Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Орусиянын БУУдагы 12 дипломаты персона нон-грата деп жарыяланды


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйыны, Нью-Йорк, 27-февраль 2022-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйыны, Нью-Йорк, 27-февраль 2022-жыл.

Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы 12 дипломаты персона нон-грата деп жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын бул уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя 28-февралда билдирди.

Ал мындай чечимди АКШ кабыл алганын, Нью-Йорктогу дипломаттар 7-мартка чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек экенин айтты.

Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлдөрү түшүндүргөндөй, орус дипломаттары өз милдеттерине жана жоопкерчилигине кирбеген иш-аракеттер менен алек болгону үчүн өлкөдөн чыгарылып жатат.

Дипломаттарга байланыштуу соңку чечим Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинага согуш ачканын айыптап, Москвага санкцияларды жарыялап жаткан маалда кабыл алынды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге жасалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG