Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Сирия: «халифаттан» кийинки жашоо


"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" жоокерлери Багхуз айылынын четинде, 17-февраль 2019-жыл."
"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" жоокерлери Багхуз айылынын четинде, 17-февраль 2019-жыл."

"Сириянын демократиялык күчтөрү" "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону бошотулганы менен согушкерлерге каршы күрөш улана берерин билдирди. Ал эми жихадчылардын аялдары менен балдарынын келечек тагдыры күрт күчтөрүнүн башын оорутуп турган чак.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун Сириядагы акыркы таянычы үчүн аёосуз кармаш болгонун Багхуз кыштагындагы бүгүнкү абал күбөлөп турат. Өрттөнгөн автоунааларды, кыйраган турак жайларды, туш-келди чачылган жууркан-төшөктөрдү, атүгүл адамдын сөөгүн кыштактын көчөлөрүнөн көрүүгө болот.

Басымдуу бөлүгүн күрт жоокерлери түзгөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" бир нече айдан бери Багхуздагы "жихадчылар" менен кармашып келип, акыры өткөн ишемби күнү жеңиш камсыз кылынганын жарыялады.

Бирок күрт күчтөрү жана аларга колдоо көрсөткөн АКШ согушкерлерге каршы күрөш токтобой турганын билдирди:

- "Ислам мамлекети" тобун толук жок кылуу үчүн дале болсо көп иш жасашыбыз керек. Өнөктүк аяктай элек экенин ачык айтып жатабыз. "ИМ" тобу чөлкөмгө, АКШга жана биздин өнөктөштөргө коркунуч жарата берет, - деп билдирди ишембидеги расмий иш-чарага катышкан АКШ баштаган коалициянын чабарманы Уиллям Ройбак.

Багхуздан качып чыккан согушкерлер Ирак чек арасына жакын жерде, 2019-жылдын январь айы.
Багхуздан качып чыккан согушкерлер Ирак чек арасына жакын жерде, 2019-жылдын январь айы.

Жихадчылар Сириядагы акыркы таянычынан ажыраганы расмий жарыялангандан бир күн өткөндөн кийин ондогон согушкерлер Багхуздагы жертөлөлөрдөн чыгып, күрт күчтөрүнө багынып беришти.

Сириянын түштүк-чыгыш тарабында, Ирак менен чек арага жакын аймакта жайгашкан бул кыштактан согушкерлер чыгып, атайын даярдалган автоунаага отуруп жатканына "Франц-пресс" агенттигинин аймактагы журналисттери күбө болушкан.

"Жихадчыларды" кандай тагдыр күтөт?

Дүйнө өлкөлөрү "Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы акыркы аймагынан ажыраганын кубанычтуу жаңылык катары кабыл алышты. Бирок күрт күчтөрү кыштакта дале согушкерлер жашырынып жатышы мүмкүндүгүн билдирип, аларды да, колго түшкөндөрүн да бир күнү жарылуучу бомбага салыштырууда.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" маалыматы боюнча бир нече айга созулган кармаштын натыйжасында январь айынан бери эле Багхуздан 66 миң адам качып чыккан. Алардын арасында 5 миңдей согушкер жана алардын 24 миңге чукул жубайлары жана балдары бар. Чет өлкөлүктөр баш-аягы 54 мамлекеттин жарандары.

Сириядагы күрт күчтөрү өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда жихадчыларды камакка алып, алардын аялдары жана балдарын "Ал-Хол" сыяктуу лагерлерде кармап турат. Бирок лагерде бош орун эбак эле калбай калган.

- "Ал-Холдо" "Ислам мамлекети" тобуна мүчө болгон 9371 чет өлкөлүк бар. Алардын 6600дөн ашыгы балдар, 2780и аялдар. Бул өткөн аптадагы гана маалыматтар, азырынча жаңыланган саны белгисиз, - деди Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт бийлигинин басма сөз өкүлү Лукман Ахми.

Багынып берген согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү. 14-март, 2019-жыл.
Багынып берген согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү. 14-март, 2019-жыл.

Мындан улам күрт күчтөрү чет өлкөлүктөрдү лагерде узак убакытка кармоого же аларды сот жообуна тартууга чамасы жетпей турганын билдирип, дүйнө өлкөлөрүн өз жарандарын алып кетүүгө чакырууда. Бирок көпчүлүк мамлекеттер азырынча анчейин дилгирлигин көрсөтүшө элек.

Январь айынын башында Казакстан Сириядан 40тан ашык жаранын учак менен алып кеткен. Аны улай Сирияда күрт лагериндеги кыргызстандык келиндер мекенине алып кетүүнү "Вотсап" аркылуу өтүнүшкөн. Февраль айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сирия менен Ирактан кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча Кувейттеги, Түркиядагы элчиликтердин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин шериктеш байланыштары менен иш алып барып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

«Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын жана Ирактын айрым чөлкөмдөрүн басып алып, «халифат» түзгөнүн жарыялаган. Дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген адамдар, алардын ичинде 850дөй кыргызстандык бул топко кошулуп кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG