Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Армян туткундары мина картасына алмашылды


Азербайжан. Мина коюлган талаалардагы издөө иштери.

Азербайжан 15 армян туткунун миналар катылган тилкелердин картасына алмашты. Муну Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрликтери ырастады.

Расмий Баку буга чейин былтыр күздө кайтарылган жер тилкелери миналанганын айтып, анын картасын талап кылып келген. Ал эми Ереван болсо армян туткундарын бошотууну талап кылган. Буга Орусия ортомчулук кылганы айтылды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, армян туткундарын бошотуу демилгесин Орусия тарап көтөргөн.

Ок атышуу токтогондон бери жети азери жоокери жана он сегиз жайкын тургун минага жарылып каза болсо, жүзгө чукул киши жаракат алганы кабарланды.

Макулдашууга ылайык, Ереван Бакуга былтыр күздө бошотулган Тоолуу Карабак аймагына караштуу Физулин жана Зангелан райондорундагы миналар катылган шахталардын картасын берүүгө тийиш.

Еревандык саясат талдоочу Ричард Гирагосиан туткундарды мина картасына алмашууну азери тараптын Москва аркылуу чечкен чечими катары анчейин кубаттаган жок:

“Албетте, бул көпчүлүк үчүн жана тынчтык орнотуу жараянынын катышуучуларына "күтүүсүз белек" болуп калды. Бирок бул иш жүзүндө андай эмес. Баку Армениянын мина карталарын алууну көптөн берип талап кылып келди. Анан бул маселе Пашиняндын айланасында чечилбестиги анык болгон соң, бири-бирине төп келбеген эки башка маселени айкалыштырып, Орусия аркылуу анын ортомчулугу менен чечилди”, - дейт Ричард Гирагосиан.

Азербайжан тараптын билдирүүсүндө “гумандуулук иретинде Азербайжан Арменияга 15 армян туткунун берди” деп белгиленген. Аскер туткундары кайтып барганда Ереван болсо алар бардыгы түндүк Ширак провинциясынан экенин атап, аты-жөндөрүн ачык жарыялады. Армян өкмөтү Бакуга “кайрымдуулук иретинде миналардын картасы берилгенин” баса белгиледи.

Азери парламенттинин депутаты Асим Моллазаде бул маселеде Баку эч кимден суранган жок дейт.

“Бул жерде Азербайжан суранган жери жок. Пашинян өзү Орусиядан ортомчулук кылууну өтүнүп, анан анын мындай чечимге келишине Франция менен Америка Кошмо Штаттары өбөлгө түзгөндөй. Азербайжан ар дайым ачык саясат жүргүзүп келген. Армения болсо тескерисинче, Орусиянын артына жашынып алып, ар кандай чагым жасаганы белгилүү”, - деди Асим Моллазаде.

Армения менен Азербайжан быйыл июнь айынын башында эле 15 армян туткунун башка бир Актам районундагы мина талаасынын картасына алмашуу боюнча мына ушундай эле макулдашууга барышкан. Анда бул алмашунун тарыжмалы эки тарапты анчейин кайым айтыштырган эмес.

Бул жолку алмашуу жараяны азери-армян мамилеси кайрадан курчуган учурга туш келди. Азербайжан аскерин былтыр макулдашылган чек ара сызыгына алып келгенин айтса, Армения Бакуну былтыр бекитилген тынчтык макулдашуусун бузду деп айыптоодо.

Былтыр декабрда бекитилген макулдашуу боюнча Баку 44 армян туткунун бошотсо, Ереван 12 азери туткунун коё берген.

Бирок былтыр күздөгү алты жумалык согуштан кийин болгон анча чоң эмес чыр-чатакта Азербайжан кайра алтымышка чукул армян аскерин туткундаган.

Азыркы учурда Азербайжан жалпысынан канча армян туткунун кармап турганы белгисиз.

Баку согуштан кийин кармалгандарды аскер туткуну деп тааныбайт. Мына ошого байланыштуу аларга аскер туткундары катары макамын аныктаган эл аралык конвенциянын күчү дагы жайылтылбайт.

Ошондуктан алардын айрымдары террорчулук сыяктуу оор кылмыш иштерине айыпталып, сот жообуна тартылып жатканы белгилүү.

Былтыр күзүндө 44 күндүк согуштун натыйжасында Азербайжан 30 жыл мурун Армения колдогон армян жикчилдери ээлеп алган Тоолуу Карабак автоном аймагынын бир топ жерлерин кайра кайтарып алган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG