Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Тоолуу Карабак: армян оппозициясынын талабы


Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.
Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.

Арменияда талаштуу Тоолуу Карабакка байланыштуу нааразылык акцияларынын өтүп жатканына 1,5 айдан ашты. Митингчилер премьер-министр Никол Пашинянды аталган аймак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки ири жаңжалды баштан кечирген Армения менен Азербайжан быйыл апрелден тартып Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөрүн баштаган.

Үзгүлтүксүз уланган митингдер

Апрелдин ортосунан бери уланып жаткан нааразылык акциялары ушул жумадан баштап жаңы формага өттү. Анын уюштуруучулары ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялады.

Алар өздөрү барган мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин сыртка чыгып, Тоолуу Карабак боюнча позициясын айтууну талап кылып жатышат. Аптанын алгачкы күндөрү алар өкмөттүн бир нече корпусуна, министрликтерге жана окуу жайларга жүрүш жасашып, полиция менен кагылышты.

Еревандагы митингдер. 31-май, 2022-жыл.
Еревандагы митингдер. 31-май, 2022-жыл.

Митингчилер өздөрү Тоолуу Карабак Азербайжандын курамына кирбеши керектигин жана өз алдынча республика болушу керектигин талап кылып жатышат. Алар Карабакты эски аталышы менен Арцах деп аташууда.

Акцияларды уюштуруп жаткан парламенттеги оппозициялык “Айастан” фракциясынын депутаты Ишхан Сагателян соңку билдирүүлөрүндө буларды айтты:

“Армениянын ар бир аткаминери бул маселе боюнча өзүнүн ачык позициясын айтышы керек. Армения Арцахтын өзүн-өзү аныктоого болгон укугун толук колдойт, Арцах эч качан Азербайжандын курамында болбойт, Армения Республикасы менен Арцах Республикасынын ортосунда жол салынышы керек жана Армения Арцахтын коопсуздугу үчүн кепилдик алышы шарт. Делимитация жана демаркация боюнча жумуштар Армениянын аймагынан Азербайжандын аскерлери чыгарылгандан кийин гана жүрүшү керек”, - деди парламенттин вице-спикери Сагателян.

Армениядагы нааразылык акциялары апрелдин аягында башталды. Майдын башынан тартып акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылышкан. Андан бери президенттик сарайды, өкмөттүн, министрликтердин жана парламенттин имараттарын бөгөттөшкөн.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин тутанды. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Акциянын уюштуруучулары кабарлашкандай, ушул убакка чейин кеминде 2 миңдей адам кармалды. Алардын бир бөлүгү кайра бошотулса, көбү убактылуу кармоочу жайларда жатат.

Еревандагы митингдер. 28-май, 2022-жыл.
Еревандагы митингдер. 28-май, 2022-жыл.

Парламенттеги билдирүүлөрүндө Никол Пашинян айыптоолордун бардык пункттары боюнча жооп берген. Ал сүйлөшүү процессинин ийгиликсиз болуп калганына Армениянын үчүнчү президенти Серж Саргсянды күнөөлөп, анын натыйжасы согушка алып келгенин айтты. Пашинян өзүн кызматтан кетирүүгө аракет жасап жаткандар анын бийликке келүү жолун туурагысы келип жатканын, бирок ал ишке ашпай турганын белгилеген.

Акциялардын фонундагы сүйлөшүү

Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Армения аталган аймактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин маалымдаса, Азербайжан тарап тескерисинче Армения тарапты күнөөлөгөн. Нейтралдуу аймакты кайтарып жаткан орус аскерлери Азербайжан тараптан аткылоого кабылганын билдирген.

Апрелдин башында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишелдин ортомчулугу аркасында Брюсселде жолугушкан. Анда алар Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкө ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Алиев менен Пашинян 22-майда Брюсселде кайрадан жолугушуп, кеп болгон комиссиянын ишине старт беришкен. Андан бери ар кайсы деңгээлде жолугушуулар өттү. Бирок сүйлөшүүлөрдүн деталдары митингдердин фонунда бир топ талаш-тартыштарды жаратууда.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев бул теманы комментарийлеп жатып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Минск тобунун иши аягына чыкканын, Тоолуу Карабак жаңжалы чечилгенин билдирди:

Илхам Алиев
Илхам Алиев

“Минск тобу боюнча пикиримди мен буга чейин айткам. Азыр жаңжалдан кийинки мезгил. Биз азыр күн тартибин аныктаган мезгилде жашап жатабыз. Согуштан кийин 1,5 жыл ичинде каалаган нерсебизге жеттик. Мен Армения менен чек арабызды тактап алалы деп айткам. Армения андан 1,5 жыл баш тартып келди. Жыйынтыгы эмне болду? 24-майда азербайжан-армян чек арасында комиссиялардын биринчи отуруму өттү. Бул өтө чоң мааниге ээ”, - деди Алиев “АзерТАдж” мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде.

Илхам Алиев өз сөзүндө Тоолуу Карабакка эч кандай макам берилбей турганын, ал жер Азербайжандын аймагы экенин айтты. Ал эгер Армения бул аймакка байланыштуу кандайдыр бир талап койсо, анда алар Ереванга Батыш Зангезур жери тууралуу талап коюшарын эскертти.

Азербайжандын Нахичеван деп аталган аймагы Армениянын экинчи тарабында, иш жүзүндө анклав катары турат. Зангезур так ошого кесип өтчү жол. Алиев Пашиянын менен соңку сүйлөшүүлөрдө Зангезурлдан коридор ачуу маселеси да каралганын айтты. Бирок аны Армениянын өкмөтү четке какты.

Бул жөнүндө премьер-министр Никол Пашинян өзү да билдирүүлөрүндө Армениянын аймагында Азербайжанга тиешелүү анклавдар жок экенин белгилеп, тескерисинче алардын анклавы коңшулардын аймагында бар экенин билдирди. Ал сүйлөшүүлөрдүн өзөгү тууралуу жалпы буларды билдирди:

Никол Пашинян
Никол Пашинян

“Азербайжан Тоолуу Карабак жаңжалы чечилди деп эсептейт, Армения антип эсептебейт. Биз азыр маселени чечүү жолун Арцахтын бийлиги менен да талкуулап жатабыз, тактикалык жүрүштөрдү ошонун жүрүшүндө аныктайбыз. Бул жерде суроолор көп, аны оппозиция да айтып жатат”, - деди ал.

Жаңжалдын төркүнү

Армения менен Азербайжандын кеп болуп жаткан аймакка байланыштуу талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен армян тектүү тургундар жашаган Тоолуу Карабак автономдук облусу Армян ССРнин колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган, 1991-жылдын сентябрында болсо өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Республикасы” деп жарыялаган.

Ортодо чыккан согуштан улам 1988-1994-жылдары 30 миңдей адам өлгөн. Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этникалык азербайжандар качкын болгон же жер которгон.

“Тоолуу Карабак Республикасын” расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бир да өлкө, анын ичинде Армения да тааныган эмес. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, кайрадан катуу кагылышкан. Мында Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана символикалуу деп саналган Шуша шаарын кайтарып алган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 11-январь, 2020-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 11-январь, 2020-жыл.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Быйыл июндун башында Путин Пашинян менен да, Алиев менен Тоолуу Карабактын маселеси боюнча телефондон сүйлөштү.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникалардан турары маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG