Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Ошто көрүстөнгө тиешелүү жер мамлекетке кайтарылды


Ош шаарынын мэриясы. Иллюстрация.
Ош шаарынын мэриясы. Иллюстрация.

Ошто жеке адамдарга өтүп кеткен көрүстөнгө таандык үч гектар жер мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Арыпбек Айтбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы Кайырма тилкесиндеги көрүстөнгө тиешелүү 12 гектар жердин үч гектарын жеке адамдарга берүү боюнча мэриянын токтому чыккан. Айтбаев быйыл 10-февралдагы сессияда жерди кайтарып алууну мэриянын тиешелүү өкүлдөрүнөн сураган. Анын негизинде комиссия түзүлүп, жер мэриянын балансына өткөрүлгөн.

Маалыматты мэриядан тастыкташып, үч гектар жерге байланышкан маселе 2017-жылы мамлекеттик каттоо кызматындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам жаралганын билдиришти.

Жерди алган жарандар турак жай курууга да үлгүргөн. Учурда мэрия эки үйдүн ээси менен соттошууда. (ArN)

XS
SM
MD
LG