Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Тажик чек ара бекетине куралдуу топ кол салды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Тажикстандын Өзбекстан менен жакын аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салуу болду. Анда бир тажик чек арачы менен бир милиция кызматкери ажал тапты.

Тажик бийлиги куралдуу кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобу уюштурганын жарыялады жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдады. "Азаттыктын" тажик кызматы өз булактарына таянып, жоочулардын арасында бир аял бар экенин жазды. Бирок расмий органдар бул маалыматты ырастай элек.

Аталган террордук топ тажик-өзбек чек арасында куралдуу кол салуу уюштурганын бышыктай элек.

Тажик атайын кызматынын билдиришинче, кандуу окуя 6-ноябрда таңга маал, саат 3төн өткөндө болгон.

Хатлон облусуна караштуу Рудаки районундагы "Султонобад" чек ара отрядына караштуу "Ишкобод" бекетине 20 адамдан турган куралдуу топ кол салган. Алар 3-ноябрда Ооганстандын Калъаи Зол аймагынан ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз, түн жамынып өтүп келишкени аныкталган.

Чек ара кызматы "Ишкобод" чек ара бекетине "Ислам мамлекети" террордук топтун мүчөлөрү кол салды деп расмий билдирди. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдөн кара кийим кийген, кызыл ала канга боёлуп жерде жаткан бир канча кишини, өрттөнүп кеткен машиналарды көрүүгө болот. Тажикстандын Ички иштер министрлиги жоочулар төрт автоунаа менен келгенин маалымдады.

Кандуу окуя болгон чек ара бекети Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында жайгашкан жана Дүйшөмбү шаарынын батышынан ары көздөй 60 чакырым алыс.


"Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы Тохир Сафаровдун айтымында, бийлик өкүлдөрү жоочулар деген адамдардын тек-жайы тууралуу маалымат бере элек. Ошондой эле ажал тапкан милиция кызматкери менен чек арачы тууралуу дагы азырынча эч кандай маалымат жок.

- Тажикстандын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы алгачкы учкай расмий билдирүүсүнөн кийин бир нече саат өткөндөн кийин дагы маалымат таратты. Анда колго түшкөндөрдү суракка алган учурда алардын баары "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү экени аныкталды деп билдирди. Бизде өлтүрүлгөн, колго түшкөн адамдардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар деген маалымат бар. Бирок муну бийлик бышыктай элек. Азырынча куралдуу топтун канчасы тажик жарандары, канчасы башка мамлекеттин өкүлдөрү экени белгисиз. Окуянын чоо-жайы тууралуу расмий маалымат берилип, божомолдор дагы айтыла элек. Бирок мунун алдында Ооганстандагы соңку окуялардан улам ооган-тажик чек арасына жакын аймактарда чет өлкөлүк, тажикстандык жоочулар топтолуп калганы, алар Тажикстанга, андан ары Борбор Азия мамлекеттерине өтүп барып, аймакта туруксуздук жаратышы ыктымал деген чочулоо, кооптонуу айтылып жаткан.

Тохир Сафаров "Азаттыктын" тажик кызматы кол салуу тууралуу дагы башка булактардан маалымат алууга аракет жасап жатканын белгиледи. Кандуу окуяга байланыштуу коомчулукту түйшөлткөн жообу жок суроолор көп экенин айтты:

- Азыр 20 адамдан турган жоон топ чек арадан кантип өтүп келгени, Дүйшөмбү шаарына чейин дээрлик жакындаганы, чек ара бекетине кол салып, курал-жарактарын тартып алганы, атышууга байланыштуу суроолор көп. Биз ушул тушта кол салууну өз алдынча иликтей баштадык.


Ушул тушта Рудаки районундагы Ляур жамаатын көздөй кеткен жол жарым-жартылай жабык турат. Күч органдарынын кызматкерлери ары-бери каттаган адамдарды, алардын машиналарын тыкыр текшергенден кийин гана өткөрүүдө.

Ляур жамаатына бараткан "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчыларын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өткөрбөй койду жана окуя болгон жерге жалпыга маалымдоо каражаттары жакын дагы жолотулбасын айтышты.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя болгон жерге аскердик техника менен кошумча күч жөнөтүлдү. "РИА Новости" маалымат агенттиги Өзбекстандын чек ара кызматына шилтеме кылып, эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү бул окуяга байланыштуу тыгыз кызматташып жатканын жазды.

Окуядан кийин Дүйшөмбү шаарында жана анын жака-белиндеги райондордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Негизги коомдук жайларды күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатышат. Өткөрмө бекеттерде айрыкча айнеги караңгылатылган автоунаалар текшериле баштады.

Тажикстанда 6-ноябрда Конституция күнү белгиленет жана расмий майрам болуп эсептелет. Ушул тушта өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон Европада расмий сапар менен жүрөт. Президент жана анын аппараты кандуу окуяга байланыштуу үн ката элек жана Рахмон чет өлкөдөгү сапарын токтотуп өз өлкөсүнө чукул кайтып келген жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG