Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:54

«Жихадчылардын» тагдыры таразада


Сириянын «Ал-Хол» лагеринин аймагы. 3-июнь, 2019-жыл.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет Сирия менен Иракта кармалып турган чет өлкөлүктөр боюнча үн катты. Ал «Ислам мамлекети» террордук тобунун мурдагы согушкерлеринин миңдеген жакындары мекенине кайтарылышы керек экенин айтты.

Мишел Бачелет Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 24-июнда Женевада башталган жыйынында Жакынкы Чыгыштагы чет өлкөлүк жоочулардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, «Ислам мамлекети» террордук тобунун чөлкөмдөгү очогу талкалангандан кийин Сирия менен Иракта баш-аягы 55 миңден ашуун чет өлкөлүк согушкер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кармалган.

Алардын басымдуу бөлүгүн сириялыктар менен ирактыктар түзсө, дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинен келген адамдардын саны да аз эмес.

Мисалы, Сириянын түндүк-чыгышындагы «Ал-Хол» лагеринде эле чет өлкөлүк согушкерлердин 11 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрү - балдары менен аялдары - кармалып турат.

Мишел Бачелет.
Мишел Бачелет.

Бачелет чет өлкөлүк согушкерлердин жакындары мекенине кайтарылышы керек экенин айтты.

«Чет өлкөлүк согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү эл аралык стандарттарга ылайык жоопко тартылбаса, мекенине кайтарылышы керек. Өзгөчө балдардын укуктары одоно бузулуп жатат. Алардын арасында зомбулук аракеттерди ишке ашыруу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобунун азгырыгына алдангандары да бар», - деди Бачелет.

ЮНИСЕФтин эсебине ылайык, Сирияда чет өлкөлүк согушкерлердин балдарынын жалпы саны 29 миңдин тегерегинде. Алардын басымдуу бөлүгүн 12 жашка толо элек жеткинчектер түзөт.

Колго түшкөн чет өлкөлүктөрдүн маселеси Сириянын түндүк тарабын көзөмөлдөгөн күрт күчтөрүн да ойлондуруп келет. Быйыл жазында «Ислам мамлекети» тобунун Сириядагы акыркы таянычы болуп саналган Багхуз аймагы бошотулган соң күрт күчтөрү дүйнө өлкөлөрүн миңдеген согушкерлерди алып кетүүгө жана алардын күнөөсүн аныкташ үчүн эл аралык трибунал түзүүгө чакырган.

Бирок Европанын бир катар мамлекеттери жоочулардын катарына кошулуп кеткен жарандарын Жакынкы Чыгыштан алып кетүүнү анча каалабай турушат. Мисалы, Британия мындай адамдардын айрымдарын жарандыктан ажыраткан.

Сириянын «Ал-Хол» лагери. 1-апрель, 2019-жыл.
Сириянын «Ал-Хол» лагери. 1-апрель, 2019-жыл.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет дүйнө өлкөлөрүн согушкерлерди жарандыктан ажыратуу практикасынан карманууга чакырып, мамлекети жок адамдардын катары калыңдаганы туура эмес экенин белгиледи.

Ал Иракта жетишсиз сот иштеринин натыйжасында 150дөн ашык чет өлкөлүк эркек жана аялдар өлүм жазасына кесилгенин эске салып, мурдагы согушкерлер калыс соттун негизинде жазага тартылышы зарыл экенин айтты.

«Калыс сот аркылуу жоопко тартуу практикасы коомчулукту келечекте радикалдашуудан жана зомбулуктан коргойт. Адамгерчиликке жатпаган кармоо жана ырайымсыз жазага тартуу менен коштолгон адилетсиз сот иштери таарынычты жана өч алуу сезимин гана күчөтөт», - деп билдирди Бачелет.

«Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын жана Ирактын айрым чөлкөмдөрүн басып алып, «халифат» түзгөнүн жарыялагандан кийин дүйнөнүн булуң-бурчунан түмөндөгөн адамдар, алардын ичинде 850дөй кыргызстандык бул топко кошулуп кеткен.

Сириядагы күрт күчтөрү өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда жихадчыларды камакка алып, алардын аялдары менен балдарын «Ал-Хол» сыяктуу лагерлерде кармап турат. «Human Rights Watch» (HRW) уюмунун өкүлдөрү мындай лагерлерде кыргыз жарандары да бар экенин ырасташкан.

Сириядан Ташкентке жеткирилген өзбек жарандары. 30-май, 2019-жыл.
Сириядан Ташкентке жеткирилген өзбек жарандары. 30-май, 2019-жыл.

Казакстан баш-аягы 350дөн ашуун жаранын Жакынкы Чыгыштан алып келди. Акыркы жолу 28-31-май аралыгында өткөн «Жусан» гуманитардык операциясынын алкагында Сириядагы согуш аймактарынан казакстандык 171 жаш бала жана 67 аял мекенине кайтарылган.

30-майда Өзбекстан да Сириядагы согушкерлер тобуна кошулуп кеткен 156 жаранын кайтарып келген. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар экени кабарланган.

Тажикстан май айынын башында Ирактан 84 баланы Дүйшөмбү шаарына жеткирген.

Кыргызстан да Ирактагы кыргызстандыктардын дайын-дарегин аныктоо ишин аяктап, кайтаруу маселеси талкууланып жатканын билдиргени менен азырынча аларды алып келе элек.

Кыргыз жарандарынын Сириянын расмий бийлигинин көзөмөлүнө кирбеген аймактарда кармалып жатканы аларды мекенине кайтаруу аракетине кедергисин тийгизип жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги июнь айынын башында «Азаттыкка» билдирген.

Буга чейин жакындары Сириядагы диний-экстремисттик топторго кошулуп кеткен айрым кыргызстандыктар ал өлкөдө жүргөн кыз-келиндерин жана неберелерин кайтарганга жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилерине кайрылышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG