Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Алмазбек Атамбаевге "Июнь окуясы" боюнча айып коюлду


Алмазбек Атамбаев сот залында.
Алмазбек Атамбаев сот залында.

Башкы прокуратура "Июнь окуясы" боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып койду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев “Азаттыкка” маалымдады.

“Жактоочу Сергей Слесарев аркылуу айыптоо жөнүндө кабар угузулган экен. Айып Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча коюлган. Биз позициябызды кийин кенен билдиребиз”, - деди жактоочу.

Жоошев бул оор берене экенин, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенин кошумчалады.

Башкы көзөмөл орган бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин "Июнь окуясы" боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып коюлган. Алар муну саясий басым катары баалашкан.

24-майда Башкы прокуратура экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсүнүн үй-мүлкүн “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин алкагында тактап жатканы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка "Июнь окуясындагы" материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG