Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:22

«Сириядагы согушка барганыма өкүнөм...»


Диас Рахметов.

Жыл башында "Жусан" операциясынын алкагында Сириядан кайтарылган казакстандык Диас Рахметов быйыл май айында тогуз жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал Караганда облусундагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Сирияга жол

Темиртау шаарынын тургуну, 26 жаштагы Диас Рахметов Сирияга 2015-жылы кеткен. Ага чейин юридикалык коллежди аяктап, дипломаттын окуусун окуп жаткан.

Диастын айтымында, ислам динине 17 жашынан тартып кызыга баштаган.

Интернеттен маалыматтарды издеп, диний темадагы видеолорду көрүп, сабактарды уккан. Бир нече жыл мурда Жакынкы Чыгышта халифат курууну көздөгөн ИМ тобунун идеологдору даярдаган видеотасмаларды көрүп, кызыгуусу күчөгөн. Натыйжада окуусун таштап, бир тууган агасы экөө атайын адамдардын жардамы менен Кыргызстан аркылуу Түркияга, андан Сирияга өтүп кеткен.

- Мага окшоп ошол тасмадагы чакырыктарга азгырылып кеткендерди эрки бош адамдар деп айтаар элем. Анын үстүнө тасмада "халифат үчүн күрөшүү ыкмасы жакпай калса, кайра үйүнө кетсе болот" деп айтылган. Иш жүзүндө андай эмес эле. "Кетем" дегендерди камап же өлтүрүп коюшчу. Барар замат эле мени аскердик-машыгуу лагерине жиберишти, ал жакта тыным алчу эмеспиз. Ар кандай сөздөргө башы айланып, жанкечтиликке баргандар болду. Көнбөгөндөрдү кыйнап өлтүрүшчү.

Диастын айтымында, Сирияга аны менен чогуу барган бир тууганын да "буйрукту аткарбаганы үчүн" өлтүрүп коюшкан.

Күрт кошуундарына туткунга түшкөн ИМ тобунун өкүлдөрү.
Күрт кошуундарына туткунга түшкөн ИМ тобунун өкүлдөрү.

Туткун, мекенге кайтуу жана абак

Диас Рахметов Сирияда эч кимди өлтүрбөгөнүн айтып келет. Анын сөзүнө караганда, Диас аскердик-машыгуу лагеринде гана курал кармаган, согуштук операцияга жөнөй турган күнү бомбалоого туш болуп, жараат алган.

Ага карата Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизадан кийин анын жарадар болгону тастыкталган.

- Жараат алгандан кийин чоочун жерде өлгүм келбей калды. ИМ уюмунун идеологиясынан көңүлүм калды. Эптеп Түркияга чыгуунун жолун издей баштадым. Эгер Казакстанга кайтсам, камаларымды билгем. Көптөр кеткиси келчү, бирок бул үчүн атайын "жолчулар" керек эле. Алар деле сатып коюушу толук мүмкүн болчу.

Мага ишеничтүү адамдардын жардамы менен эптеп ИМ көзөмөлдөгөн аймактын чек арасынан чыгып кеттим да, 2018-жылы майда күрт кошуунунан турган аскерлердин туткунга түштүм. Ал жакта сегиз ай кармалып турган соң мени Казакстанга өткөрүп беришти. Соттолорумду билгем, бирок ал жакта деле тирүү калбайт элем.

Диас Рахметов Казакстанга быйыл январда жеткирилген. Аны менен кошо алты эркекке жана бир аялга террордук беренелер боюнча иш козголгон.

Май айында Караганданын соту Рахметовду "террордук топтун курамындагы ишмердүүлүгү", "террордук кылууга азгыруу" жана "Казакстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү" беренелери боюнча айыптап, тогуз жылга кескен.

Сот өкүмүндө Рахметов "жихад согушун" жүргүзүүнү көздөп, радикалдык уюмдун катарында болгон, "жоочулардын аракетин колдогон", Сириядагы жана Ирактагы согушка "Казакстандан адамдарды азгырган" деп жазылган.

Өкүмдө белгиленгендей, Рахметов азгырган айрым адамдар аныкталып, кармалган. Ошондой эле анын Сириядагы ишмердүүлүгү АКШнын чалгын кызматынын жардамы менен далилденгени айтылган. Рахметов соттон өзүнүн туткунда жүргөн күндөрүн да жаза өтөө күндөрүнө кошо эсептөөнү өтүнгөн, бирок сот макул болгон эмес.

Рахметов абактагы жашоосун Сириядагы көргөн күнүнө караганда кыйла жакшы деп эсептейт. Ал эми өзүн жакшы алып жүрүп, үлгүлүү жүрүм-туруму менен мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгууну көксөйт. Андан кийин Темиртауда тил үйрөтүүчү курс ачуу максаты бар. Диас Сирияда жүргөндө араб, түрк тилдерин үйрөнгөн.

Карабастагы түрмө. Караганды облусу, Казакстан.
Карабастагы түрмө. Караганды облусу, Казакстан.

Карабастагы түрмөдө Сирияга барып келгени үчүн айыпталган дагы бир нече адам кармалып турат.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери ал жакка өлкөдөн 800 чамалуу адам кеткенин кабарлаган. "Жусан" операциясынын негизинде ал жактан 516 казакстандык кайтарылган, көпчүлүгү балдар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG