Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Бурана мунарасынан кыз кулап, каза болду


Бурана мунарасы. Архив сүрөт.
Бурана мунарасы. Архив сүрөт.

Токмоктогу тарыхый жай болгон Бурана мунарасынан кыз кулап, каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон кыз 25 жашта болгон. Учурда бул факты реестрге катталып, териштирүү жүрүп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, кыз жалгыз келген жана мунарага чыккан учурда жанында эч ким болгон эмес.

Бурана мунарасы X-XI кылымдарда курулган. 2014-жылы ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастары тизмесине кирген. Мунара мамлекет тарабынан корголот. Тарыхый жайга өлкө ичинен жана чет өлкөдөн эс алуучулар көп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG