Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Комитет акыйкатчы кызматына дагы үч кишинин талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети акыйкатчылыка Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов, Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин жактырды.

Турсунбек Акундун талапкерлигин "Ынтымак" фракциясы, Маматурайым Момунов менен Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин "Ыйман Нуру" фракциясы көрсөткөн.

"Ыйман Нуру" андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, жарандык активист Атыр Абдрахматованын дагы талапкерлигин сунуштаган.

22-февралда аталган комитет акыйкатчылыкка Абдрахматованын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушу менен жактырган.

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG