Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Зеленский: Орусия сүйлөшүү маалында басым көрсөтүүгө аракеттенүүдө


Украинанын президенти Владимир Зеленский, 27-февраль 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, 27-февраль 2022-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский 28-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы тууралуу оюн билдирди. Ал бул cүйлөшүүлөр Украинанын аймактарын бомбалоо, шаарларын аткылоо менен коштолгонун айтты.

“Аткылоолор сүйлөшүү процесси менен жарыша болуп жатканы көрүнүп турду. Мен Орусия мындай амалкөй эмес ыкма менен басым көрсөтүүгө аракеттенүүдө деп эсептейм. Убактыңарды, тактикаңарды коротпогула, мындайды кабыл албайбыз. Бир тарап экинчисине так сүйлөшүүлөр өтүп жаткан маалда реактивдүү артиллерия менен сокку урбаган учурда гана адилет сүйлөшүүлөр өтөт», - деди Зеленский.

Ал украин тарап сүйлөшүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгын талдап чыккандан кийин экинчи айлампанын жол-жобосун аныктай турганын кошумчалады.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү дүйшөмбү күнү беларус-украин чек ара аймагында өттү. Орусиялык делегацияны жетектеп келген президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айткан. Ал тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, аны беларус-поляк чек арасында өткөрүү тууралуу макулдашканын белгилеген.

24-февралда Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын кол салуусунан 350дөн ашык жайкын тургундар, алардын ичинде жаш балдар каза тапканын билдирип жатышат. Москва жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урганын мойнуна ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG