Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Тажик бийлиги Ирактан балдарды алып келди


Ирактан кайтарылган тажикстандык балдар. 30-апрель, 2019-жыл.
Ирактан кайтарылган тажикстандык балдар. 30-апрель, 2019-жыл.

Тажик бийлиги Ирактан 84 баланы алып келди. Алардын аталары террордук топко кошулуп, согуш талаасында өлгөн же дайынсыз жоголушкан. Ал эми энелери Багдад түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Биз үчүн бактылуу күн"

30-апрелдин түнүндө баш калаа Дүйшөмбүнүн аэропортуна балдардын чоң ата-чоң энелери, жакын туугандары чогулушту.

Хатлон облусунун тургуну Асолатмох Тиллоева бир эмес, эки небересин - алты жаштагы Абубакр менен үч жашар Фотиманы тосуп алуу үчүн келген.

Көзүнө жаш алган эне кызы менен күйөө баласы неберелерин алып 2014-жылы Орусияга кеткенин, андан бери кабарсыз болгонун айтты. Ал кызы кантип Иракка барып калганын дале түшүнө албайт. Баарына күйө баласы күнөөлүү деп эсептейт. Тиллоева жарым жыл мурда гана кызы Иракта өмүр бою эркинен ажыратылганын билген.

"Кабарды уккандан бери жанымды коерго жер таппайм. Кызымдын тагдыры тууралуу Улуттар Уюму жөнөткөн каттан билдим. Азыр неберелеримди алып келүүгө жардам берген бардык адамдарга алкыш айткым келет. Бүгүн биз үчүн бактылуу күн болду".

Ирактын Fly Erbil авиакомпаниясына таандык учак менен алып келинген балдарды Тажикстандын Кувейт менен Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода коштоп келди.

Балдарды медайымдар тосуп алышты. 30-апрель, 2019-жыл.
Балдарды медайымдар тосуп алышты. 30-апрель, 2019-жыл.

Тажик бийлиги тараткан расмий билдирүүдө тажик балдарын Ирактан кайтарууга Казакстандын өкмөтү көмөктөшкөнү жазылат. Расмий Нур-Султан бул маселе боюнча бир топ убакыттан бери Ирактын Тышкы иштер министрлиги, эл аралык уюмдар, анын ичинде Улуттар Уюмунун балдар кору - ЮНИСЕФ менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Быйыл жыл башында казак бийлиги "Жусан" деген атайын операциянын алкагында Сириядан элүүдөй жаранын алып келген. Алардын отуз чактысы балдар.

43 аялдын 15и балдарын беришкен эмес

Тажикстандык балдардын бардыгы аэропорттон түз эле Варзоб капчыгайындагы «Харангон» санаторийине жеткириле турганы маалым болду.

Балдар акыйкатчысы Ражабмо Хабибуллозода «Азаттык” радиосунун тажик кызматына курган маегинде санаторийде балдардын саламаттыгын жана психикалык абалын калыбына келтирүүгө жакшы шарттар каралганын айтты:

"Албетте балдарды туугандары асырап алса болот. Эгер туугандары табылбаса, анда мамлекет аларды өз кароосуна алат. Балдар коомго аралашып, татыктуу билим алышы үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт", - деди Хабибуллозода.

Расмий маалыматтарга караганда, 2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына 2000дей тажикстандык кошулуп кеткен. Алардын жарымынан көбү аялдар жана балдар. Ушул күнгө чейин кеткендердин 300дөйү курман болгону маалым.

Багдад соту террордук топко кошулган жоочулардын аялдарынын көбүн узак мөөнөткө түрмөгө кесип, айрымдарын өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан.

Тажикстандын Ирактагы жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзоданын айтымында, соттолгон 43 аялдын 15и балдарын тажик өкмөтүнө берүүдөн баш тарткан. Ал балдардын тагдыры эмне болгону белгисиз.

Ирак абактарында кыргызстандыктар да бар

Былтыр жазында Иракта "радикалдык "Ислам мамлекети" уюмуна тиешеси бар" деген кине менен орусиялык, азербайжандык жана кыргызстандык аялдар өлүм жазасына кесилгени кабарланган.

Орусиянын “Интерфакс" агенттиги Ирактын телеканалдарына таянуу менен Багдад соту азербайжандык үч аялды жана кыргызстандык бир аялды өлүм жазасына өкүм кылганын жазган. Ирактын бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тараткан эмес. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматты тактоо аракеттери майнапсыз болгон.

Быйыл жыл башында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун экенин кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алардын арасында 140ка жакыны аялдар. Көбү балдарын ээрчите кеткен жана ошол жактан балалуу болгондор да бар. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 жаран мерт болгону айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG