Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Орусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады


Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсү. 28-февраль, 2022-жыл.
Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсү. 28-февраль, 2022-жыл.

Беларус-украин чек ара аймагында өткөн Украина менен Орусиянын делегацияларынын 28-февралдагы сүйлөшүүсү жыйынтыкталды.

Орусиялык делегацияны жетектеп келген президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айтты. Ал тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, аны беларус-поляк чек арасында өткөрүү тууралуу макулдашканын кошумчалады.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Украинанын аймагында ок атууну токтотуу үчүн тараптар айрым чечимдерди такташканын, калганын өз жетекчилери менен такташуу үчүн артка кайтып жатышканын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын ырастаган.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG