Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Элчи Кыргызстандагы Гүлендин тарапкерлерине Түркияга кирүүгө тыюу салынарын айтты


Ахмет Садык Доган.
Ахмет Садык Доган.

Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган 31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деген аталышта өткөн семинарда сүйлөп жатып, Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан.

Анын сөзүнө ылайык, Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп табылат, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөт. "ФЕТОну" колдогон айрым адамдарга (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) Түркияга кирүүгө тыюу салынары айтылат.

Элчи Ахмет Садык Доган Түркия Фетхуллах Гүлендин кыймылы деп эсептеген Кыргызстандагы мекеме, уюмдарды тизмектеген. Алар “Сапат”, ERA EDUCATION, “Жаш ишкерлер ассоциациясы”, “Элим барсыңбы?”, “Ыйык Ата-Журт” фонддору жана “Дил Азык” басылма үйү, Maral FM радиосу. Элчи “Ала Тоо” жогорку окуу жайын дагы аталган уюмга таандык деп эсептейт.

Жогорудагы уюмдар элчинин пикирине жооп кайтара элек.

Буга чейин активист Гүлжигит Исаков 31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деген аталышта өткөн семинар боюнча Тышкы иштер министрлигине университетке чара көрүү боюнча кайрылган. Исаков Кыргызстанда мындай тыюу салынган террордук уюм жок экенин, университет билим берүү ишинен четтеп, Түркия бийлигинин саясатын Кыргызстанга таңуулап жатканын айтууда.

Исаков Тышкы иштер министрлиги университетте өткөн иш-чарага реакция кылбаса, башка органдарга кайрыла турганын белгиледи.

Университеттин Фейсбуктагы расмий баракчасындагы маалыматка караганда, 31-майда өткөн “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” семинарын Түркиянын Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин колдоосу менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурган. Ага Түркиянын ИИМнин өкүлдөрү катышкан.

Өткөн айда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Анда бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскерткен. Мындан улам расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырган.

Кыргыз бийлиги буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик “АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан.

АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар деген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карабай Түркия Гүленди "террордук уюмдун лидери" деп атап, аны мекенине экстрадициялоо талабын коюп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG