Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Северодонецкинин басымдуу бөлүгү орустардын көзөмөлүнө өттү


Украин жоокери Донецк облусунда. 31-май, 2022-жыл.
Украин жоокери Донецк облусунда. 31-май, 2022-жыл.

Украинанын чыгышындагы салгылашуу күч алганы кабарланууда. Луганск облусунун аскердик жетекчиси орус аскерлери Северодонецк шаарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлгө алганын билдирди.

“Орустар чабуул коюп, Северодонецкиде позициясын бекемдөөдө, инфраструктураны, өнөр жай объектилерин талкалоонуу улантышууда”, - деп жазды Сергей Гайдай 1-июнда Телеграм-каналына.

Британ Коргоо министрлиги ушул эле күнү чалгынчылардын маалыматына шилтеме берүү менен “шаардын жарымынан көбүн орус күчтөрү, анын ичинде чечен согушкерлери басып алды көрүнөт”, - деп маалымдады.

Гайдай орус аскерлери Северодонецкидеги химиялык заводдо сакталып турган азот кислотасынын цистернасына тийгенин айтып, жергиликтүү тургундарды үйүнөн кетүүгө чакырды.

Ал эми Луганскидеги орусиячыл жикчилдер цистернаны украин аскерлери жардырганын айтууда.

Согуш аракеттеринин шартында маалыматты текшерип, чындыкты тез аныктоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр Херсон шаарынын жанында ийгиликке жеткенин, Харьков облусунун айрым жерлеринде алга жылып жатканын билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, АКШ президенти Жо Байден Киевге эң алдыңкы ракета системасы берилерин жарыялагандан кийин Орусия Москванын четинде өзөктүк күчтөрдүн машыгуусун баштаганы тууралуу маалымат чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG