Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Чолпон-Атадагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу комплекс ачылды


Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.
Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.

1-июнда Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси ишке берилди. Бул жайдын ачылышына президент Садыр Жапаров да катышты.

Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар.

Комплекс бир мезгилде 400 баланы энелери менен кабыл алууга ылайыкташкан. Ошондой эле мекемеде медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алпарат.

“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери борбордун курулушу аяктабай турган.

Өткөн жылы 15-октябрда аны ишке киргизүү максатында уюштурулган кайрымдуулук марафону өткөн. Ага катышкан президент Садыр Жапаров курулушун аяктоону жана пайдаланууга берүүнү тапшырганын, 1-июнга карата ачуу пландалып жатканын айткан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG