Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

Украинанын Харьков шаары авиациялык бомбалоого кабылды


Украинанын Харьков шаары.
Украинанын Харьков шаары.

28-февралда Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко кабарлап, бул күнкү чабуулдан ондогон адам каза болгонун, жүздөгөнү жаракат алганын айтты.

Геращенко “Фейсбуктагы” баракчасында жазгандай, орус аскерлери шаарды "Град" реактивдүү системасы менен аткылашууда. Анын видеолору интернетте тарап жатат.

Conflict Intelligence Team (CIT) иликтөөчүлөр тобу Орусиянын орус куралдуу күчтөрү Харьковго таштап, жарылбай калган бомбалардын сүрөтүн чыгарып, орус куралдуу күчтөру ушундай эле бомбаларды Чеченстандагы жана Сириядагы согуштарда колдонушканын жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинкилери азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG