Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Сот Алексей Ширшовдун үй камактагы мөөнөтүн эки айга узартты


“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун үй камагындагы мөөнөтүн эки айга – 26-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка” билдирди.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Сот аны 26-майга чейин үй камагына чыгарган.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган.

30-майда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттиги менен болгон маегинде өлкөдөгү төрт ири ишкана эмне себептен Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлгөнүн түшүндүрүп, “Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматты алып жатамбы, демек, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек” -деп билдирген.

10-майда УКМК “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

"Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен Алексей Ширшовдун байланышы аныкталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG