Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

“Камбар-Ата-1” курулуучу жердин инфраструктурасы эки жылда түзүлөт


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токтогул районундагы “Камбар-Ата-1гидроэлектрстанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн сайты жазды.

Маалыматка ылайык, анда энергетика министри Доскул Бекмурзаев эки жыл аралыгында ири курулуш башталуучу жерге жаңы жол, көпүрө, имараттар сыяктуу инфратүзүмдү жакшыртуу иштери жасаларын билдирди. ГЭСтин гидроагрегатын төрт жылдан кийин ишке киргизүү пландаштырылып жатат.

30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу келишимге кол койгон. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Кийин Орусия "РусГидро" компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат.

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG