Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Садыр Жапаров бала тарбиялоодогу ата-эненин жоопкерчилигин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет башчысы Садыр Жапаров ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселени козгоп, баланын адам болуп чыгуусу үчүн татыктуу тарбия берүү керектигин айтты.

Президент мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн аларын белгилеп, баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду чоң экенин кошумчалады.

“Ата-энелерге балдарына туура таалим-тарбия берүүнү эч качан кечиктирбеш керектигин эскертер элем. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен нарк-насилдери менен балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, мына бүгүн, азыр алдын ала ойлонуп, алардын адам болуп чыгуусуна татыктуу тарбия беришибиз абзел”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы балдарга кам көрүү маселеси мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелерин белгиледи.

Кыргызстандын 6,7 миллион калкынын 2,5 миллионун 18 жашка чейинки курактагы балдар түзөт. Майыптыгы бар балдардын расмий саны 30 миңдин тегерегинде, бирок укук коргоочулар бул көрсөткүч кыйла жогору экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG