Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Германияда беш тажик жараны экстремисттик уюмга мүчөлүк үчүн кесилди


Германиянын полициясы. Иллюстрациялк сүрөт
Германиянын полициясы. Иллюстрациялк сүрөт

Германияда Тажикстандын беш жараны “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна мүчө болгону үчүн абакка кесилди. Соттун өкүмү 31-майда Дюсселдорф шаарында чыкты. Ага ылайык, бешөө үч жылдан тогуз жарым жылга чейин эркинен ажыратылганын “Озоди” радиосу жазды. Соттолгондордун жана адвокаттарынын пикири жөнүндө маалымдалган жок.

Тергөөчүлөр тажик жарандар 2017-жылы Стокгольмдо терактты, 2020-жылы Венада 4 кишини өлтүрүүнү уюштурган топ менен байланышта болгон деп эсептешет.

Сотто алар “экстремисттик идеялардын таасири астында” террордук уюмдун атынан кол салууга касам ичкени айтылды.

Буга чейин соттолгондордун биринин атасы уулу Германиядан Дүйшөмбүгө машинелердин тетиктерин салып, ишкердик менен алектенгенин айтып берген.

Тажикстандын расмий органдары билдиргендей, 2013-жылдан бери 2 миңден көп жаран “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулуу үчүн Сирия жана Иракка жөнөгөн. Жүздөгөн адам каза тапкан жана жарадар болгон, айрымдары кайтып келген. Өз ыктыяры менен кайткандар мунапыска туш болуп, башкалары узак мөөнөткө түрмөгө кесилген.

Соңку учурда ал экстремисттик уюмдун жоочулары Ооганстандын Тажикстан менен чектеш айрым жерлеринде активдешкени тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG