Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы 21-июнда жанданат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-июндан тарта Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди.

Каттам шейшемби күндөрү China Southern Airlines компаниясы тарабынан аткарылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданарын билдирген. Мекеме тараткан маалыматта бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатканы айтылат.

Коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылы мартта China Southern Airlines компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы туруктуу авиакаттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткон эле. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG