Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Балдар күнүнө карата Бишкекте "Наристе" фольклордук фестивалы башталды


"Наристе" фольклордук фестивалынын катышуучулары. 1-июнь, 2022-жыл
"Наристе" фольклордук фестивалынын катышуучулары. 1-июнь, 2022-жыл

Бүгүн 1-июнда Бишкекте балдардын экинчи эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы башталып, иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты.

8-июнга чейин мерчемделген фестивалга Орусиянын Алтай, Тыва республикаларынан, Казакстандан, Монголиядан келген өкүлдөр, Кыргызстандын жети облусунан балдар фольклордук топтору катышат.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү жана башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу. Түрдүү мастер-класстар, ачык асман алдындагы сабактар уюштурулуп, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, конференциялар, көргөзмөлөр өтөт.

"Наристе" эл аралык фестивалы быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат. Алгач 2018-жылы өткөн. Ага алты өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

Фольклордук фестивалдан сырткары бүгүнкү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир катар иш-чараларды уюштурууда.

Кыргызстандын 6,7 миллион калкынын 2,5 миллионун 18 жашка чейинки курактагы балдар түзөт. (MZh)

XS
SM
MD
LG