Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Милиция Раиса Атамбаеванын арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты


Раиса Атамбаева.
Раиса Атамбаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева 30-майда Кой-Таш айылында белгисиз адамдар үйдүн сырткы эшиктин кулпусун бузуп киргенин айтып, милицияга арыз жазган. Бул тууралуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция үйдүн мамлекеттин мүлкү экени аныкталып, тийиштүү органдар ал жерде мыйзамдуу иш-чараларын өткөрүп жаткан деп билдирди. Ошондой эле кылмыштын курамы жок деген себеп менен иш козголгон эмес.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү соттун үй-мүлктү конфискациялоо тууралуу чечимине каршы доо арыз берүүгө даярданып жатаканын кабарлашкан. Ага чейин Атамбаевдин тарапташтары анын үйүн социалдык жай уюштуруу демилгесинен кийин бийлик мүлктү алууга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан.

30-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мыйзам чегинде мамлекетке өткөнүн маалымдап, имаратты үч күндүн ичинде бошотуусун эскерткен. Мүлк фонду Министрлер кабинетинин буйругу менен ал имаратка карыларды дарылоо комплекси болорун билдирди.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG