Эмделбегендер акыркы 72 сааттын тапшырылган ПЧР анализдин жыйынтыгын көрсөтүшү шарт.

Бул эрежелер 12 жашка чейинки балдарга тиешелүү эмес.

Белгилүү себептерден улам ПЧР анализдин жыйынтыгы тууралуу сертификатынын мөөнөтү өтүп кеткендер экспресс-тест тапшырууга милдеттүү.

Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 500дөн ашты. Бул оорудан 3000дей адам көз жумду.

Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, эки доза менен толук эмделгендер 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден көбүрөөк кишиге сайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG