Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Түркия орус аскердик кемелеринин Кара деңизге өтүшүн чектейт


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 28-февралда билдирүү таратты.

"Биз Монтрё конвенциясы тарабынан өлкөбүзгө берилген ыйгарым укуктарды колдонуу чечимин кабыл алдык"- деди Эрдоган.

Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-февралда Орусиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан бери биринчи жолу кырдаалды "согуш" деп атаган.

Башкы дипломат Түркия бардык орусиялык кемелердин өтүшүнө бөгөт коё албасын, анткени эл аралык келишимге ылайык, эгер кеме чыккан өлкөсүнө кайтып келаткан болсо, буга бөгөт коюу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Ал эми Рейтер агенттиги, "НАТОго мүчө Анкара буга чейин окуяларды өтө этияттык менен байкап, батыштык өнөктөштөрүнүн алдындагы милдеттенмелери жана Москва менен тыгыз байланыштын ортосунда тең салмактуулукту сактап келген" деп жазган.

Буга чейин Киев расмий Анкараны орус кемелеринин Кара деңиздеги Украинанын жээктерине өтүшүнө жол бербөө үчүн Босфор жана Дарданелл кысыктарындагы кыймылына бөгөт коюуга чакырган. Буга 8-февралда Орусиянын Коргоо министрлигинин алты согуштук кемеси Босфор кысыгынан Кара деңизге өтүшү себеп болгон.

Түркиянын эки өлкө менен болгон соодасынын жалпы көлөмү былтыр 40 миллиард доллардан ашса, Түркияга кирген чет элдик туристтердин төрттөн бири Орусия жана Украинадан барган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG