Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Байден Украинага заманбап ракета системасы берилерин билдирди


Президент Жо Байден. Архивдик сүрөт
Президент Жо Байден. Архивдик сүрөт

АКШ президенти Жо Байден Украинаны алдынкы ракета системалары менен камсыздоо макулдашылганын билдирди. Президент The New York Times гезитинде жарык көргөн баяндамада: “...агрессиядан коргонууга кудуреттүү, демократиялык, көз карандысыз, суверендүү жана бакубат Украинаны көрүүнү каалайбыз. Ошондуктан украиндерге заманбап ракета системалары менен курал-жарак беребиз деп чечтим. Алардын жардамы менен согуш майданындагы буталарды таамай ата алышат”, - деп жазды.

Муну менен бирге америкалык лидер ал курал менен чек аранын сыртындгы буталарга сокку урулбайт деген шарт коюлганын белгиледи.

Байден Орусиянын баскынчылыгына дипломатиялык жол менен чекит коюуга болорун, бирок сүйлөшүүлөр үстөлүндө украин тараптын артыкчылыгы болушу үчүн АКШ курал-жабдуу менен камсыздоого тийиш экенин кошумчалады.

Вашингтон администрациясынын расмий өкүлү кабарчыларга билдиргендей, Кошмо Штаттар Himars деген артиллериялык ракета системасын жөнөтүүгө көндү. Алар ушу тапта Украинада колдонулуп келаткан гаубицалардан алысыраак учат.

Эксперттер сөз болгон система Донбасста кармашып жаткан украин армиясы үчүн өтө маанилүү деп айтышат.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин Киевди орус аймагына жете алган курал менен камсыздоо жаңжалды ого бетер курчутарын эскерткен.

Орусия басып киргенден бери АКШ Украинага 4 миллиард долларга аскердик жардам берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG