Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Активист “Манас” университетинде өткөн семинарга байланыштуу ТИМге кайрылды


 Кыргыз-Түрк “Манас” университети.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети.

Активист Гүлжигит Исаков 31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деген аталышта өткөн семинар боюнча Тышкы иштер министрлигине университетке чара көрүү боюнча кайрылды.

Исаков Кыргызстанда мындай тыюу салынган террордук уюм жок экенин, университет билим берүү ишинен четтеп, Түркия бийлигинин саясатын Кыргызстанга таңуулап жатканын айтты:

“Түркия менен Кыргызстандын өкмөт аралык келишиминин негизинде “Манас” деген университет ачылган. Булар билим берүү мекемеси болуудан чыгып, дүйнө жүзү террордук уюм деп тааныбаган уюмга жалаа жаап жатышат. Университет бизге билим берүүнүн ордуна жалаасын таңуулап жатат. Бул дипломатияга каршы келген, ички ишибизге кийлигишкен көрүнүш. Кыргызстанда “Сапаттын” он миңдеген окуучусу бар. Анын ичинде мен дагы бармын. Мен өзүмдү эч кандай кыймылга таандык деп эсептебейм”.

Исаков Тышкы иштер министрлиги университетте өткөн иш-чарага реакция кылбаса башка органдарга кайрыла турганын белгиледи.

Университеттин "Фейсбуктагы" расмий баракчасындагы маалыматка караганда, 31-майда өткөн “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” семинарын Түркиянын Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин колдоосу менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурган. Ага Түркиянын ИИМ өкүлдөрү катышкан.

Өткөн айда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемелерине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Анда бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскерткен. Мындан улам расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырган.

Кыргыз бийлиги буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик “АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан.

АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар деген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Гүленди "террордук уюмдун лидери" атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2022-жылы боло турган жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга ушул айда келери айтылууда. (МТа)

XS
SM
MD
LG